Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:24

Грузин президенти Орусияны Түштүк Осетия менен Абхазиядан чыгып кетүүгө чакырды


Саломе Зурабишвили
Саломе Зурабишвили

Орусия 2008-жылдан бери Москва башкарып келаткан Абхазия менен Түштүк Осетияны Грузияга кайтарышы керектигин грузин президенти Саломе Зурабишвили Bloomberg агенттигине курган маегинде билдирди.

"Орусия бүтүндөй согушта болбосо да, дээрлик бардык салгылашууларда жеңилди. Согушту токтотуу жаатындагы сүйлөшүүдө грузин маселелери да камтылышы керек. Орусия чек арасы кайсы жерде экенин билүүгө тийиш", - деди ал.

Грузин президенти Батыш коомчулугун Украина менен тынчтык келишимин түзүүнүн шарттарынын бири катары орус президенти Владимир Путинден өз аскерлерин Абхазия менен Түштүк Осетиядан чыгарып кетүүнү талап кылууга чакырды.

Түштүк Осетия жана Абхазия мурда Грузия ССРинин курамына кирген. Өткөн кылымдын 90-жылдары бул эки аймак эгемендүүлүгүн жарыялашкан, бирок Тбилиси аны тааныган эмес. 2008-жылы Грузия менен болгон “беш күндүк согуштан” кийин Орусия өз аскерлерин Абхазия менен Түштүк Осетиянын аймактарына жайгаштырып, аларды эгемен деп тааныган. Бул аймактардын көз карандысыздыгын Орусиядан тышкары Венесуэла, Науру, Никарагуа жана Сирия сыяктуу өлкөлөр гана тааныйт. Грузия бул аймактарды Орусия басып алган деп эсептейт.

Тбилиси менен Москванын ортосунда дипломатиялык алака-катыш жок. Грузия Украинадагы согушта Киевди колдойт, бирок Батыш өлкөлөрү Орусияга киргизген санкцияларга кошула элек.

XS
SM
MD
LG