Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:20

Украин армиясы Орусияга эмнеге кирип барды?


Украинанын 24-механизацияланган бригадасынын аскери. Часов Яр шаарынын аймагы.
Украинанын 24-механизацияланган бригадасынын аскери. Часов Яр шаарынын аймагы.

Аскерлери, курал-жабдыгы жетишсиз, чарчап-чаалыккан украин аскерлери фронт тилкесинин үч жеринде орус армиясынын чабуулдарына араң туруштук берип жатат. Ошого карабай, эмне себептен азыр, украин күчтөрү Орусиянын аймагына кирип барышты?

Украин күчтөрү кеңири масштабдагы согуш башталганы Орусиянын аймагына бир нече жолу кирип барган: чалгын кызматтары жашыруун операцияларды жүргүзүп; учкучсуз аппараттар чек арадан жүздөгөн чакырым алыс аэродромдорду бутага алып, ар кандай куралдуу кыймылдар чек аралаш аймактарга кол салып келген.

Бул жолу такыр башкача

Жүздөгөн формачан украиналык аскерлер, брондолгон техниканын жана башка оор чопкутталган машинелердин колдоосу менен бул аптада Сумы шаарынан түндүгүрөөк жайгашкан, Орусиянын түндүгүндөгү Курск облусуна кирип барышты.

Жергиликтүү орусиялык аткаминерлердин, кремлчил аскердик блогерлердин жана башка булактардын маалыматына ылайык, 9-августта украин армиясы 600 чарчы чакырымдай аймакты жана жыйырмадай калктуу конушту басып алды.

2022-жылдын февралында Орусия Украинага кеңири масштабдуу согуш ачканы жасалган эң ири бастырып кирүү украин армиясы 1100 чакырымдай фронт тилкесинин кеминде үч жеринде орус күчтөрүнүн чабуулуна болушунча туруштук берип жатканда жасалды.

Орусиянын армиясы Донбасстагы эң ири автомагистралга жакындап калды. Аны өз карамагына алса, украин армиясын курал-жабдык жана тамак-аш менен камсыздоо жагы коркунучка кептелет.

“Жалпысынан кырдаал украин күчтөрү үчүн анчейин эмес. Орусия үчүн эң негизгиси украин куралдуу күчтөрүн бөлүп-жарып, аларды акырындап өз алдынча жок кылуу. Бул кыйла жеңилирээк”, - дейт украиналык аскердик эксперт, мурдагы чалгын офицери Иван Ступак.

Брэдли брондолгон техникасы. Торецк, Украина.
Брэдли брондолгон техникасы. Торецк, Украина.

УКРАИНА ҮЧҮН ЖАМАН КАБАР

Аскердик эксперттердин жана аналитиктердин эсебинде Покровскидеги логистикалык борбордун түштүк-чыгышында кырдаал анча жакшы эмес. Бул жактагы үстөмдүк апрель айында эле Орусия тарапка оогон. Москванын күчтөрү украин аскерлерин ротациялоо маалында Очеретино айылын ээлеп алышкан.

6-августта орус армиясы Воздвиженка айылына жетишкени кабарланган.

“Покровск багытында кырдаал абдан оор”, - деди мурдагы коргоо министри жетектеген “Коргонуу стратегияларынын борбору” деп аталган аналитикалык борбор.

Покровскиден чыгышка жана түндүк-чыгыштагы Константиновкага N23 же T-0504 деген аталыштагы кан жол кетет. Константиновка украин армиясын курал-жабдык жана тамак-аш менен камсыздоодо негизги түйүн катары саналат. Орус армиясы дал ушул кан жолду өз карамагына алууга ашыгууда. Ок-дарыларды, жарадар жоокерлерди жана башка керектүү буюм-тайымдарды ташыган бул кан жолду алдыруу украин армиясына бир топ түйшүк жаратат.

“Бул согуш тилкесиндеги жалгыз жол эмес. Бирок бул эң түз алып бара турган жок. Башкалары асфальттанбаган жана ийри-буйру. Бул деген керектүү буюм-тайымдарын кечирээк жетишин айгинелейт. Аба ырайы өзгөрүп, күзгү нөшөр башталганы украиндердин легендарлуу баткагынан ал жактан эч нерсе өтө албай калат. Эгер жол жабылса [украиналык] аскерлер абдан эле кыйналат. Бул согуштун аягы эмес. Бирок бул жакшы эмес”.

УКРАИНАНЫН ЖООБУ

Эгер жакынкы күндөрдө жана жумаларда кырдаал кескин өзгөрүп кетпесе, Орусия кан жолду ээлеп, украин коргонуусун дагы алсыздандарып коюшу мүмкүн.

Балким, дал ушул себептен Украина Орусияга кирип барууну чечкен болушу мүмкүн.

“Курск облусуна чабуул көптөр, анын ичинде Орусиянын командачылыгы үчүн күтүүсүз болду”, -деп жазды Tatarigami деген ылакап аттуу украиналык аскердик серепчи.

Чабуул тууралуу алгачкы маалыматтар чыккандан кийинки үч күн украин бийлиги эч кандай расмий билдирүү жасабай, Орусия операциянын масштабын кыйла төмөндөтүп жатканын кыйытып келди.

8-августта Украинанын президенти Владимир Зеленский акыры үн катты.

“Украин армиясы таң калтыра аларын жана жыйынтык көрсөтө аларын баары көрүп турат”,-деди ал.

Ал эми Зеленскийдин башкы кеңешчиси Михаил Подоляк “Согуш деген согуш, өз эрежелери бар, агрессор сөз жок өз жемишин алууда”, - деп жазды Телеграм-каналына.

Анткен менен орус бийлиги, аскердик блогерлер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар ири масштабдагы бастырып кирүү болгонун билдирүүдө. Брондолгон техника жана танктар менен коштолгон аскерлердин чабуулу орус армиясынын коргонуусун жана аз сандагы чек арачыларды жырып өткөн.

Орусиянын аймагына кирген техниканын арасында АКШ жеткирген Stryker брондолгон машинеси бар. Мындан улам аналитиктер чабуул башында 22-украиналык механизацияланган бригада турат. Бул абдан тажрыйбалуу бөлүмдөрдүн бири.

Согушка байкоо салган Deep State долбоорунун спутниктен тартылган сүрөттөрүнөн айрым жерлерде украин армиясы чек арадан 90 чакырымга чейин жылганын көрүүгө болот.

Бул маалыматты орусиялык аскерлер дагы ырастап жатышат. Орусиялык жана украиналык аналитиктердин эсебинде 9-августка карата украин армиясы 500-600дөй чарчы чакырымдык аймакты ээлеп алды.

Сужа шаарына жасалган чабуулдун кесепети. 7-август, 2024-жыл.
Сужа шаарына жасалган чабуулдун кесепети. 7-август, 2024-жыл.

7-августта Орусиянын президенти Владимир Путин Коопузсуздук кеңешинин жыйынын чакырып, анда Курск облусуна жасалган чабуулду “масштабдуу чагым” деп атады.

Орус армиясынын башкы кол башчысы, генерал Валерий Герасимовдун пикиринде кол салган аскерлердин саны миңге чейин жетиши мүмкүн.

8-августта Курск облусундагы Сужа шаарынын тургундары Телеграмда кыжырданган видео таратышып, командирлери чабуулдун масштабы жөнүндө Путинге туура эмес маалымат жеткирип жатканын айтышты.

“Мына ушундай жалган маалыматтан адамдар өлүп жатат. Сизге кырдаал көзөмөлдө экенин айтышты. Бирок бүгүн райондо айыгышкан салгылаш уланууда”, - дейт аялдардын бири.

Операциянын максаты белгисиз. Аналитиктердин айтуусуна караганда, тактикалык жеңишке жетүү ыктымалдуулугу да аз. Тажрыбайлуу аскердик бөлүмдү фронт тилкесинен Курск облусуна жөнөтүү ар кандай суроолорду жаратууда.

Анткени украин командирлерине аскерлер жана техника жетишпейт. Дал ушул себептен улам Донбасттагы фронт тилкесинде орус армиясынын чабуулунун мизин кайтаруу оор болууда.

Украин армиясы бул чабуул тууралуу Кошмо Штаттарга да алдын ала эскерткен эмес.

Июнь айында, орус армиясы Харьковдун түндүк-чыгышында чабуулдарун күчөткөн маалда АКШ ага чейинки өз саясатын жумшартып, Киевге Орусиянын чек аралаш аймагына америкалык курал менен чабуул коюуга уруксат берген.

Вашингтон алдын ала эскертүү албаганына карабастан, Ак үй бул чабуулду оң эле кабыл алды.

“Бул биздин саясатыбызга каршы келбейт. Биз башынан эле Украинаны чек аранын ары жагынан жасалган чабуулдардан өзүн коргоо аракеттерин колдоп келгенбиз”, - деди 8-авгутта Пентагондун маалымат катчысы Сабрина Сингх.

КАНАЛ

Покровскиден 55 чакырымдай түндүк-чыгышка карай, Т-0504 кан жолунун аягында Константиновка шаары жайгашкан. Ал жактан түндүк-батыштагы Славянск жана Краматорск шаарларына темир жол кетет. Бул украин армиясынын ооруканалары, командалык пункттары жана башка маанилүү инфратүзүмдөрү жайгашкан ири шаарлар. Орусиянын армиясы Константиновканы басып алууну көздөп келет. Бирок анын алдында Часов Яр шаарын ээлеш керек. Ал жакта калааны экиге бөлгөн Северский Донец–Донбасс каналы бар.

Орусиялык күчтөр шаардын чыгыш бөлүгүн июнь айында ээлеп, табигый коргонуу тилкесине айланган каналды көздөй багыт алган. Соңку айларда орус аскерлеринин чакан топтору каналды кесип өтүп, калаанын батыш тарабындагы турумдарды ээлөө аракетин көрүшкөн.

“Орустар чакан топтор менен кол салууда. Алар адегенде жеңил транспорттук каражат менен жетип, бир нече адам болуп чабуул коюшат жана акырындан биздин балдардын турумдарына жетишет. Каналды кесип өтүп, шаардын башка бөлүгүндө жайгашканы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Андай болгон жок”, - деди “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна 24-механизацияланган бригаданын маалымат катчысы Андрей Полухин.

Украин армиясынын отставкадагы полковниги Сергей Грабскийдин айтымында чабуул коюп жаткан орус бөлүктөрү бир гана жөө аскерлерден туруп, танктар же артиллерия мнен коштолбойт.

“Украина үчүн бул чарчатуучу тактика, орустар дагы эле санынан артыкчылыкта. Канчага чейин мындай шартта уланары белгисиз”, - дейт ал.

НЬЮ-ЙОРК: ТОЗОК ШААР

Покровскинин чыгышында орус армиясы украин күчтөрүн Нью-Йоркту (аталышы АКШдагы шаарга окшош-ред.) көздөй сүрүп жатышат. 7-августта орусиялык аскердик блогерлер орус күчтөрү калаанын райондорунун бирине киришкенин кабарлашты.

Нью-Йорктогу орус күчтөрүнүн ийгиликтери Торецк шаарындагы украин армиясынын коргонуусуна басым жасап жатат. Ал жакта да орус аскерлери алдыга жылышууда.

Грабскийдин айтымында, Торецкти басып алуу Орусияга аймактын борбору Донецкини жана Горловка, Макеевка сыяктуу шаарларды камтыган аймакка көзөмөл орнотууга шарт түзөт. Торецкти алдыруу Константиновка шаарына да коркунуч жаратат.

УКРАИНАДАГЫ МОБИЛИЗАЦИЯ

Украин командирлери дуушар болгон эң чоң көйгөйлөрдүн бири адам ресурсунун жетишсиздиги.

Орусия өз армиясын жогору айлык жана жеңилдиктерди убада кылуу менен ыктыярчыларга толтуруп алган маалда, Украина мобилизация эрежелерин бекемдеген мыйзамды кабыл алууга ашыкпай турду.

Май айында мыйзам кабыл алынганы украиналык рекрутерлер адамдарды окутуу үчүн кабыл ала баштады. Айрым бөлүктөр жаңы кабыл алынган аскерлер менен толукталды. Анткен менен алардын көбү сентябрдын ортосунда гана даяр болору кабарланууда.

“Чынын айтсам, мен биздин балдар кантип өз турумдарын кармап жатканына таң калуудамын. Алар абдан чарчап-чаалыккан, адам жетишпейт, ок-дары таңкыс”, - деди Сергей Грабский.

Ал кошумчалагандай, армия жаңы чакырылгандар менен толукталса фронт тилкесин турукташтырууга шарт түзөт. Бирок азырынча контрчабуул уюштуруу мүмкүн эмес.

“Украин күчтөрү 2025-жылдын ортосуна чейин бир нерсе жасай аларынан күмөнүм бар”, - деди украиналык аскердик эксперт.

XS
SM
MD
LG