Макалада Орусиядагы каатчылыктан улам Кыргызстан менен Тажикстандын экономикасы кыйындап, саясий кырдаал курчуй баштаганы айтылат. Чөлкөмдөгү мамлекеттерге чукул убакытта экономиканы калыбына келтирүү боюнча реформаларды жүргүзүү сунушу берилген. Экономика тармагы боюнча адис Искендер Шаршеев бул багытта "Азаттыкка" маек курду.
"Азаттык": "Форбс" журналынын талдоочусу Аямер Окейсинин Борбор Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы экономикалык абал боюнча макаласын кандай баалайсыз?
Искендер Шаршеев: Мен бул айтылгандарга кошулам. Анткени, жакында эле Борбор Азия мамлекеттеринин эксперттери менен интернет аркылуу баарлашып, эл аралык конференция уюштурганбыз. Ошондо да абал оор экени айтылган. Көп учурда расмий маалыматтар менен чыныгы көрсөткүчтөр дал келбей калып жатат.
"Азаттык": Макалада саясий абалдын курчуп кетишине жол бербөө үчүн Кыргызстан жана Тажикстандын бийлиги экономикалык олуттуу реформаларды башташы керек деген ой жазылган. Бүгүнкү күндө кандай реформа зарыл?
Искендер Шаршеев: Жалпы Борбор Азияга токтолсок, көпчүлүк мамлекеттер керектүү реформаларды баштай элек. Ал эми баштагандары аягына чыкпады. Маселен, азыр Борбор Азия аймагында Кыргызстан менен Казакстанда салыктар салыштырмалуу аз, калган мамлекеттерде абдан жогору.
Орусиядагы экономикалык абалдын, күйүүчү майдын баасынын олку-солку болушунан ички дүң продукциянын көлөмү да азаюуда.
Кыргызстанда болсо социалдык түйшүктү азайтуу, мамлекеттик кызматкерлердин маянасын жогорулатып, бирок санын кыскартуу, бюджетти үнөмдүү пайдалануу, ишкерлерге шарт түзүү, тышкы карызды төлөөгө аракеттенүү сыяктуу реформалар керек болчу.
"Азаттык": Мындай реформаларды жүргүзүүгө эмне тоскоол болууда?
Искендер Шаршеев: Мамлекеттик кызматтагылардын аң-сезими, дүйнөлүк тажрыйба боюнча маалыматтарынын аздыгы жана жеке кызыкчылыктары жолтоо болуп жатат. Салыктарды жөнгө салуу үчүн социалдык түйшүктөрдү азайтуу керек да. Буга кошумча салык төлөө системасын жөнөкөйлөштүрүү зарыл.
Бизде азыр мамлекеттик кызматкерлер, партиялар эгер Социалдык фонддун иши жеке секторго тапшырылса, пенсия, жөлөкпул алган калктын катмары нааразы болуп, шайлоо учурунда добуш бербей коет деп коркушат. Ушул себептүү олуттуу реформаларга бара албай жатат деп ойлойм.