Грузиянын Ички иштер министрлиги Тбилисиде евроинтеграцияны жактап чыккан митингде 107 адам кармалганын билдирди. 29-ноябрда кечинде парламент имаратынын алдына жүздөгөн адамдар чогулган. Полиция аларга каршы суу жана көздөн жаш агызуучу каражат колдонгон. Айрым телеканалардын кызматкерлери сабалганы кабарланды.
"Эхо Кавказа" сайты акция түнү менен уланып, айрым митингчилер полиция тарапка фейерверк атып, парламент имаратындагы “Грузин кыялы” партиясынын кеңсесине чейин кирип барганын жазды.
Полиция нааразычылык акциясына чыккандарды парламент имаратынын жанынан сүрүп чыкты. Митингчилер электр чыгырык, таштанды челектерди тосмо катары пайдаланып, от жагышты. Таңга маал кармоолор башталды. Mtavari телеканалы күч кызматкерлери жерде жаткан жаш жигитти башка тээп жаткан видеону жарыялады.
ИИМ кармалгандарга “майда бейбаштык жана полицияга баш ийбөө” беренелери менен протокол толтурулганын билдирди. Нааразылык акциясында 10 полиция кызматкери жабыркаган. Митингчилердин арасында канча киши жаракат алганы айтылган жок.
Өткөн түндөгү митингде Тбилисиде 43 адам кармалып, 33ү ар кандай жаракат менен ооруканага түшкөн. Алардын 13ү митингчилер, 16сы полиция кызматкери жана төртөө маалымат каражаттарынын өкүлдөрү болгон.
Грузиядагы окуяларга байланыштуу 100дөн ашуун грузиялык дипломат соңку жагдай өлкөнүн Евробиримдикке мүчө болууга умтулган Конституциясын бузуп жатканын айтып, ачык катка кол коюшту.
"Сүйлөшүүлөрдү кечеңдетүү өлкөнүн изоляциясына алып келет" деп жазылган ал катта.
"Грузия Батыш өнөктөштөрүнүн колдоосу жок өзгөчө эл аралык жана коопсуздук чөйрөсүндө болуп жаткан процесстердин тушунда күчөгөн коркунучтар менен жалгыз калды", - деп билдирген дипломаттар.
29-ноябрда Тбилисиде парламент алдына нааразылык акциясына чыккандарды тартип коргоочулар күч менен кууп таркатып, жаш агызуучу газ, суу атмаларды колдонду. Ондогон кишилер кармалганы маалымдалды.
"Биз абдан ачууланып жатабыз. Каарданган эл бүгүн көчөгө чыкты. Бийлик биздин тарыхыбызга, акыркы 30 жылдагы, керек болсо соңку 100 жылдагы жетишкендерибиздин бардыгына чекит коюуну чечти. Алар бүгүн баарын жок кылышты. Бирок биз буга жол бербейбиз. Биз мындан ары үн катпай тура албайбыз. Бүгүн биз ким экенибизди, кайда барарыбызды чечишибиз керек", - деди акцияга чыккандардын бири журналисттерге.
Грузия Евробиримдиктин мүчөлүгүнө кирүү боюнча сүйлөшүүлөргө 2028-жылдын аягына чейин барбай турганын бейшембиде өлкөнүн премьер-министри Ираклий Кобахидзе билдирген. Өкмөттүн бул чечимине нааразы миңдеген киши баш калаага чогулган.
Маалыматка караганда, полициянын ыкчам күчтөрү демонстранттарга каршы желим ок колдонгон, чогулгандарды жана айрым журналисттерди сабаган.
Арасында окуяны жеринен чагылдырып жүргөн “Азаттыктын” грузин редакциясынын кабарчысы Давид Цагарели да болгон. Аны күч кызматкерлеринин бири түз эфир учурунда ичине урганда жыгылып кеткени камерага түшүп калган.
Акция маалында полициянын зомбулугуна кабылган журналисттер арасында "Формула" телеканалынын кызматкери Гурам Рогав да бар. Анын бет сөөгү жана моюну сынганы белгилүү болду.
Грузиянын Ички иштер министрлиги 43 киши кармалганын билдирди. Алар майда бейбаштык жана полицияга баш ийген жок деген негизде айыпталууда. Министрлик 32 кызматкери жабыркаганын, бирөө ооруканага жеткирилгенин кабарлады.
Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе митингге чыккандарды айыптап, алардын иш-аракеттеринен улам полиция кызматкерлери күч колдонгонун 29-ноябрда билдирди.
Кобахидзе 28-ноябрда өткөн "Грузин кыялы" партиясынын брифингинде Евробиримдикке интеграция "садага" катары каралышы Грузия үчүн "кабыл алынгыс" экенин айткан:
"Биз Евробиримдиктин мүчөлүгүнө кирүү боюнча сүйлөшүүлөргө 2028-жылдын аягына чейин барбай туруу чечимин кабыл алдык. Грузин өкмөтү бул убакытка чейин биримдиктен бюджеттик гранттарды алуудан да баш тартмакчы".
Кобахидзенин мындай билдирүүсүнөн кийин Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили дипломаттык корпустун мүчөлөрү менен чукул кеңешме өткөргөн.
"Бүгүн легитимсиз бийлик өз элине тарыхына, келечегине согуш жарыялады. Бул согуш биздин өлкөбүздүн келечегине каршы жарыяланды. Анткени бул жолдо грузин мамлекеттүүлүгүнөн, көз карандысыздыгынан, келечегинен Орусия жогору коюлду”, - деди ал.
Нааразылык акциясына президент Саломе Зурабишвили да катышканын Kartuli басылмасы жазды.
“Мен бул кишилерге тилектешмин. Каршылык көрсөтүү башталды жана жаңы шайлоо өткөнгө чейин токтобойт”, - деп айтты мамлекет башчы кабарчыларга.
Зурабишвили ОМОНго “Грузиянын суверенитетин коргоого тийиш” экенин айтып, “Орусияга кызмат өтөп жатасыңарбы?” деп сурады.
Евроинтеграцияны жактаган чакан митингдер Батуми, Гори, Кутаиси жана Зугдиди шаарларында да болду.
Еврошаркетке кошулууга умтулуп жаткан Грузия былтыр талапкер деген макам алган. Еврокеңеш быйыл октябрь айында Грузиянын Евробиримдикке кошулуу жараяны өлкөнү башкарып жаткан "Грузин кыялы" партиясынын саясатынан улам дээрлик токтотулганын жарыялаган. Анын билдирүүсүндө Тбилисинин "чет өлкөлүк агент" мыйзамынын кабыл алышы жана ЛГБТны жарыялоого тыюу салуу аракети да катуу сынга алынган.
Президент жана оппозиция бир ай мурда болгон парламенттик шайлоо “Грузин кыялы” партиясынын пайдасына бурмаланганын айтып, анын легитимдүүлүгүн тааныган эмес.
Европарламент бейшембиде Грузиядагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбасын билдирген резолюция кабыл алган. Анда акыркы өткөн шайлоолор демократиялык шайлоолордун эл аралык стандарттарына жана Тбилисинин ачык-айкын, эркин шайлоо өткөрүү тууралуу эл аралык милдеттенмелерине дал келбеси белгиленген.
Шерине