Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:30
Ак-Сай айылы.
Ак-Сай айылы.

Чек ара: Баткендеги эки айыл жаңыдан курулат

Бишкек Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда башталган куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 63 адам мерт болгонун, 198 киши жараат алганын билдирди.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрдан бери 41 тажик жараны каза тапканын билдирди, бирок алардын канчоо аскер, канчоо жай тургун экенин тактаган жок. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялады. Канча киши жарадар болгонун көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

Кыргызстандын жана Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери бири-бирин "куралдуу агрессияга" айыптады.

13:38 18.9.2022

Бүгүн, 18-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда курман болгон чек арачы Нурсултан Жаныбеков өзү туулуп-өскөн Нарын районунун Оттук айылында акыркы сапарга узатылды.

Нурсултандын эрдигин облустук, райондук жетекчилер, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, айылдаштары, туугандары, теңтуштары жана башкалар кайгыруу менен эскерип, анын баатырларча курман болгонун айтышты.

Чек арада окко учкан Нурсултан Жаныбеков күжүрмөн кызматы үчүн мамлекеттик сыйлык алган. (Сүрөт маркумдун туугандарынан алынды)
Чек арада окко учкан Нурсултан Жаныбеков күжүрмөн кызматы үчүн мамлекеттик сыйлык алган. (Сүрөт маркумдун туугандарынан алынды)

Нурсултан Жаныбеков 1995-жылы туулган. 2014-жылы Оштогу №92843 аскер бөлүгүндө аскердик милдетин өтөгөн. Андан кийин Мамлекеттик Чек ара кызматынын №2025 аскердик бөлүгүнө аскердик кызматкер, "Көк-Айгыр" чек ара кызматында жана "Бөрү" атайын отрядынын улук чалгынчы-улук көзгө атаары болуп эмгектенген. Быйыл мартта №2054 аскер бөлүгүнө улук чалгынчы-улук аткыч кызматына дайындалып, Баткен облусундагы Раззаков шаарына кызмат өтөөгө жиберилген.

Нурсултан Жаныбеков президенттин Ардак грамотасын алган.

Үй-бүлөсүндө 4 бир туугандын улуусу болчу.

14:12 18.9.2022

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин 18-сентябрь, саат 11:00гө карата берген маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 134 адам түрдүү жаракат алды.

Мекеменин Жылдыз Айгерчинова маалымат жыйында билдиргендей, алардын ичинен оор абалдагы бир нече адамга Бишкекте операция жасалат.

Айгерчинова бардык ооруканалар зарыл дары-дармектер менен жетиштүү өлчөмдө камсыздалганын да маалымдады. Аймактагы кесиптештерин колдоо үчүн Бишкектен 89 дарыгер жана медициналык кызматкер Баткенге жиберилген.

Кыргызстандын расмий маалыматына караганда, чек арадагы куралдуу кагылышуудан кеминде 36 адам мерт кетти. Арасында 15 жаштагы кыз бар.

140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которду. Алардын ичинен 136 770 адам Баткен, Лейлек райондорунун, Сүлүктү, Исфана шаарларынын тургундары. Дагы 5301 адам Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургундары.

Тажикстан жоготуулары жөнүндө расмий маалымат бере элек. Reuters күч органдарындагы булактарына таянып, жети киши каза болгонун жазды. "Озоди" тажик өкмөтүндөгү булагына таянып, өлгөндөрдүн саны 39 киши экенин кабарлады. Бирок Тажикстандын расмий бийлиги муну ырастай элек. Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого мүмкүн боло элек.

15:09 18.9.2022

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда курман болгон "Бөрү" отрядынын 1-тобунун командири Гүлжигит Бектеновдун сөөгү бүгүн, 18-сентябрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда өзү туулуп-өскөн Кызыл-Туу айылында жерге берилди.

Ал 16-сентябрда Баткен районундагы "Достук" чек ара бекети аткыланган учурда курман болгон. 27 жаштагы капитан Гулжигит Бектенов 2017-жылы Казакстандын Чек ара академиясын аяктаган. Ошол эле жылы Лейлек районундагы аскер бөлүгүндө "Бөрү" атайын отрядынын 1-тобунда кызмат өтөп баштаган. 2019-жылы президенттин "Даңк" медалы менен сыйланган.

Анын артында эки айлык кызы менен жубайы калды.

15:26 18.9.2022

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон Эламан Ураимовдун сөөгү бүгүн, 18-сентябрда Кара-Суу районундагы өзү туулган Савай айылында жерге берилди.

28 жаштагы Эламан Ураимов Бишкектеги генерал-майор Дайыр Асанов атындагы аскер лицейин бүтүрүп, кийин Аскер институтун аяктаган. Эки жыл Жалал-Абад облусундагы "Скорпион" полкунда кызмат кылып, 2017-жылы Баткен облусундагы "Бужум" чек ара бекетине которулган. Батальондун командири болгон. Артында эки баласы калды.

Чек арада окко учкан Эламан Ураимов. Сүрөт соцтармактан алынды.
Чек арада окко учкан Эламан Ураимов. Сүрөт соцтармактан алынды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG