Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:42
Ак-Сай айылы.
Ак-Сай айылы.

Чек ара: Баткендеги эки айыл жаңыдан курулат

Бишкек Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда башталган куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 63 адам мерт болгонун, 198 киши жараат алганын билдирди.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрдан бери 41 тажик жараны каза тапканын билдирди, бирок алардын канчоо аскер, канчоо жай тургун экенин тактаган жок. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялады. Канча киши жарадар болгонун көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

Кыргызстандын жана Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери бири-бирин "куралдуу агрессияга" айыптады.

16:24 18.9.2022
Баткендин Төрт-Көчө аймагы. 18-сентябрь, 2022-ж.
Баткендин Төрт-Көчө аймагы. 18-сентябрь, 2022-ж.

Баткен облусундагы бардык автоунаа жолдору ачык, аймакта учурда милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын Нурлан Исмаилов маалымдады. Ал жарандарды жолдордон кооптонбой өтө берүүгө чакырды.

"Баткен облсунун аймагындагы жалпы жолдордун баарын көзөмөлдөө жүрүп жатат. Жарандар кооптонбостон эле жүрө берсе болот. Төрт-Көчө аймагы толук ачык. Лейлек менен Баткендин ортосунда байланыш бар. Коркпой каттай берсе болот”, - деди Исмаилов.

Нурлан Исмаилов эки өлкөнүнүн милициясы биргеликте жол коопсуздугун сактоону сүйлөшкөнүн кошумчалады.

“Азаттыктын” ошол жакта жүргөн кабарчысы Лейлек-Баткен жолунда жол жүргөндөр көбөйгөнүн маалымдады. Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев “Азаттыкка" курган маегинде кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалып турганын, эки тараптын өкүлдөрү сүйлөшүүнү улантып жатканын билдирди.

16:28 18.9.2022

Энергетика министринин милдетин аткаруучу Таалайбек Ибраев маалымат жыйында Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунда электр жабдыктарын калыбына келтирүү иштеринен кийин, дагы 8 миң үй электр энергиясыз калганын айтты. Учурда оңдоо иштери уланып жатат.

16:39 18.9.2022

Президент Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 2022-жылдын 19-сентябры Кыргызстанда улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Улуттук аза күтүү күнүндө өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргызтандын мамлекеттик туусу түшүрүлөт. Маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталат.

Кыргызстандын расмий билдирүүсүндө, 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан мерт болгондордун саны 36 адамга жетти, алардын бири 14 жаштагы окуучу кыз. 134 адам жаракат алды, арасында жаш балдар бар. Алардын саны такталууда.

Тажик бийлиги 14-сентябрдан бери 32 тажик жараны каза тапканын, алардын көбү жайкын тургундар экенин билдирди. Буга чейин "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, чек арада 39 киши өлгөнүн кабарлаган.

17:53 18.9.2022
Садыр Жапаров жана Владимир Путин.
Садыр Жапаров жана Владимир Путин.

Президент Садыр Жапаров менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүп, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

“Садыр Жапаров Владимир Путинге учурдагы абал, кыргыз тараптан каза болгондордун жана жабыркагандардын саны, кагылышуулардын натыйжасында Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарындагы жарандык жана социалдык инфраструктуралык объектилердин талкаланышы жөнүндө маалымдады”, - деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кризистик кырдаалды тынчтык жол менен гана жөнгө салуу керек экенин белгилешкен.

Ал эми Кремлдин сайты Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен дагы телефондон сүйлөшкөнүн жазды. Анда ал Орусия кырдаалдын күчөп кетишин алдын алуу жана абалды жөнгө салуу үчүн жардам берүүгө даяр экенин билдирген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG