Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34
Ак-Сай айылы.
Ак-Сай айылы.

Чек ара: Баткендеги эки айыл жаңыдан курулат

Бишкек Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда башталган куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 63 адам мерт болгонун, 198 киши жараат алганын билдирди.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрдан бери 41 тажик жараны каза тапканын билдирди, бирок алардын канчоо аскер, канчоо жай тургун экенин тактаган жок. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялады. Канча киши жарадар болгонун көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

Кыргызстандын жана Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери бири-бирин "куралдуу агрессияга" айыптады.

14:52 14.9.2022

Окуянын хроникасы:

10:08 14-сентябрда эртең менен 8дер чамасында Булак-Башы аймагында кыргыз-тажик чек арасында атышуу болду. Окуя үчүн эки тарап бири-бирин күнөөлөгөн маалымат таратты.

11.30: Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстан менен чек арадагы Булак-Башы аймагында кырдаал чыңалып турганын билдирди. Чек ара кызматынын Баткен облусундагы башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев менен Тажикстандын Чек ара кызматынын Согд облусундагы өкүлү Хикматулла Пираков менен жолугушуп жатканы кабарланды.

12:23 Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалга байланыштуу Тажистандын Согд облусунун губернатору Ражаббой Ахмадзода жолугарын билдирди.

13:06 Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал 14-сентябрь, саат 12.40ка карата чыңалып турганын, бирок ок атышуу токтогонун билдирди. Баткен жана Согд облусунун чек ара башчыларынын сүйлөшүүлөрү уланып жатканын кабарлады.

13:09 Баткен облусундагы Жайыт комитетинин башчысы Меңдибай Зикираев тажик тараптан минометтен ок атылган жерде өрт тутанып, 20 гектардай жайыт күйүп кеткенин, аны кыргыз тараптан эки аскер жана төрт чабан аны өчүрүүгө аракет кылып жатканын билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Алим Токторов сүйлөшүүлөр бүтө электигине байланыштуу ал аймакка бара албай жатышканын "Азаттыкка" кабарлады.

14:23 Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы кыргыз-тажик чарасындагы чатактан эки аскер жарадар болгонун билдирди. Минометтун минасынан бир чек арачы жеңил жараат, экинчиси контузия алган. Аларга медициналык жардам көрсөтүлүп, дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Абалы канааттандыраарлык деп бааланууда.

14:29 Кыргызстандын Чек ара кызматы 14-сентябрда түштөн кийин кыргыз-тажик чек арасындагы Как-Сай аймагында атышуу башталганын билдирди. Анда тажик чек арачылары "Достук" бекетинин чек арачыларын көздөй ок чыгарганы, кыргыз тарап ага жооп берип жатканы айтылат.

Булак-Башы жана Как-Сай аймагындагы ок атышуу боюнча макаланы бул жактан окуңуз:

15:18 14.9.2022

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы Как-Сай аймагындагы атышуудан улам "Достук" айылынан аялдар жана балдар Кызыл-Бел кыштагына качып келди. Бул тууралуу "Азаттыкка" жергиликтүү жашоочулар кабарлады. Айрым бир маалыматтарга караганда, Ак-Сай айылынын айрым тургундары дагы коопсуз жайга кетип жатат.

Буга байланыштуу президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү, жергиликтүү бийлик башчылары азырынча комментарий бере элек.

15:50 14.9.2022

Кыргызстандын Чек ара кызматы 14-сентябрда саат 15.08дө тажик чек арачылары Паскы-Арык аймагындагы "Самаркандек" чек ара бекетинин чек арачыларын көздөй ок чыгарганын билдирди. Маалыматка ылайык, учурда ок атышуу башталды.

Тажик тарап буга байланыштуу азырынча маалымат бере элек.

16:06 14.9.2022

Кыргызстандын президентинин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажистандын Согд облусунун губернатору Ражаббой Ахмадзода Баткендин Достук айылына келишти. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады.

“Учурда эки тараптын жетекчилери, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен биргеликте ок атышуу катталган Достук айылында чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө”, - деп айтылат билдирүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG