Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:08

"Бөрү" отрядынын командири Гүлжигит Бектеновдун сөөгү жерге берилди


Чек арада окко учкан Гүлжигит Бектеновдун сөөгү жерге берилди. Ноокен, 18-сентябрь, 2022-жыл.
Чек арада окко учкан Гүлжигит Бектеновдун сөөгү жерге берилди. Ноокен, 18-сентябрь, 2022-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда курман болгон "Бөрү" отрядынын 1-тобунун командири Гүлжигит Бектеновдун сөөгү бүгүн, 18-сентябрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда өзү туулуп-өскөн Кызыл-Туу айылында жерге берилди.

Ал 16-сентябрда Баткен районундагы "Достук" чек ара бекети аткыланган учурда курман болгон. 27 жаштагы капитан 2017-жылы Казакстандын Чек ара академиясын аяктаган. Ошол эле жылы Лейлек районундагы аскер бөлүгүндө "Бөрү" атайын отрядынын 1-тобунда кызмат өтөп баштаган. 2019-жылы "Даңк" медалы менен сыйланган.

Анын артында эки айлык кызы менен жубайы калды.

Кыргызстандын расмий билдирүүсүндө, 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан мерт болгондордун саны 36 адамга жетти, алардын бири 15 жаштагы окуучу кыз. 134 адам жаракат алды, арасында жаш балдар бар. Алардын саны такталууда.

Расмий Дүйшөмбү кагылыштан мерт болгондор жана жараат алгандар тууралуу расмий маалымат бере элек.

"Озоди" радиосу өз булактарына шилтеме кылып, 14-16-сентябрь күндөрү чек арада болгон кагылышууларда тажик тараптан 39 киши мерт болгонун, алардын арасында жайкын тургундар бар экенин жазды. Тажик бийлиги муну ырастап же четке кага элек. Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого да мүмкүн боло элек. (TB/ZKo)

XS
SM
MD
LG