Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Орусиядан кайтууга камынган өзбек мигранттары көбөйдү


Орусиянын Самара аймагында мекенине кайтып бараткан өзбек мигранттары, 14-май, 2020
Орусиянын Самара аймагында мекенине кайтып бараткан өзбек мигранттары, 14-май, 2020

Казакстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны өсүп жатканына байланыштуу карантин чараларын жумшартуу жылдырылды. Тажикстан COVID-19 илдетинен өлгөндөрдүн саны боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин сап башына чыкты.

Ашхабад: Түркмөнстанда коронавирус жок

Түркмөнстан чөлкөмдө коронавирус расмий каттала элек жалгыз мамлекет бойдон калууда.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун миссиясы өлкөгө келүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирген маалда Түркмөнстанда бир катар чектөөлөр киргизиле баштады.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы билдиргендей, Лебап аймагында тургундардын ээн-эркин басып-турушуна чектөө киргизилди.

Расмий Ашхабад ушул күнгө чейин Түркмөнстанда коронавирус жок экенин билдирип келет. Буга чейин ДССУнун өкүлдөрү апрелден соңунда Ашхабадга келүү ниетин билдиришкен. Алар кырдаал менен жеринен таанышууну көздөшкөн. Бирок анда түркмөн бийлиги макул болгон эмес.

Бирок 8-майда өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги эл аралык уюмдун миссиясын кабыл алууга даяр экени маалым болду.

Видеоконференция өткөрүп жаткан Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов.
Видеоконференция өткөрүп жаткан Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов.

Казакстанда карантин жумшартылбайт

Казакстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны көбөйүп жатканына байланыштуу карантинди жумшартуу чаралары дагы бир жумага жылдырылды.

Бул тууралуу 19-майда Казакстандын саламаттык сактоо министринин орунбасары Людмила Бюрабекова билдирди.

Анын айтымында, өпкөнү сезгенте турган жаңы вирусту жугузуп алгандардын санынын көбөйүп жатышы жапырт алынган анализдерге байланыштуу.

Казакстанда нааразылык билдирип чыккан медицина кызматкерлери. 15-май, 2020-жыл.
Казакстанда нааразылык билдирип чыккан медицина кызматкерлери. 15-май, 2020-жыл.

Бюрабекова бир күн мурда 28 миң адамдан тест алынганын кошумчалады. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 19-майга карата Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 6750дөн ашты.

Бул оорудан 35 адам каза тапты. Министрликтин өкүлү коронавирустан айыгып чыккандардын кан плазмасын ооруп жаткандарга куюу боюнча чечим кабыл алынганын, учурда бул багытта иш жүрүп жатканын кошумчалады.

“Республикалык кан борбору плазмаларды дайындап койду. Зарыл болгон учурда колдонбуз. Бирок медицина мекемелери ушул күнгө чейин кан плазмасын талап кылыша элек”, - деди ал.

Ошондой эле министрдин орун басары күздө COVID-19 илдетинин экинчи толкуну башталса, кайра карантин жарыяланышы мүмкүн экенин белгилей кетти.

Ал тапта Казакстандын ар кайсы аймактарында медициналык кызматкерлер пандемия маалында төлөнө турган үстөк акынын аз экенине нааразылык билдирип жатышат.

Бир күн мурда Кызыл-Ордо облустук ооруканасынын тез жардам бөлүмүнүн кызматкерлери бир айдын гана үстөк акысы берилип, анан токтоп калганын айтып чыгышты. Алардын бири Гулшат Атыраубаева мындай деди:

"Кесиптештерибиз менен президент Касым-Жомарт Токаевдин буйругу орундалбай жатканы үчүн чогулуп турабыз. Ага ылайык, бизге үч ай март, апрель, май айлыгыбызга үстөк акы толук төлөнүшү керек эле. Дарыгерлерге 425 миңден, ал эми башка медицина кызматкерлерине 210 миңден кошулмак" деп нааразылыгы менен бөлүштү.

Анткен менен Тез жардам станциясынын башчысы үстөк акы кызматкерлерге ай сайын эмес, жумушка чыккан сааттарына карап берилерин айтты.

19-майда Казакстандын Атырау облусундагы Тенгиз кениндеги заводдун 84 жумушчусунан коронавирус чыккан. Жалпысынан бул мекемеде ооруга чалдыккандардын саны 550гө чукулдап калды.

Тажикстанда коронавирус бир күндө 207 адамдан табылды

19-майдын кечине карата жарыяланган маалыматка ылайык, Тажикстанда коронавирус инфекциясына чалдыккандардын саны 2 миңге чукулдады. Соңку бир күн ичинде COVID-19 вирусу 207 адамдын анализинен аныкталды.

Жалпысынан өлкөдө аталган илдеттен 41 киши көз жумду. Анткен менен көз карандысыз эксперттер жарыялаган тизмеге ылайык, соңку айларда коронавирус жана пневмониядан каза болгон адамдардын саны 270тен ашты. Тажикстандыктардын көбү азыр расмий статистикага ишенишпейт.

Социалдык тармактардын колдонуучулары жакындарынын, досторунун жана тааныштарынын пневмония жана COVID-19 менен ооруганын байма-бай жазып жатышат.

Тажикстан коронавирустун жаңы түрүнөн каза болгон адамдардын саны боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин сап башында. Бул инфекцияга кабылгандар Казакстан менен Өзбекстанда көп болгону менен алар адам өмүрүн сактап калышууда.

12-майда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери Тажикстанда коронавирустун тегерегиндеги кырдаал курчуп баратканын билдиришкен.

Орусиядан мекенине кайтууну каалаган өзбекстандыктар көбөйдү

Коңшу Өзбекстанда 19-майдын кечине карата коронавируска кабылгандардын саны 2855ке жетти. Алардын он үчү каза болду.

Орусия менен Казакстандын чек арасына топтолуп калган миңден ашуун өзбекстандыкты расмий Ташкент Казакстан аркылуу автобустар менен мекенине алып кетти. Учурда Орусиянын ар кайсы аймактарынан 60 миңдей өзбекстандык мекенине кайтуу ниетин билдирип, өкмөттөн кошумча чартердик каттамдарды талап кылып жатышканы маалым болду. Ал арада Эл аралык валюта фонду Өзбекстанга 375 млн. доллар көлөмүндө жеңилдетилген насыя бөлүп берүүнү жактырды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG