Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:58

Торонто: он адам мерт болгон кандуу окуя


Кылмышка шектүү Торонтодо көчөдө бараткан адамдарды ушул автофургон менен тебелеткен.
Кылмышка шектүү Торонтодо көчөдө бараткан адамдарды ушул автофургон менен тебелеткен.

Канаданын Торонто шаарында автоунаа көчөдөгү элди сүзгөн окуядан каза тапкандардын саны 10го жетти. Атайын жасалганга окшогон окуядан дагы 16 адам жарадар болгон. Полициянын маалыматы боюнча, 25 жаштагы жигит машинесин тротуарга айдап, адамдарды тебелетип кеткен.

Торонтодо көчөдө бараткан адамдарды автофургон тебелеген окуя 23-апрелде Канада убактысы боюнча күндүзгү саат 1:30да болгон. Окуяга күбө болгон шаар тургуну Стив Кортейс ак түстүү автофургон элди кантип тебелетип кеткенин айтып отурду:

- Бир адам кесилиште жөн гана өтүп бараткан, машине ошону түз эле барып сүздү. Фургон андан ары жүрүп, тротуарга чыкты жана көп адамды тебелетип кете берди.

Окуя болгон жер. Торонто.
Окуя болгон жер. Торонто.

Шаар полициясынын башчысы Марк Сандерс журналисттерге "окуя атайын жасалганга окшоп турат" деп билдирди. Кырсыктан көп өтпөй окуяга шектүү катары машиненин айдоочусу – 25 жаштагы Алек Минассян кармалды. Анын адамдарды атайылап сүзгөнү айтылганы менен, шектүүнүн бул жоругунун чоо-жайы тактала элек.

Торонтодон алыс эмес Ричмонд-Хилл шаарында жашаган Алек Минассяндын мыйзамды бузган аракеттери тууралуу буга чейин полицияда маалымат болгон эмес. Күч органдары ал террордук топтор менен да байланышта болбогонун билдирүүдө.

Канаданын коопсуздук министри Ральф Гудейл:

- Мен коопсуздук мекемелеринин жогорку кызмат адамдары жана полиция менен кеңештим. Биздин азыркы колдогу маалыматтарга караганда, бул окуянын жалпы улуттук коопсуздукка коркунучу жок. Бирок биздин артыбыздагы көчөдө болгон бул иш - үрөй учурарлык, - деди.

Адамдарды тебелеткен окуя болгон жер.
Адамдарды тебелеткен окуя болгон жер.

Канаданын өкмөт башчысы Жастин Трюдо он адам набыт болуп, 16 киши жараланган бул окуяны “карөзгөй кол салуу” деп айыптады.

ВВСнин Алек Минассяндын классташтарына таянып жазганына караганда, ал мурда өнүгүүсү артта калган балдардын мектеп-интернатына барган. Ал башын шылкыйтып, муштумун түйүп жүрчү жана кээде ар түрдүү үндөрдү чыгарганы байкалчу.

- Ал башкалар менен аз сүйлөшчү, бирок мен билгенден ал эч кимди таарынтчу эмес, - деп айтты Минасяндын классташтарынын бири Ширин Чами «Рейтер» агенттигине.

Мектептен кийин Минасян Торонтонун түндүгүндөгү Сенека коллежинде окуган. Бул окуу жай кандуу окуя болгон жерге жакын жайгашкан. Минассян автофургонду ижара алган "Ryder" компаниясы полицияга бардык маалыматтарды бергенин кабарлады.

23-апрелде Торонтодо, окуя болгон жерден 30 чакырымдай алыстыкта, "Чоң жетинин", атап айтканда, Канаданын, АКШнын, Британиянын, Франциянын, Германиянын, Италиянын жана Жапониянын тышкы иштер министрлеринин жыйыны да өтүп жаткан. Полиция бул эки окуянын бири-бирине байланышы жок экенин билдирди.

Былтыр 31-октябрда Нью-Йоркто чакан жүк ташуучу унаа көчөдөгү адамдарды тебелетип кетип, андан сегиз киши каза тапкан. Ушундай эле окуя өткөн жылы 17-августта Барселонанын туристтерге жык толгон Рамбла көчөсүндө болуп, минивэн үлгүсүндөгү унаа адамдарды тебелетип, 13 кишинин өмүрү кыйылган болчу. Былтыр апрелде жүк ташыган унаа менен Стокгольмдо жөө адамдарды тебелетип кеткен дагы бир чабуулдан беш киши каза болуп, он беш адам жабыркаган. Бул окуяларга шектүү адамдар “Ислам мамлекети” террордук тобу менен байланышта болгону айтылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG