Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:24
Жогорку Кеңештин курултайга келген депутаттары. 15-декабрь, 2023-жыл.
Жогорку Кеңештин курултайга келген депутаттары. 15-декабрь, 2023-жыл.

Курултай: Туунун тагдыры, абактан кайрылуу, кадр саясатына сын

15-16-декабрда Бишкекте 2-Элдик курултай өттү. Курултайдын биринчи күнү 75 делегат сөз сүйлөдү. Ал биринчи жолу 2022-жылы 25-26-ноябрда өткөн.

15-16-декабрда Бишкекте 2-Элдик курултай өтүп жатат. Курултайдын биринчи күнү 75 делегат сөз сүйлөдү. Ал биринчи жолу 2022-жылы 25-26-ноябрда өткөн. 2021-жылы 5-майда күчүнө кирген Конституцияга Элдик курултай институту киргизилген. Кийин мыйзам кабыл алынган. Айрымдар парламент турганда Курултай институту кереги жок экенин айтып келишет.

19:20 14.12.2023

2022-жылдын февраль айында президент мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн 11 адамдан турган жумушчу топ түзгөн. Ага президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев төрага болгон. Ошол жылдын ноябрындагы биринчи курултай президенттин жарлыгынын негизинде уюштурулган.

Оппозиция мыйзам кабыл алына электе президенттин жарлыгы менен курултай чакырылганын мыйзамсыз деп атаган.

Курултайдагы чечимдер аткарылабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:54:08 0:00

19:24 14.12.2023

Быйыл август айында Садыр Жапаров былтыркы курултайдын делегаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Документке "Элдик Курултай” жөнүндө мыйзамы кабыл алынып, күчүнө киргени себеп болгону жазылган.

Элдик курутай жөнүндө мыйзам долбоорун президент Садыр Жапаров сунуштаган. Аны кароо учурунда Жогорку Кеңештеги сын-пикирлерден кийин долбоорду кайра иштеп чыгуу үчүн депутаттардын жумуш тобу түзүлгөн.

Топтун башчысы, депутат Жанарбек Акаев мыйзамдагы 22 берене 15ке чейин, делегаттардын саны 1070ден 700гө азайтылганын жана делегаттардын ыйгарым укуктары шайлангандан тартып курултай аяктары менен токтотулары жазылганын билдирген.

19:26 14.12.2023

Былтыркы биринчи курултайда толгон-токой сунуш айтылып, көп көйгөйлөр көтөрүлүп, калың убадалар берилген. Мектеп, бала бакча салуу жана жол куруу өңдүү айрым иштер аткарылганы менен кээ бир маселелердин чечилбей жатканы суроо жаратууда.

10:21 15.12.2023

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG