Курултай максатына жеттиби? Анын чечимдери аткарылабы? Келечеги кандай? Ушул суроолорго жооп издейбиз. Талкуубузга Элдик курултайдын төрагасы Кадыр Кошалиев, Элдик курултайдын аксакалдар кеңешинин мүчөсү Дамира Ниязалиева, укук коргоочу Сапар Аргымбаев жана тарых илимдеринин кандидаты, публицист Кыяс Молдокасымов катышты. Талкууну Кубат Оторбаев алып барды.