Аймактардан шайланган 700 делегаттын 695и курултайга катышууда. Анын ичинен 551и эркек, калганы аялдар экени айтылды. Анын ичинен 13 адам Курултайдын эсептөө комиссиясынын курамына киришти.
Садыр Жапаров: Быйыл 10 миң үй-бүлөгө жардам бердик. Келерки жылы 20 миң үй-бүлөгө жардам беребиз.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мыктыбек Абдылдаев Элдик курултайдын улуттук кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Улуттук кеңештин курамы 17 мүчөдөн турат.