Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:22

Жапаровдун орус телеканалынын суроосуна жообу, Бишкектин тышкы саясаттагы багыты


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров орусиялык журналисттин суроосуна жооп берип жатып, “Батыш мамлекеттери башка өлкөлөргө Орусия менен кызматташуу боюнча көрсөтмө бербеши” керек деп айтты. Жапаровдун геосаясий маанидеги пикирин орусиялык басылмалар жазып, ар кандай талкууга жем таштады.

Кыргыз бийлиги тышкы саясатта көп вектордуу саясат жүргүзөрүн белгилейт. Президенттин соңку билдирүүсү эмне үчүн талкууга түштү?

8-октябрда президент Садыр Жапаров ​ Москва сапарында “Россия-1” телеканалынын журналисти менен болгон маекте Орусия менен Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) кирген мамлекеттердин алакасына Батыштын көз карашы жөнүндөгү суроосуна жооп берген. Анда Жапаров Батыш өлкөлөрү Орусия менен башка мамлекеттердин кызматташуусуна "көрсөтмө бербеши керек" деп билдирген.

“Мен Европа өлкөлөрүн кыдырып жүргөндө бирди айтышат, бирок кылгандары башкача. Европа Биримдиги же НАТОго мүчө болуп туруп, Орусия менен кызматташып жаткан Европа өлкөлөрү бар. Алар (ред.: Европа) бизге Орусия же КМШ мамлекеттери менен кызматташпоого көрсөтмө бербеши же өтүнүч кылбашы керек”, - деген Жапаров.

Президент Европадагы өлкөлөр эмне маселе боюнча өтүнүч келтиргени жөнүндө так айткан эмес. Жапаров Кыргызстанга «тескерисинче бардыгы менен кызматташуу керектигин» белгилеген.

Орус медиасы өзүнө ыңгайлуу пикирди издейт

Кыргыз президентинин кыскача комментарийи "Москва. Кремль. Путин" көрсөтүүсүндө 13-октябрда обого чыкты. Берүүдө тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Орусия Кыргызстандын негизги соода-экономикалык өнөктөшү экенин белгилеп, бул боюнча Батыш өлкөлөрүнө кулак кагыш кылынганын айткан комментарийи дагы келтирилген.

Садыр Жапаров 8-октябрда Москва шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын жыйынына катышкан. УТРКнын “Президент Жапаров” берүүсүндө бул жыйында кыргыз президенти эмгек мигранттарына байланыштуу маселе көтөргөнүнө көңүл бурду.

Жапаровдун Орусиянын КМШ мамлекеттери менен мамилесине Батыштын көз карашы жөнүндөгү пикирин орусиялык басылмалар биринен сала бири жазып чыгышты.

Орусия Украинага согуш ачып, АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү менен мамилеси курчуп турган учурда Кремлге көз каранды медиалар Борбор Азиянын геосаясий маселедеги бейтарап позициясын Москвага ылайыктап чагылдыргысы келет. Мындан улум айрым кыргызстандык укук коргоочулар президентти Батыш өлкөлөрү жөнүндө кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырат.

Венадагы Freedom for Eurasia тобунун башчысы, укук коргоочу Лейла Назгүл Сейитбек буларга токтолду:

Лейла Назгүл Сейитбек
Лейла Назгүл Сейитбек

“Президент Жапаров Орусияга каршы санкцияларга байланыштуу башка өлкөлөр, анын ичинен Кыргызстан дагы аныкталган милдеттерди аткарышы керек экенин эске алышы зарыл. Санкциялардын шартында Орусия менен кызматташуу экономикалык тобокелдиктерди жаратып, өлкөнүн эл аралык кадыр-баркына кесепетин тийгизет. Интервью алып жаткан журналисттин “Батыш өлкөлөрү КМШдагы өнөктөштөрүн Орусия менен кызматташпоону талап кылууда” дегени - чагым жана апыртуу. Бул чындыкка дал келбейт”, - деди укук коргоочу.

Лейла Назгүл Сейитбек тажрыйбада КМШ өлкөлөрү Орусия менен бардык жагынан кызматташып жатканын белгилеп, Европа болгону эл аралык макулдашууларды сактоого чакырып, мамлекеттердин ким менен кызматташуу укугу эркин болушун каалайт деп кошумчалады.

Орусиянын расмийлери Батыш өлкөлөрү Москванын айрым өнөктөштөрүнө басым жасоого аракет кылып жатат дегендей пикирлерин айтып калат.

Эл аралык Кувейт университетинин профессору, саясат талдоочу Кубанычбек Чекиров президенттин айтканын бир жактуу кабыл алуу туура эмес экенин айтып, өлкөнүн башка мамлекеттер менен алака катышы жөнүндө мындай деди:

“Бир эле өлкө же айрым мамлекеттердин тобу менен эмес, бүткүл дүйнө менен кызматташуу керек. Бирок ошонун ичинен дагы приоритеттүү, башкача айтканда байланыш шарттарын карап кызматташуу зарыл. Орусия жана КМШ өлкөлөрү менен СССРдин курамында 70 жыл бирге болдук. Алар менен экономикалык, саясий байланыштар абдан тамыр жайган. Коопсуздук сыяктуу маселер бар. Анан батыш өлкөлөрү менен дагы кызматташуу керек. Алар эгемендигибизди таанып, байланышып келе жатабыз. Орусия менен соода алакабыз жогорку даражада. Соода жүгүртүү боюнча Кытайдан кийинки эле экинчи орунда турат. Орусиядан бүткүл энергия ресурстарын алабыз. Ал экономиканын негизин түзөт. Мындан ары ушундай деңгээлде уланта беришибиз керек. Жапаровдун айтканына кошулам. Батыштагы кээ бир өлкөлөр деле Орусия менен кызматташтыгын улантып жатышат. Газды толук бойдон бууп койгон жок”, - деди Чекиров.

Кыргызстан көп багыттуу алакага ыктайт

Бишкек тышкы алакада көп багыттуу дипломатияга басым жасаарын айтып, президент Садыр Жапаров Европа өлкөлөрүндөгү иш сапарларында Кыргызстан бардык тараптар менен кызматташууга ачык экенин ишарат кылып келет.

Соңку эки жылда КМШ өлкөлөрүнөн сырткары Германия, Венгрия, Жапония, Бельгия, АКШ, Бириккен Араб Эмираттары, Швейцария сыяктуу мамлекеттерге барып келди. Ушул жылы июнь айынын аягында Садыр Жапаровдун Бельгияга расмий сапар менен барганда “Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасы ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө” келишимге кол койду.

Ошондой эле 2015-жылы бир тараптуу денонсация болгон Кыргызстан менен АКШнын кызматташтык макулдашуусун калыбына келтирип, жаңы келишимди даярдоо процесси уланып жатканын эки тарап тең айтып келет. Мындан сырткары соңку жылдары Борбор Азия лидерлери ар кандай платформада Европа Биримдиги, АКШ, Кытай, Түркия жетекчилери менен жолугуп жатат.

2023-жылы 3-июнда Садыр Жапаров Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргызстанга визитин мамилени чыңдоонун маанилүү этабы деп атаган.

“Биринчиден, мен Европа Биримдигине өлкөбүздүн туруктуулукка, өнүгүүгө жана демократияга карай жолунда баа жеткис колдоосу жана жардамы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Кыргыз Республикасы эгемендик алгандан тартып өнүгүү жана жаңыртуу жолунда маанилүү роль ойногон Европа Биримдиги менен түзүлгөн кызматташтыкты жана өнөктөштүктү жогору баалайт. Кыргыз Республикасы – коому динамикалуу өнүгүп жаткан жаш өлкө. Демократиянын, саясий жана социалдык-экономикалык реформалардын жолун тандап алган өлкө. Биз демократиялык институттарды чыңдоо, мыйзам үстөмдүгүн илгерилетүү жана адам укуктарын коргоо жаатында олуттуу ийгиликтерге жетиштик. Бирок биз жеңе турган кыйынчылыктар бар экенин түшүнөбүз жана эл аралык өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен аларды жеңүүгө чечкиндүү аракет кыла беребиз”, – деген эле Садыр Жапаров.

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Кыргызстан тышкы саясатына мындай баа берет:

Аликбек Жекшенкулов
Аликбек Жекшенкулов

"Кайсы мамлекет болбосун, Кыргызстан эки тараптуу мамилеге көңүл буруп жатат. Жакында эле Италияга барып келди. Борбор Азия - Кытай, Америка, Түркия, Германия, Орусия сыяктуу мамлекеттер менен кызматташууда ар кандай формада иштеп жатышат. Андан сырткары коңшулар менен мамилени бекемдөөгө аракет кылууда. Дүйнөдө катуу тирештер болуп жаткандыктан чакан мамлекетибиз чоң оюндарга кошулбай, улуттук кызыкчылыкка ылайык саясат жүргүзүү керек. Саясат таануучу илимпоз катары айтсам, Кыргызстан туура жолдо бара жатат".

Көпчүлүк серепчилер дүйнөнүн ири державаларынын мамилеси курчуп турган маалда, Борбор Азия, анын ичинен Кыргызстан тышкы карым-катышына этият мамиле кылышы зарыл экенин белгилешет.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG