Өзбекстанда Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, Украинага каршы согушка катышкан жаран төрт жыл эки айга соттолду. Бул тууралуу "Газета.uz" басылмасы cоттун чечимине таянып жазды. Ал сотто согушта ондон ашык украин аскерлерин өлтүргөнүн айтып берген.
Материалдагы маалыматка караганда, 39 жаштагы өзбекстандык 2023-жылы июнь айында Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн. Ал Москвага иш издеп барган. Анын айтымында, согушта айына 450 миң рубль төлөп берүү убадаланган. Бирок ал 150 миң рублдан эки жолу гана алган. Жалпы согушта беш ай болгон.
2023-жылы декабрда мекенине кайтып келип, өз ыктыяры менен укук коргоо органдарына барган. Сотто үй-бүлөсүн багууга акча жетишпегендиктен ушундай кадамга барганын айтып берген. Өзбекстанда жарандарга чет өлкөдө кызмат өтөөгө жана согушка катышууга тыюу салынган.
Буга чейин Өзбекстанда Орусия күчтөрү тарапта Украинадагы согушка катышкан төрт жаран соттолгон. Украинадагы согушка аралашканы үчүн Кыргызстанда да түрмөгө кесилген жарандар бар.
Шерине