Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:26

Аба ырайы: айрым жерлерде кар жаайт


Бишкек. Архив.
Бишкек. Архив.

6-январда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймктарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Туман түшүп, жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -3…-8.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы -2…-4°, күндүз 3…5° жылуу болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG