Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:47

"Кансыз согуштун" символу ураган күн


Берлин дубалы кулатылган күн. 10-ноябрь, 1989-жыл.
Берлин дубалы кулатылган күн. 10-ноябрь, 1989-жыл.

Мындан туура 30 жыл мурда “Кансыз согуштун” символуна айланган Берлин дубалы кулаган.

1987-жылы Берлиндеги Бранденбург дарбазасынын алдында сүйлөп жатып АКШ президенти Рональд Рейган дубалды алууну Советтер Союзунун лидери Горбачевдон талап кылган.

Мындан туура эки жыл өткөндөн кийин нааразылык акциялары күчөп, Чыгыш Германиянын бардык аймактарында демократияны талап кылган демонстрациялар күч алган.

1989-жылдын 9-ноябрында топтолгон эл 1961-жылы тургузулган дубалды кулатышкан.

Лейпциг шаарындагы демонстрациялар. 1989-жыл.
Лейпциг шаарындагы демонстрациялар. 1989-жыл.

Бул күнү Чыгыш Германиянын өкмөтүнүн өкүлү Гюнтер Шабовски жарандар эми Европага ээн-эркин бара аларын жарыялаган.

Мындан кийин миңдеген тургундар аянтты көздөй агылган. Кубанган адамдар дубалдын үстүнө чыгып алып, "Битлз" тобунун “Дүйнөгө мүмкүнчүлүк бергиле” деген ырын аткарышып, бийлешкен.

Бирок экиге бөлүнгөн Германия бул окуядан 11 ай өткөндөн кийин гана бириге алган.

Жашыруун туннел

Дубал кулагандан 30 жыл өткөндөн кийин, 7-ноябрда Берлинде 1970-жылдары жашыруун казылган туннелдин ачылышы болду. Мэр Майкл Мюллер Чыгыш Германиядан Батышка качууга аракет кылып бул туннелди казып чыккан адамдарга ыраазычылык билдирди.

Ульрих Пфайфер да ушул туннел аркылуу Чыгыш Германиядан качып чыгып, кийин башкаларга жардам бергендердин бири. Ал туннелдин быйыл ачылып жатышы өлкө үчүн маанилүү экенин белгиледи:

- Германиядагы азыркы саясий кырдаал демократиянын баа-баркы күчтүү экенин сезүүгө түртөт. Ушу тапта Германияда демократияны башка нукка буруп салуу аракеттери бар. Мындай жагдайда тиешелүү кадамдар жасалашы керек.

Жүздөгөн кишилер окко учкан

155 чакырымга созулган Берлин дубалы турган 28 жыл 27 күндүн аралыгында Германиянын чыгышынан батышын көздөй беш миңден ашуун Чыгыш Германиянын же ГДРдин жарандары, алардын ичинде 600гө чукул аскерлер качып өткөн.

2007-жылы ГДРдин Коопсуздук министрлигинин архивдери табылган. Анда Батышты көздөй качкан бардык жарандарды, балдарды атууга буйрук берилгенин тастыктаган документтер табылган. Маалыматка караганда, чек арада 125 киши өлтүрүлгөн. Башка булактарда миңден ашуун киши окко учканы белгиленет.

Бир жумага созулган майрам

Берлин дубалынынын кулатылышынын 30 жылдыгына арналган иш-чаралар Германияда 4-ноябрда башталып, бир жумага созулат. ​

Бранденбург дарбазасынын алдындагы инсталляция. 1-ноябрь, 2019-жыл.
Бранденбург дарбазасынын алдындагы инсталляция. 1-ноябрь, 2019-жыл.

Ар кайсы аянтчаларда 200дөй көргөзмө, инсталляция, маданий иш-чаралардын өткөрүлүшү каралган. Алардын бири «Булуттар» деп аталган инсталляция Бранденбург дарбазасынын маңдайында түзүлдү. Анда 30 миңдей адамдын каалоо-тилектери, келечекке болгон үмүттөрү жазылган баракчалар илинген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG