Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:37

Украина Курск операциясында кандай курал колдонот?


Киев облусундагы Роживка кыштагындагы орус күчтөрүнүн соккусу тийген үй, 11-август, 2024-жыл
Киев облусундагы Роживка кыштагындагы орус күчтөрүнүн соккусу тийген үй, 11-август, 2024-жыл

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус армиясынын Киевдин карапайым тургундары жашаган райондоруна сокку урганын айыптап, Батыштагы өнөктөштөрүнөн берилген курал-жаракка коюлган чектөөнү алып салууну суранды.

Украин лидери Киевге берилген курал-жабдыкты Орусиянын аймагынын ичкери жагына колдонууга уруксат суроо менен украин армиясы Орусиянын Курск облусуна киргенин кыйыр мойнуна алды.

«Орустарда курал-жаракты колдонууга географиялык чектөө жок. Согуштун алгачкы күнүнөн тарта биздин өлкөнүн бардык аймагын кол салуу коркунучунда кармап турат», - деп жазды Зеленский X тармагына 11-августта.

«Украиналыктар абадан коргонуу системасын жана согуштук учактарды берген өнөктөштөргө терең ыраазы. Бирок орусиялык террорду чындап токтотуу үчүн биздин өнөктөштөрдүн олуттуу чечими - биздин коргонуу аракетибизге коюлган чектөөлөрдү алып салуусу керек».

10-августта Зеленский буга чейин орусиялык аскердик блогерлердин жана батыштык маалымат агенттиктеринин украин армиясы Орусиянын Курск облусуна киргени тууралуу маалыматын кыйыр түрдө бышыктады.

«Бүгүн башкы командачы [Александр] Сырскийден майдан тилкесиндеги кырдаал, биздин аракеттер, согушту агрессордун аймагына жайылтуу тууралуу бир нече маалымат алдым», - деди украин лидери ишембидеги кечки телекайрылуусунда.

Украин армиясы Курск облусундагы алты күндүк операциясында бир нече калктуу пункттарды өз көзөмөлүнө алганы менен 415 миң киши жашаган облус борбору Курск шаарына кирүүгө аракеттенеби же жокпу беймаалым.

Ошондой эле бул операцияга украин армиясынын канча күчү тартылганы белгисиз. Айрымдар 1100дөн "бир нече миңге" чейин жоокер жүрөт деп эсептешет.

Курск аймагынан 3000 киши эвакуацияланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:12 0:00

Орусиянын бийлиги чек ара бузулганын бышыктап, он миңдеген кишини эвакуацияланууга чакырды. Киевдин күчтөрүн «украиналык чагымчыл жана чалгынчы топтор» деп атады.

6-августта украин аскерлеринин Курск облусуна күтүүсүз кирип барганы 2022-жылы февралда Москва Украинага ар тараптан басып киргенден кийинки эң масштабдуу кол салуу деп сыпатталды.

10-августта Орусия Курск, Брянск жана Белгород облустарында "антитеррордук чаралар киргизилгенин" жарыялаган.

Улуттук антитеррордук комитеттин билдирүүсүнө ылайык, чукул чараларга тургундарды эвакуациялоо, транспортту чектөө, стратегиялык жайларды коргоону күчөтүү жана телефондон сүйлөшкөндөрдү тыңшоо кирет.

11-августта чыңалуу күчөгөн сайын Орусиянын союздашы Беларус Украина менен чектеш аймагына аскердик техника коё башатады. Беларус ага чейин украиндердин дрондорун өз аба мейкиндигинен атып түшүргөнүн маалымдаган.

Өлкөнүн авторитардык лидери Александр Лукашенко Украинанын кандай гана "чагымына" болбосун жооп берүү үчүн чек ара аймактарын бекемдөөнү тапшырган.

Жекшембиге караган түнү орус армиясы баш калаа Киевге чабуул коюп, кеминде эки кишинин өмүрү кыйылганын украин бийлиги 11-августта билдирди.

Чукул кырдаалдар кызматынын куткаруучулары 35 жаштагы киши менен анын төрт жашар уулунун сөөктөрү урандылардын алдынан таап чыкты. Дагы үч киши, анын бири 13 жаштагы өспүрүм оор жараат алганы маалым болду.

Орус ракетасынын сыныктары Киевге канатташ турган Браворинин турак үйлөр жайгашкан районуна түштү. Киевдин аскердик администрациясы абадан коргонуу системасы активдештирилгенин жарыялады.

Украин аба күчтөрү белгилегендей, дагы беш аймак орустардын дрон чабуулуна кабылды.

Украинанын шаарлары орус армиясынын ракета жана дрон колдонгон авичабуулдарына такай кабылат. Соңку күндөрү көпчүлүк украиндер Киевдин Орусиянын аймагына аскер киргизгенине жооп кылып, Москва мындай чабуулдарын күчөтөт деп чочулашат.

Курск облусунда жекшембиге караган түнү атып түшүрүлгөн ракетанын сыныгы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине кулап, бери дегенде 15 адам жараат алды. Аймактын губернатору Алексей Смирнов алардын экөө оор абалда экенин айтты.

Тогуз кабат үйдүн тургундары убактылуу жайларга чыгарылганын Курск шаарынын мэри Игорь Куцак билдирди.

Шаарда абадан эскертүү жаңырып турганын мэр Telegram каналына жазып, эшик-терезеси, балкону талкаланган көп батирлүү үйдүн сүрөтүн жарыялады.

Коңшу Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев жекшембиге караган түнү бир нече дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жана жараат алгандар жок.

Белгород облусунун башчысы Вячеслав Гладков Шебекино шаарын аткылоодо беш адам жарадар болгонун, эки адам ооруканага жеткирилгенин кабарлады.

Орусиянын коргоо министрлиги абадан коргонуу системасы Воронеж облусунун үстүнөн украиндердин 16 дронун жана Курск аймагында төрт "Точка-У" тактикалык-баллистикалык ракетасын, 14 дрон жок кылганын кабарлады.

Украина менен чектешкен Белгород облусунун аймагында үч жана Брянск менен Орел облустарында бирден учуучу аппарат жок кылынганын министрлик Telegram каналына жарыялады.

Согуш маалында бул билдирүүлөрдү бейтарап булактардан тактоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG