Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:38

Курск: Кырдаал курчуду. Украин армиясы 30 чакырымга чейин кирди


Орусия менен чектешкен Сума облусундагы украин аскерлери. 11-август, 2024-жыл.
Орусия менен чектешкен Сума облусундагы украин аскерлери. 11-август, 2024-жыл.

Расмий Москва 12-августта Украина менен чектеш аймактардан тургундарды эвакуациялоого көрсөтмө берди. Ушул тапта Курск облусунун Беловск районунда кырдаал курчуп турат. 6-августтан бери украин күчтөрү Орусиянын аймагына 30 чакырымдай кирип барды.

Алар бир катар айыл-кыштактарды көзөмөлүнө алганын ырасташты. Москва бул маалыматты бышыктай элек. Орус бийлиги аймакка кошумча аскер жана техника тартты.

Курск облусунун Беловск районунун башчысы Николай Волобуев бир нече айылдын тургундарын аймактан чыгып кетүүгө чакырды:

"Беловск районунун аймагынан чыгып кеткен тургундардан барган жагында эле турууну суранам. Ал эми азырынча аймакта калган жашоочуларга айтарым, эгер чыгып кетүүнү кааласаңар, айыл өкмөттөргө, Беловск районунун администрациясына кайрылгыла".

Соңку эки күндө Курск облусундагы айыгышкан салгылаш жүрүп жаткан аймактын аянты кыйла кеңейди. Ондогон айыл-кыштактарды украин армиясы карамагына алды же айрымдарында кырчылдашкан кармаш уланууда. Коренево шаарчасында кырдаал абдан оор экени кабарланууда.

Орусиялык телеграм-каналдарда жарыялаган видео жана кабарларга караганда, бул калктуу конуш үчүн салгылаш бир нече күндөн бери жүрүп жатат. А жергиликтүү бийлик эки күн мурда эле айылда кырдаал тынч экенин айткан. Айыл тургундары жарыялаган видеолордон аймак аткыланганын көрүүгө болот. Москва аймакка такоолдогу аскерлерин, авиация, танктарды, артиллерия жана дрондорун тартты. Ошого карабай орус бийлиги 11-августта украин күчтөрү айрым аймактарда 30 чакырымга чейин кирип барганын мойнуна алды.

Курск аймагынан коопсуз жакка эвакуацияланып жаткан тургундар. 9-август, 2024-жыл.
Курск аймагынан коопсуз жакка эвакуацияланып жаткан тургундар. 9-август, 2024-жыл.

Орусиялык саясий-аскердик эксперт Юрий Федоров "Настоящее время" телеканалына курган маегинде орус бийлиги үчүн украин армиясынын кирип барышы күтүүсүз болгонун айтты.

"Кремлде мунун баары кандайдыр бир дүрбөлөң менен кабыл алынгандай. Украин күчтөрүнүн бул чабуулга даярданып жатканы тууралуу чалгын кызматы билгенби, жеткиргенби, айтыш оор. Эмнеси болсо да, Башкы штаб бул маалыматка маани бербегени айдан ачык. Анткени алгачкы эки күн Орусиянын саясий жетекчилиги, аскердик командычылыгы эмне кылар айласын таппай калды. Муну биз Коопсуздук кеңешинин тар жана кеңири форматта өткөн жыйындарынан, Путиндин “масштабдуу чагымчылдык” деген сөздөрүнөн эле байкасак болот", - деди Федоров.

Эл аралык маалымат агенттиктери Курск облусуна багыт алган украин аскердик техникасынын видеолорун жарыялашууда. Журналисттер белгилегендей, чек арада ондогон аскердик машинелерди көрүүгө болот. Буга чейин "Франц пресс" агенттиги Курск облусуна миңдеген украин аскерлери кирип барганын жазган. Басылма белгилегендей, украин армиясынын башкы максаты - Орусиянын аймагын дестабилдиштирүү.

Бир нече күн Курскидеги окуялар тууралуу үн катпай келген украин президенти Владимир Зеленский 10-августта украин күчтөрүнүн кирип барганын кыйыр түрдө ырастады.

"Бүгүн башкы кол башчы Сырский фронт тилкесиндеги кырдаал жана согушту агрессордун аймагына сүрүп чыгаруу боюнча биздин аракеттери тууралуу отчет берди. Мен бул үчүн Коргонуу күчтөрүнүн ар бир бөлүгүнө ыраазылык билдирем. Украина адилеттүүлүктү кантип орнотуш керек экенин билерин далилдеп жатат", - деди Зеленский.

Орусиянын Коргоо министрлиги Курск облусуна кирип келген украин армиясына сокку урууну улантып жатканын билдирди. Insider басылмасынын журналисттери белгилегендей, Коргоо министрлиги “ийгиликтүү соккулар” деп жарыялаган видеокадрлардын айрымдары буга чейин эле башка жактардан тартылган. Маселен, РИА Новости агенттиги жарыялаган бир видеодо Курск облусундагы украин аскерлерине С-13 авиаракеталар менен сокку урулганы кабарланат. Чындыгында бул видеолор буга чейин эле Донбасста тартылганын журналисттер аныкташкан.

Белгороддогу кырдаал

Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков 12-августта чек аралаш Краснояружск районунун тургундарын эвакуациялоо тууралуу чечимди жарыялады.

“Бизде таң тынч болгон жок. Душман Краснояружск районунун чек арасында активдешти. Калктын амандыгын, саламаттыгын камсыздаш үчүн биз райондо жашагандарды коопсуз жактарга көчүрүүдөбүз”, - деди Гладков телеграм аркылуу жарыялаган видеодо. Ал канча киши каякка көчүрүлөрүн тактаган жок.

Орусиялык аскердик блогерлер жекшембиде эле украин күчтөрү аталган аймакка Колотиловкага чабуул коюшканын жазган. Краснояружск району Курск облусунун Сужа шаарынан 45 чакырым алыстыкта жайгашкан. Батыш тарабы Украина, түндүгү Курск облусу менен чектешет.

9-августтан бери Украина менен чектеш Белгород, Брянск, Курск облустарында контртеррор операциясынын режими киргизилген. Ал эми Курск облусунда федералдык масштабда өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Орусиянын Коргоо министрлиги 12-августта үч облуста 18 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Мекеме тараткан билдирүүгө караганда, Курск облусунда 11, Белгород облусунда беш, Воронеж облусунда эки учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG