Кыргызстанда беш ай мурун камакка алынган 11 журналисттин иши боюнча алдын ала угуу отуруму 7-июнда болду. Жабык сотко судья Кылычбек Истамкулов төрагалык кылды.
Адвокаттар бир канча өтүнүч келтирип, кылмыш ишин кыскартуу, бөгөт чараларды өзгөртүү, далилдерди алдыртуу жана четтетүүнү суранышкан. Мамлекеттик айыптоочулар бул өтүнүчтөргө жүйөлүү себеп жоктугун айтышты.
Учурда тергөө абагында отурган төртөө: “Temirov Live” жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана “Temirov Live” редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекееванын камак мөөнөтү 8-августка чейин узартылды. Алардын үй камагына чыгаруу өтүнүчү канааттандырлбаганын адвокат Улан Сатыбеков билдирди.
Жактоочулар Айке Бейшекеева тишине мурда койдурган кашааны (брекет) алдырыш үчүн стоматологго муктаж экенин айтышкан. Бирок ал өтүнүч канааттандырылган жок.
Соттун дагы бир чечими менен “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасында) иштеген Сайпидин Султаналиевдин бөгөт чарасы үй камагынан тилкаттын негизинде Кыргызстандан сыртка чыкпоо чечимине өзгөртүлдү. Бул тууралуу анын адвокаты Нурсултан Жаныбеков маалымдады.
"Өтүнүч толук канааттандырылды. Эми ал Кыргызстандын аймагында ээн-эркин жүрүүгө, соттун чакыруусу менен отурумдарга келип турууга милдеттүү. Буга анын карамагында бойго жете элек баласы бар экени, жумушуна байланыштуу себептер да эске алынды",- деди адвокат.
Анын алдында Султаналиев үй камагына байланыштуу Чүйдүн Аламүдүн районунан Бишкекке да келип-кетүү мүмкүнчүлүгү болбой жатканын айткан.
“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасында иштеген, иликтөө менен алектенген 11 журналисттин үйүндө быйыл 16-январда таң эрте милиция тинтүү жүргүзүп, кармап кеткен. Эртеси Биринчи май райондук сотунун чечими менен баары камакка алынган. Бир канча убакыттан кийин алтоо үй камагына, бир киши Кыргызстандан сыртка чыкпоо тилкаты менен бошотулган. Төрт журналист камакта калган.
Ички иштер министрлиги журналисттерге Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген. Журналисттер айыптоону четке кагып, бул алардын кесиптик ишмердигине байланыштуу экенин айтып келишет.
Иш башта Бишкектин Биринчи май райондук сотуна берилген. 10-майда ишти Ленин райондук сотуна жиберүү тууралуу токтом чыккан. Адвокаттар ага макул болбой, апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. 28-майда Бишкек шаардык соту арызды карай баштап, бирок прокурордун "токтом даттанууга жатпайт" деген өтүнүчүнүн негизинде кийинкиге калтырган.
Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. Эл аралык "Адилеттик үчүн" Клуни фонду кыргыз бийлигин журналисттерге коюлган айыптарды алып салууга үндөгөн.
Ошондой эле аталган уюм камакта журналист Махабат Тажибек кызы сабалганы тууралуу маалыматка тынчсыздануу билдирип, абактагы журналисттерди эркиндикке чыгаруу боюнча БУУнун жумушчу тобуна арыз менен кайрылган.
Ушундай эле билдирүүнү “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму (Reporters Without Borders – RSF) дагы тараткан.
Тергөө абагында отурган журналисттердин бири Актилек Капаров 30-майда жалпыга маалымдоо каражаттарына кат жазып, камакта мыйзамсыз жатканын белгилеген жана бул убакытта бир да жолу тергөө амалдары үчүн чыгарылбаганын, иш сотко өткөрүлөр маалда гана тергөөчүлөр учкай суракка алганын билдирген.
“Мени токтоосуз түрдө тергөө абагынан бошотууну жана мага карата куугунтукту токтотууну талап кылам. Мен мага каршы жасалып жаткан бул башаламандыктарга каршымын жана колумду кескилеп жатам!” – деп жазган Капаров.
Мунун артынан Жаза аткаруу кызматы маалымат таратып, ал 28-майда сот залына кирерде калем (ручка) менен колдорун чийгилеп салганын билдирип, журналисттин билектеринин арт жагы тилинген сүрөттөрдү жарыялаган.
Кылмыш иши козголгон журналисттердин көбү мамлекеттеги коррупция, аткаминерлердин күмөндүү иштери тууралуу иликтөөлөрү менен белгилүү.
Президент Садыр Жапаров алардын ишине сот гана баа берерин билдирип, кыргыз бийлиги сапаттуу иликтөөчү журналистиканы колдой турганын, жоопкерчилиги жок сөз эркиндигине каршы экенин айткан.
"Кабар" маалымат агенттиги ички иштер министри Улан Ниязбеков 11 журналисттин кармалышында саясий себеп жок деп айтканын 11-апрелде жарыялаган. Министр аларды "жалган маалымат таратып, элди дүрбөтүп жатат", "экөө гана журналист, калгандары блогер атыккандар, жогорку билими жок" деп айыптаган.
Медиа коомчулук жана укук коргоочулар журналисттердин камалышын сөз эркиндигин муунтуу деп баалашат. Эксперттер бул кырдаал Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абройун түшүрүп жатканын коңгуроо кагып келатышат.