Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:49

Тергөө абагындагы чыр: ЖАМК четке какты, журналист БУУга кайрылат


Камакта жаткан Махабат Тажибек кызы
Камакта жаткан Махабат Тажибек кызы

Беш айдан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган журналист, "Temirov Live" жана "Айт айт десе" долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызы абакта сабалганы тууралуу сүрөттөр жарыяланды. Жаза аткаруу кызматы ага кызматкерлер кол көтөрдү деген маалыматты четке кагууда.

Тажибек кызы сабалганы тууралуу маалымат апрелдин башында чыгып, Кыйноолорду алдын алуу борбору, Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү абакка барышып, анын абалы менен таанышкан.

Кыйноолорду алдын алуу борбору ошол кезде тарткан сүрөттөрүн адвокаттар 12-майда алганы белгилүү болду. Махабат Тажибек кызынын күйөөсү, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров ал сүрөттөрдү социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялады. Ал аялын абак кызматкерлери сабаганын жана орой мамиле жасап жатканын айтып жатат. ЖАМК муну төгүндөп, күнөөнү Тажибек кызына оодарууда.

"Эл аралык коомчулукка кайрылабыз"

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун айтымында, 4-апрелде Махабат Тажибек кызын жана аны менен чогуу отургандарды абактын кызматкерлери ур-токмокко алган.

Темиров бул окуяга байланыштуу БУУга кайрылып жатканын "Азаттыкка" билдирди.

"Махабат Тажибек кызы алган жарааттар тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысынын айткандары туура эмес. Ал Махабат жыгылып кетип, керебетке урунганын айткан. Бирок анын денесинде көгала тактар көп. Башына койгулаганда колу менен коргонгонун айткандар көп. Биз муну жөн калтырбайбыз. Башында эле прокуратурага арыз бергенбиз, алардын жообун күтүп атабыз. Эгер Жаза аткаруу кызматынын кызматкерине каршы кылмыш иши козголбосо, биз сотко барабыз жана эл аралык инстанцияларга, БУУнун комитеттерине чейин жетебиз", - журналист Биринчи Май райондук соту кылмыштын курамы жок деп иштин материалдарын алгысы келбей жатат деп эсептейт.

Ал Махабат Тажибек кызы менен кошо айыпталып жаткан журналисттердин ишине байланыштуу да БУУга кайрылганын билдирди.

"Басым болгон эмес"

Жаза аткаруу кызматы журналистке кызматкерлер кол көтөрдү деген маалыматтарды четке какты.

"Тажибек кызы сабалды" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Тагыраагы, 5-апрель күнү саат 10:00дө айыпкерлердин бирин башка камерага которуу боюнча чечим кабыл алынган. Бирок буга Тажибек кызы жана анын жанындагылар каршы болуп, кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын аткаруудан баш тартышкан. Бул факт каттоого алынып, Тажибек кызы медициналык кароодон өтүп, анын колдорунда кызарган тактар бар экени аныкталган. Кызматтык иликтөөдө бул тактар анын суранычы менен бир камерада отургандар тарабынан жасалганы да аныкталган. Ал муну менен катаал мамилеге кабылып, сабалып жатканын билдиргиси келген. Бирок мекеменин кызматкерлери айыпкерге кол көтөрүп же психикалык басым жасаган эмес", - деп айтылат Жаза аткаруу кызматы тараткан маалыматта.

Аталган мекеме 5-апрелде Тажибек кызы отурган камерадагы бир аялды башка камерага которуу учурунда ал жерде отургандар каршы чыгып, ошол учурда абак кызматкерлери менен ары-бери тартышып кетишкен деген маалымат тараткан.

Акыйкатчы институтунун адиси Эмил Жандаев ошол кезде абакка барышканда Махабат Тажибек кызы арыз жазганын, анда абак кызматкерлери орой мамиле жасап, кол көтөргөнүн айтканын билдирген. Анын айтымында, чырга 4-апрелде Тажибек кызы менен бир камерада отурган Кудайбергенованы башка камерага которуу аракети себеп болгон:

"5-апрелде абак кызматкерлери кайра келип, Кудайбергенованы башка камерага күчтөп котором деген. Аны жанындагы Аранова жана Тажибек кызы коргогон, натыйжада чыр чыккан. Тажибек кызы негизсиз күч колдонду деп түшүнүк кат берди. Биздин кызматкерлер тышкы кароо жүргүзгөн. Анда Махабат Тажибек кызынын эки колунда, сол жаагында, сол колтугунда көгала тактар бар экени аныкталды. Бул Тажибек кызына карата күч колдонулганын далилдейт. Бирок анын себептерин, кызматкерлердин аракетин тергөө аныктайт", - деп билдирген Жандаев 7-апрелде "Азаттыкка".

Камерадан камерага которуудан улам чыккан чыр

Абактагы талаш-тартыш ал жакта отургандардын камераларын алмаштыруу аракетинен улам чыккан. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков камералардагы адамдардын ордун алмаштырып, ким каякта отурарын аныктоого Жаза аткаруу кызматынын укугу бар экенин айтты:

Бакыт Рысбеков
Бакыт Рысбеков

"Камерадан камерага жылдыруу - бул алардын абсолюттук укугу. Мыйзамдын өзүнүн талаптары да бар. Мисалы, мурда кылмыш жасагандар, биринчи жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылып аткандар, андан сырткары психологиялык жактан бири-бирине туура келген же келбегендер, же болбосо узак убакыттан бери бир камерада отуруп калгандар арасындагы чыр-чатактар. Айтор, камерадан камерага которуу - Жаза аткаруу кызматынын өзүнүн укугу. Алар бул ишти такай жасап турат. Бул камакта отурган бир гана аял кишилерге тиешелүү эмес, эркектер да которулат. Муну мыйзамсыз иш катары, жазалоо катары кабыл алуу туура эмес".

Соттун токтому

Тажибек кызынын адвокаты Улан Сейитбеков зомбулук жана уруп-согуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоону өтүнүп Башкы прокуратурага кайрылган. 11-апрелде жазылган кайрылууда Жаза аткаруу кызматында иштеген адиси А.К. аттуу адисти кылмыш жоопкерчилигине тартуу керектиги айтылат. Адвокаттын айтымында, А.Р. Тажибек кызына кол көтөрүп, ур-токмокко алган. Башкы прокуратура арыз боюнча текшерүү жүрүп жатканын билдирген, азырынча анын жыйынтыгы боюнча маалымат жок.

Быйыл январь айында жапырт кармалган 11 журналисттин иши 8-май күнү Биринчи Май райондук сотуна түшкөн. Бирок 20дан ашык томдон турган иш Ленин райондук сотуна жөнөтүлгөнүн адвокаттар 10-майда иштин материалдары менен таанышып, өтүнүч келтирүүнү пландап жаткан кезде билишкен.

Биринчи Май райондук сотунун кызматкерлери иш Ленин райондук сотуна жөнөтүлгөнүн билдирип, себебин түшүндүргөн эмес.

"Ошол эле күнү биз Ленин районук сотуна барсак, биздин көзүбүзчө ишти

Улан Сейитбеков
Улан Сейитбеков

кабыл албай коюшту да, кайра Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүп салышты. Иштер турат, кайра жөнөтөбүз деген. 13-май күнү Биринчи Май райондук сотуна барсак, иштин материалдары келиптир, бирок аны менен тааныша алган жокпуз, себеби иш бөлүнө элек экен. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык, иш кайсы жерде тергелсе, ошол жердин соту карашы керек. Биздин ишти ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы тергеген, демек Биринчи Май райондук сотуна түшүшү керек болчу. Ошондуктан алгач туура эле Биринчи Май райондук сотуна түшкөн деп эсептейбиз. Бирок эмне себептен Ленин районуна жөнөтүлгөнү түшүнүксүз, маалымат жок. Эми он күндөн кийин кайра Ленин райондук сотуна жөнөтөбүз дешти. Жөнөтүү жөнүндө соттун токтому ошондо күчүнө кирет, бирок биз ал токтомду ала албай жатабыз", - деди Улан Сейитбеков.

Юрист Таттуубүбү Эргешбаева иш бир райондук соттон экинчисине жөнөтүлүш үчүн укуктук негиздеме болушу керектигин эскертти.

Таттуубүбү Эргешбаева
Таттуубүбү Эргешбаева

"Мыйзамга ылайык, районго тиешелүү иш ошол райондук сотунда каралат. Эгер тергөөнүн, прокуратуранын сунушу менен жана аныкталган жагдайлар менен Биринчи Май райондук сотунан Ленин райондук сотуна өтсө, анда кандайдыр бир укуктук негиздеме бар. Бирок ортодон убакыт жоготкону, тергөө абагында көп отуруп калганы адам укуктарын бузууга кирет. Ал эми бир соттон экинчи сотко жиберүүгө укуктук негиздеме болсо, муну туура эмес деп айта албайбыз".

16-январда Ички иштер министрлиги “Temirov Live” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Азыр алардын төртөө тергөө абагында отурат.

Журналисттерге Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгон. Алардын баары айыпты четке кагып, муну өздөрүнүн иликтөөлөрү менен байланыштырып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG