Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:11

"Колумду кескиледим". Журналист Актилек Капаров абактан кат жазды


Актилек Капаров.
Актилек Капаров.

Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган журналист Актилек Капаров өзүн токтоосуз бошотууну талап кылып, колун кескилеп салганы тууралуу кат жазды.

Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган журналист Актилек Капаров Кыргызстандагы он чакты жалпыга маалымдоо каражаттарына кат жазып, өзүнө тагылган айыптар, иштин деталдары жана башка жагдайлар жөнүндө маалыматтарды берди.

“Азаттыкка” анын каты журналисттин кесиптештери аркылуу тийди.

"Менин өмүрүмө бийлик жооп берет"

Актилек беш айдан бери камакта мыйзамсыз жатканын белгилеп, бул убакытта бир да жолу тергөө амалдары үчүн чыгарылбаганын, иш сотко өткөрүлөр маалда гана тергөөчүлөр учкай суракка алганын билдирди.

Капаров кылмыш иши Temirov Live жана “Айт, айт десе” каналдарына чыккан видеого байланыштуу козголгонун, ал өзү аталган редакцияда былтыртан бери иштебей турганын, аны коомчулук да, бийлик өкүлдөрү да билерин тактайт. Ага карабай ал жана бул редакцияларда иштебеген башка журналисттердин кармалышын Актилек Капаров кесиптик ишине байланыштырды.

“Мени түрмөгө отургузуу кимге пайда алып келет? Мени кеп болуп жаткан видеолорго байланыштуу куугунтукка алып жатышпаганына толук ишенем. Мени өзүмдүн журналисттик ишим үчүн, депутаттарды жана аткаминерлерди айып пул төлөөгө мажбурлаганым үчүн куугунтукка алып жатышат. Мени өлкөнүн жогорку жетекчилеринин коррупциялык схемаларын ачыктаганым үчүн куугунтукташууда”, – деп жазды ал.

Журналист мисал катары Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун, башка аткаминерлердин жакындары, бийлик өкүлдөрүнө жакын компаниялар тендерлерди утуп жатканы, президент Садыр Жапаровдун кудасы Турусбек Түмөнбаев жана башка темалар жөнүндө соңку иликтөөлөрүн келтирген.

“Мени токтоосуз түрдө №1 тергөө абагынан бошотууну жана мага карата куугунтукту токтотууну талап кылам. Мен мага каршы жасалып жаткан бул башаламандыктарга каршымын жана колумду кескилеп жатам! Temirov Live редакциясынын жетекчиси Махабат Тажибек кызынын тергөө абагында сабалышы боюнча фактыларды, ошондой эле кармалган акын Аскат Жетигендин кыйноого алынышын (аны электр тогу менен кыйнашкан) эске алуу менен менин өмүрүм жана коопсуздугум үчүн президент Садыр Жапаров күч кызматтарынын жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Улан Ниязбеков, башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жана башкалар жеке жооп беришет”, – деп жазды Актилек Капаров.

Актилек Капаровдун абактан жазган каты.
Актилек Капаровдун абактан жазган каты.

"Тергөө амалдары жүргөн жок"

Актилектин адвокаты Самат Матцаков Капаровдун журналисттерге жолдогон бул катын 28-майда Бишкек шаардык сотуна барганда өзүнөн алганын билдирди. Ал 31-майда №1 тергөө абагына барып, кабар аларын да кошумчалады.

“Ал колун кескилеген, бирок кайсы колун кантип жана кандай кескилегени тууралуу менин маалыматым жок. Азыркы тапта иш тергелип бүтүп, сотко өттү. Тергөөчү Капаровду чакырбаганынан сырткары, тергөө амалдары жүргөн эмес. Мен бул тууралуу өтүнүч келтирип, иштин материалдарынын көчүрмөсүн берүүнү талап кылгам. Бирок менин мындай өтүнүчтөрүмө ИИМдин тергөө кызматынын тергөөчүсү Байышов эч кандай реакция жасаган жок. Анын аракеттерин тергөө судьялары мыйзамсыз деп тапканына карабай ал актыларды ишке ашырган эмес. Себеби, Байышов иштин материалдары менен таанышканда мага билдирүү жибергенин айтып жатат. Бирок ал чындыкка дал келбейт. Ал соттук чечимдерди аткарбаганынын өзү эле кылмыш иш. Биз азыр Акыйкатчы институтуна кат даярдап жатабыз. Анда алар өз укугуна таянып, текшерүү иштерин жүргүзүшү керек”, - деди Матцаков.

Акыйкатчы институтунун өкүлү Эмил Жандаев бул кабарды угары менен тергөө абагына өкүлдөрдү жибергенин, Капаров колун кескени ырасталса, Башкы прокуратурага кайрылыша турганын биллдирди.

“Бир сааттын ичинде эле маалымат чыкты. Биз тергөө абагына өз кызматкерлерибизди жибердик. Капаров катта “туура эмес күнөө койду” деген маселени козгоп атпайбы. Биз тергөө амалдарына кийлигишип, “күнөөлүү” же “күнөөсүз” дей албайбыз. Анын баарын сот чечет. Акыркы маалыматтар боюнча иштин материалдары сотко өткөн, эми изилденет. Ал эми колун кести деген боюнча биздин балдар барып, көрүп, текшерип, баарын тактап жазып алат. Эгер колун кессе акты түзүлүп, Капаровдон түшүнүк кат алынат. Материалдар топтолуп, кайра эле Башкы прокуратурага текшерүүгө жөнөтүлөт”.

ЖАКтын билдирүүсү

№1 тергөө абагы караган Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы түштөн кийин Актилек Капаровдун ишине байланыштуу Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү жана Кыйноолорго каршы улуттук борборунун өкүлдөрү келип айыпталуучу менен маектешүү жүргүзүп, тушүндүрүү иштерин жүргүзүп кеткенин билдирди.

"Интернет желесинде ЖАКтын №21 мекемесинде кармалып турган айыпталуучу Капаров Мааданбек (Актилек) Таалайбековичтин абак бөлмөсүнөн өз өмүрүнө кол салганы тууралуу жаңылык тарап жатат. Аталган айыпталуучу менен маектешүү учурунда ал 2024-жылдын 28-майда сот залына кирээрде калемсап менен колдорун чийгилегенин айтып берген. Ошондой эле, мекеменин кызматкерлерине жана абак бөлмөнүн жашоо шартына арыз доосу жок экенин оозеки билдирип, түшүнүк кат жазуудан жана денесин медициналык кароодон өткөрүүдөн баш тартты. Ал боюнча мекеменин кызматкерлери тарабынан тиешелүү акт түзүлдү", - деп жазылган маалыматта.

ЖАК материал мамлекеттик эсептөө журналына катталып, прокурордун көрсөтмөсү менен аймактар боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилгенин кошумчалады.

Учурда абакта жаткан 11 журналисттин иши Ленин райондук сотунда карала турганын 28-майда белгилүү болгон. Ага чейин Биринчи май райондук сотунда каралып келген.

"11 журналисттин ишин туруктуу кароону Ленин райондук сотуна жиберүү тууралуу токтомду 10-майда Биринчи май райондук соту чыгарган. Адвокаттар ага макул болбой, апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан. 28-майда Бишкек шаардык соту арызды карай баштап, бирок прокурордун "токтом даттанууга жатпайт" деген өтүнүчүнүн негизинде караган жок. Иштин материалдары соттун кеңсеси аркылуу Ленин райондук сотуна жиберилет. Иш сотко түшкөндөн кийинки он күн ичинде Ленин райсоту алдын ала сот отурумун дайындоого тийиш", - деп түшүндүргөн журналист Сайпидин Султаналиевдин адвокаты Нурсултан Жаныбеков.

Ушул тапта абакта төрт журналист: “Temirov Live” жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана “Temirov Live” редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта жатат. Жети журналист үй камагына чыгарылган.

"Журналисттин колун кескени кооптуу көрүнүш"

Журналист Семетей Аманбеков журналисттин мындай билдирүү таратышын кооптуу коңгуроо катары сыпаттады.

"Кыргызстандын медиа аракет платформасы" деген бар, анын жетекчилиги бар, ошол жактан демилге түзүп, бардык журналисттер, жарандык активисттер бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кошулуп, бир кайрылуу жасашы керек. Анткени бул абдан кооптуу, коркунучтуу нерсе. Биз президентке жолукканда да журналисттер террорист эмес экенин, коомго коркунуч алып келбей турганын айтканбыз. Алар эч жакка качып кетпейт, кое берип койсоңор туура болмок дегенбиз. Маселен, алардын арасында аял кишилер, жаштар бар. Аларды абакта кармагандын кажети жок деген ойлорду айтканда, реакция болуп алардын бир канчасы кое берилген. Эми менин ойлойм дагы бир жолу кайрылып, алар абакта көз жумбасын, өмүрүн кыйып албайлы деп кайрылуу болуш керек. Бийлик менен бир диалогго келип, ошону сүйлөшүү керек", - деди Аманбеков.

Ушундай эле билдирүүлөрдү журналисттер, укук коргоочулар социалдык тармактарга жазып жатышат. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Капаровдун катынын көчүрмөсүн жарыялады.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. 17-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын кармалган кызматкерлерин 13-мартка чейин камакка алган.


ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Журналисттер коюлган айыпты четке кагышкан. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG