Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:17

Ленин райондук соту төрт журналисттин абактагы мөөнөтүн узартты


Камакта калган төрт журналист.
Камакта калган төрт журналист.

Бишкектин Ленин райондук сотунда журналисттердин бөгөт чарасы каралып, алардын абактагы мөөнөтү 2-октябрга чейин узартылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” журналисттердин адвокаты Улан Сейитбеков 1-августта билдирди.

Отурумда жактоочу абактагы төрт журналисттин бөгөт чарасын камакка алуудан башка чарага өзгөртүп берүүнү өтүнүп, сот аны канааттандырган эмес.

Журналисттердин иши боюнча отурум ар аптанын бейшемби күнү болуп жаткан. Судья Кылычбек Истамкулов эмгек өргүүсүнө чыкканына байланыштуу 29-августтан баштап уланмай болду.

25-июлдагы отурумда кылмыш ишине негиз болгон политологиялык экспертиза жүргүзгөн Улуттук илимдер академиясынын кызматкери Азамат Жаныбек уулу көрсөтмө бермек. Бирок ал эмгек өргүүсүнө чыгып кеткендиктен, сотко келбегени маалым болгон.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Кийинчерээк Максат Тажыбек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сапарбек Акунбеков, Сайпидин Султаналиев жана Тыныстан Асыпбеков үй камагына чыккан.

Ушу тапта төрт журналист - Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков, Актилек Капаров жана Айке Бейшекеева камакта.

Милиция “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларындагы материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып келет. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

XS
SM
MD
LG