Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:08

Абак күндөлүгү: Эркиндик башаты - үй-бүлөдө


Олжобай Шакир - жазуучу, публицист жана коомдук ишмер, жарандык активист. Учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен кылмыш иши козголгон. Ал өзүнө тагылган айыпты четке каккан.

Олжобай Шакир абактан жазган жаңы катын адвокаты аркылуу берип жиберген.

Өткөндө “Азаттыкка” жөнөткөн “Күндөлүк” ичиндеги “Эл жөнүндө эссе” дегеним жарыкка чыктыбы, жокпу билбейм. Себеби адвокатымдан баарын сурап териштирүүгө ар дайым эле убакыт жетпейт.

Аталган эссени да аягына чейин жазууга чолом тийбей калган, себеби так ошол теманы жарымдап калган кезде, адвокатым келип калыптыр. Шашылыш бойдон “Күндөлүктү” адвокатка карматууга туура келди. Буга атайы токтолгон себебим, “Азаттыктын” дайымкы окурмандары ошол эссе аркылуу дагы эмнени айткым келгенин төмөнкү чыгармамдан туюнар дейм.

Эссени жаза баштагандагы маанайым, демимди кайра табуу кыйын болду мага. Ошол себептен ыр менен туюнтууга туура келди. Албетте, “Азаттык” адабий сайт эмес, бирок ошого карабай “Күндөлүк” ичиндеги ырларымды да жарыялап келатканы үчүн “Азаттыктын” редакциясына ыраазычылык билдирем.

ОЙГОТКУЛА ЖҮРӨКТҮ

1.

Аялзат о, асыл жан,

Арманың зор жашырган.

Көз жашыңды көп көрдүм,

Көңүл сыздап өткөрдүм.

Катып жүргөн өзөктө,

Казалым бар кезекте.

Баш, көз шишип келтекке,

Башың ийип эркекке,

Басынганың басынган,

Бааң бычылып жашыңдан.

“Кыз”, - дегенде, - төрөлгөн” –

Кырк жылкысың төлөнгөн!

Кунуң малга теңеген

Курган элбиз не деген?!

Ар ким сага ыркыйган,

Тыюу салат кырк үйдөн.

Не мынча жок баркыңар,

Көтөрүмдүү жансыңар?

Уул саны көбөйбөй,

Кыз байкуштар өгөйдөй.

Бака баш эр сөрөйдөн,

Кыз да, уул да төрөлгөн.

Баасы бирок айырма:

Салт, нарк – бүтпөс кайырма.

Бала – белде. Болжолу...

Катын – жолдо. Олжобу?

Атам заман доорунан

Арылбаган шорунан.

Ачылбаса көзүңөр –

Айып кылган өзүңөр,

Сыздаса да чучугуң,

Тебелетип укугуң.

Баш көтөрбөс жансыңар,

Бай, кедейге – малсыңар.

Бааңды бычып ата-эне –

Баркың базар бат эле!

Элбиз кызын пул кылган!

Элбиз кызын күң кылган!

2.

Айтаар эми акың бар:

“Кырк жылкыңа сатылбайм!”

Айт оюңду. Тартынба!

Ачылсын көз калкыңда!

Кыргыз өзүң оңдосун:

Кырк үй кызын колдосун!

Айт, айт! Жерди караба!

Көздү тике када да:

Бакырса да эркекке

“Баш ийбейм! – де келтекке”.

Как эркектин кесирин,

Сураткының кечирим!

Уулуң болуп калса да,

Уу камчысын талкала!

Келиниңди кордотпо,

Келечегин шорлотпо!

Кыз-кыркынды бөпөлөп,

Кыйырыңа көкөлөт!

Өстүр эркин, кайратын,

Эркиндиктен тайбасын.

Учурбагын кутуңду,

Улайт кыздар тукумду.

Көрөңгөсүн улуттун,

Көп эркектер курутту!

Калк мүнөзү ошондон –

Канча кылым моконгон?!

Сенсиң ЭНЕ улутка!

Сен өзүңдү курутпа!

Эркек күчү – билекте,

Сенин күчүң – жүрөктө!

22.09.23

***

Таңкы саат 4:00тө ойгондум. Укмуштуу түш көрдүм бир. Көзүмдү ачсам эле көргөн түшүм шурудай чачылып кетерин билип, көздү жуумп жата бердим. Тасмадай чубуртуп, эстеп калууга аракет кылдым. Турбадым. Көргөн түшүмдү эки-үч сыйралап эс тутумга түйгөндөн кийин турдум. Кофе кайнатып ичер замат ошол түшүмдү аңгеме түрүндө кагазга түшүрдүм. Аталышы – “Руханий Конституция”.

***

Бүгүн ишемби күн. Абактарга ар ким тамак-аш, күнүмдүк турмушка керектүү буюмдарды киргизет. Азыр ушул мүнөттөрдө келинчегим да сыртта чебелектеп жүргөнүн билем. Өткөн жумада кезигишкенибизде айтты эле. “Бул жакка жумасына эки-үч жолу келем. Келем да, сен отурган абактын терезеси кайсы тарабында болду экен деп, УКМКнын имаратын бүт айланып чыгам...”.

Муну угуп, өзүмдү араң кармандым. Ошондон улам азыр береги үч куплет ыр өзүнөн-өзү төгүлдү...

ТЕҢШЕРИК

Сен ойдон кетпей жаным эңшерилем,

Бүгүн да айланчыктап абак жайын,

Тамак-аш алып келдиң, теңшеригим,

Таң атпай туруп эрте, сабап жаның.

Терезем тетир жакты караса да,

Телмирип тиктейм сыртты. Сени көрбөйм.

Өзүңдөн ажыратып каматса да,

Денемден, теңшеригим, сени бөлбөйм.

Көрүнөр деген куру үмүт менен

Тиктейсиң көп кабаттуу туш тарапты.

Телмирем терезеде күйүт менен...

Көрүнөт асман гана куштар акчу.

23.09.23

***

Эркиндикте жүргөндө ойлор чачыранды эле. Сонун идеялар келет. Ана жазам, мына жазам деп жүрө бермей. А бул жактан жарк эткен ойлор, кусалар, сагынычтар, идеялар дароо кагазга түшөт. Эртеңкиге калбайт. Эртең келер эмне идея, эмне тема – күттүрбөйт. Жогорудагы ыр да күтүүсүз жаралды. Тек гана Назгүл ушул мүнөттөрдө абак сыртында узун кезекте тургандардын арасында элеңдеп, ар кайсы терезелерди тиктеп, мага киргизер баштык-үштүктөрүн бирден санап жүргөнүн элестетип отуруп, ыр шыр жазылды. Үч куплети тең бир шилтем менен кетти.

***

Эсиме келе калганда керебеттин алдындагы түйүнчөктүн оозун ачам. Түйүнчөктө тоолордун, жаратылыштын жыты бар. Назгүл арча менен шыбак издеп, тоодон терип келген өсүмдүктөр алар.

***

Салкын түшкөндөн бери жакшы болуп калды. Терезе түнкүсүн жабылып, арча түтөтсөк, жыты сыртка кетпей, тоонун кучагында жаткандай уйкуга кетмей. А күн ысыкта кайдан?.. Терезе түнү бою ачык...

***

Абакка түшкөн күндөн бери бүгүнкүдөй жаным жер таппай тынчсызданган күнүм болгон эмес. Ар ишембиде арестанттарга үйүнөн тамак-аш келет. Саат 10дон баштап кароолдо турган жигиттер кимге эмне келсе дароо 2-кабатка түшүрүшөт. Жанымдагы шеригимдин үй-бүлөсүнөн баштык-үштүк келди. Мага жок. Улам сыртка кулагымды түрөм; мени качан чакырып калышат деп шымаланып чуркап чыгууга даяр турам.

Кечки саат 17:00гө жакын менден башканын баары баштык-үштүктөрүн ташынып өткөн сайын, мени түрдүү ой-санаа басты. 82 жаштагы ооруп жаткан кайненем аман турса экен деп тиленем. Бирок ага мен жөнүндө али угузушпаптыр. Бир туруп машина айдаган келинчегим кырсыкка кабылбады бекен деген санаа жегеним айт. “Жок, - дейм кайра өзүмдү жоокалатып, - Назгүл машинени учуруп айдагандардан эмес. Жай айдайт”, - дейм өзүмдү алдап.

Саат бештен өтүп калганда анык санаа кемире турган болгондо кароолчулар мени 2-кабатка барыңыз дегенде, канаттуу куштай сыздым. Тамак-аш келгени үчүн эмес, Назгүлдөн кат-кабар албасам да, эч болбосо анын амандыгын билдирер жаңылык болоруна ишендим.

Чуркап түшүп эле тизменин башындагы фамилияны окудум. Теңшеригимдин кол жазмасын таанып, кагазды чопулдатып өптүм. Толтура баштык-үштүктөрдүм 3-кабатка көтөрүп чыкканда да Назгүлдүн кол тамгасын өптүм. Тамгаларды жыттадым. Толтура тизмеси бар кагазды боорума бастым. Ой-санаам тумандай тарап кетти...

***

Бүгүн бир эмес эки аңгеме жаздым. Жаңы бүткөнү “Тоталитаризм” деген аталышта. “Азаттык” демократиялык баалуулуктардын жарчысы болгондуктан бул аңгемем күндөлүктөр менен катар жарыяланганы орундуу деп ойлойм. Чыгарма чакан болгону менен тоталитаризм доорундагы атмосфераны туюнткандыктан, аталган чыгармамды “Азаттыктын” окурмандарына сунуштагым бар.

ТОТАЛИТАРИЗМ

(аңгеме)

Боз улан короо шыпырып жүргөн.

- Моңолдор кайда? – дарбаза такылдаткан бейтааныш жигит эле бул.

- Түрмөгө кеткен, - деди боз улан, башка кандай жооп бериш керектиги оюна да келбей.

- Кантип түрмөгө?! – күтүүсүз таңгалды тиги. Делдейип катты таш тиштегенсип. – Жакында эле чыгып келип... бу кандай?.. А эмне болуп кайра кетти?

- Билбейм, - ишенимсиз жооп берди боз улан.

- Опе-ей десе, - короо сыртындагы жигит жоопко ишеңкиребей, дагы эле такып сурады: - Сен ушул үйдө жашайсың да ээ?

- Ооба, -деди тигини жактырбай, - жездемди кайра камашыптыр.

- Үйдө сенден чоңураактары барбы?

- Апам бар, эжем бар.

- Эжең ким, Аселби? – Аселди мурда тааныгандай сурады. – Аселди чакырсаң.

Боз улан үйгө кирип кетти.

- Асел эже, эшикте жездемди сурап атат бирөө.

Асел сыртка чыкты кооптонгондой түр менен.

Тигил экөө амандашты. Кол беришти.

Боз улан карап турду экөөнү.

- Моңолдор досум кайда?

- Шаарда, - деди Асел шыр эле.

- А тетиги шүмшүк түрмөгө кайра кетти деп айтпайбы!

Жандана түштү жигит. Маанайы көтөрүлө бакылдаганга өттү:

- Үйүнө барсам, аяш атам кайын-журтуна кетти дегенинен... силердин айылга издеп келсем... Досумду кайра түрмөгө деп жүрөк түшүргөнүчү...

- Шаарда ал, - Асел эжеси эч сыр бербеди. – Кечээ кеткен. Мен да эртең...

- Ошондой эле болсун, - тигинин санаасы тынгансыды. Эжеси менен жездесинин шаардагы тирлигин сураштырды.

Боз улан бир балээден шектенди. Өзү күнөө жасаган немече жымырыла басып, башы шылкыйды да, ары басып короо тирлигине киришти.

Бир убакта апасы жылан басып алгансып үйдөн чаңырып чыкты.

- Өлүк тирлигиңди гана көрөйүн, сениби! Каякта жүрөт ал. А-ай, Жыргал!

- Бияктамын, апа! – боз улан ордунан селт этти.

- Эк... Жерге кирип кетсеңчи ушундан көрө!

- Эмне кылдым мен?

- Шерменде кылбадыңбы элге! – апасы негедир кошуна-колоңдор укпасын дегенсип, үнүн пастатып сүйлөдү.

- Эмне болду?

- Эмне жездеңди түрмөгө кетти деп былжырадың? – апасы шыбырап сүйлөдү. Ар бир сөзү тиштин арасынан сыгылып чыккансып, ышкырык коштоп угулду.

- Түрмөгө кетсе түрмөгө дейм да.

- Эмнеге түрмөгө дейсиң?

- Бери келчи тилиңди сууруп алайын алдагы! Асел шордуу боздоп ыйлап атат... айтып салды деп.

- Эмнени айтыпмын? – боз улан дале сөз төркүнүн аңдабай бүшүркөдү.

- Кандай акылың жок?! Жездеңдин кайра түрмөгө кеткенин эл укпасын деп жүрсөк, сен акмак!.. – туттуккан апасы жанын коёр жер таппай чебелектеди.

– Тиги жакта куда-кудагыйларыбызды да элге шерменде кылбадыңбы, чечек! Эми канттик?.. Элге кантип батабыз, кокуй...

Бозуландын акылына эми жетти чатак. Көрсө, жездесинин түрмөгө кайра кеткени жөнүндө эл ичинде кеп айтылбашы керек тура. Жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй дүк-дүк согуп, билбестиктен чоң ката кылганын түшүндү. Эжеси менен апасынын алдында өз күнөөсүн кантип жуушту билбей башы катты.

***

Андан бери далай жылдар өттү. Эжеси Аселдин ошондогу буркурап боздоп ыйлаганы; апасы жанын коёр жеп таппай чебелектегени бекеринен эмес экен көрсө.

Эми ойлосо, Совет мезгилинде элдин түрмө жөнүндө түшүнүгү өтө терс болгон тура. Түрмө десе жалаң кылмышкерлер, эл душмандары, эл ичиндеги коммунизмге каршы чыккынчылар гана отурат деген түшүнүктөр бекем тура.

Кийин билсе, жездеси тоталитардык совет түзүмүнө каршы сүйлөгөндөрдүн бири экен. Апасынын ошондогу шыбырап сүйлөгөнү; кокуйлаганы; оозунан чыккан ар бир сөзү тиш арасынан сыгылып, сызылып чыгып, ышкырыктай угулганында кеп болгон экен көрсө. Сур булуттуу доордун сүрү экен ал.

Атасы үйдө колхоз башкармасын сөксө да, аны бирөө тыңшап отургансып, оозун колу менен калкалап, шыбырап сөгөр эле. Апасынын “элге кантип батабыз?!” деп кокуйлаганычы...

23.09.23

***

“Руханий Конституция” аталган аңгемемди бүгүн кайра баштан жазмак болдум! Себеби биздин коомго саясый Конституциядан да маанилүү маселе бул. Аңгемемди дагы тереңдетип, ошол эле маалда ар бир окурманым аны жеңил, оңой кабыл алсын үчүн форматын өзгөртүүнү ойлондум. Рухий маселеде ой учуна илингенди жазганым: окурман алдында кечиримсиз!

***

Мага карата козголгон кылмышта “тизгинин кагыш керек”, “камагандан коркпош керек” дегендин мааниси сөз баккан, ой баккан кишиге тургай, мектеп окуучусуна түшүнүктүү. Ушул эки сөз үчүн соттор менин тирсегимден илгилери бар.

Менин тагдырымды чечер болгон соттор ушул эки сөздүн төркүнүн түшүнбөсө, ажыратпаса, алардан эмнени күтүүгө болот? Адилеттиктиби? Акыйкаттыктыбы? Кесиптик жоопкерчиликтиби? Жок!

Мен муну соттордун руханий майыптыгы деп санайм. Фемиде олимпинин мутанттары булар! Сот системасы маскарапоздордун клубу болуп калганы бул! Болбосо “тизгинин кагыш керек” деген сөз маанисин ат жалында өскөн элдин кандай урпагы түшүнбөйт?

Алдыңа минген аттын тизгинин кагып токтотсоң да болот, алдыга теминип жүгүртсөң да болот, кайырсаң да болот. Айтор, тизгинди ар кандай шартта кагасың. Бул сөздүн маанисинен кылмыш элементин табуу мүмкүн эмес! Шермендечилик! “Тизгинди кагыш керек” дегеним – көтөрүп чабыш керек, төрт бутун таңыш керек, бутунан чалыш керек дегенди туюнтпайт.

Эне тилибиздеги эң жөнөкөй төл түшүнүктүн маанисин ажыратпаган сабатсыздык бул! Ат жалында өскөн мал жандуу кыргыз урпагын маскаралагандык бул. Шылдың!

Бала бакча же башталгыч мектеп окуучусу да оңой түшүнөр ушул сөздүн маанисин ажыратпаган соттор коомчулуктун алдында тургай, өздөрүнүн үй-бүлөсүнүн, балдарынын, неберелеринин көзүнө кантип карайт болду экен?..

Өз эне тилинин маанисин түшүнбөгөн соттор эмнеге адам тагдырын чечиши керек? Менин контекстимен бул сөздү кандай максатта сууруп алган күндө да кантип кылмыш элементин чаптоо мүмкүн? “Тизгинин кагыш керек” дегеним – бийликти басып алыш керек, кулатыш керек дегенге жатабы? Жакындабайт дагы!

Соттордун логикасында, корутусунда “тизгинин кагыш керек” дегеним азыркы бийликти шылдыңдап, басмырлагандык имиш. Буга шаардык сотто менин ишимди карап аткан Момуналиев А.Ж. жетектеген жана анын кесиптештеринин Калбаев А.Т., Кожомбердиев Н.К...нын аныктамасында мындай деп сыпатталат: “Его высказывания (“тизгинин кагыш керек”) оскорбляют и унижают действующую власть. Адресованные широкой публике слова (“камагандан коркпош керек”) не соответствуют критериям понятия “мирный митинг”.

Ушу эки сөздүн кайсынысын алба, кантип азыркы бийликтин аброю тебеленип, басмырланып калышы мүмкүн? Тескерисинче, соттордун мага койгон аныктамасы, өкүмү, түшүнүктөрү азыркы бийликтин абийирин аштай төгүп, басмырлап аткан жокпу?. Дегеле басмырлоо, басынтуу, шылдыңдоо дегенге жакындайбы “тизгинин кагыш керек” деген түшүнүк?

***

Эми “камагандан коркпош керек” дегениме келели.

Саясый көз карашың, идеяң үчүн камактан корккон адам ким анда? Эмнеге өз оюмду ачык айтканым үчүн бийликтин камоосунан коркушум керек?

Кыргызстандыктар эмне үчүн бийликтин катасын айтпай, баарыбыз эле кол куушуруп отурушубуз керек? Биз анда кантип Эгемен, Эркин, Демократия дөөлөтүн түптөгөн мамлекет курабыз?!

Эркиндик үчүн өзүбүздү курман чалуудан, камалуудан эмнеге коркушубуз керек? Эгер өлкө келечеги үчүн күрөшүүдөн корксок, камалуудан корксок, эртең биз кандай мамлекет курабыз?!

***

Соттор азыр менин суу кечпес чакырыктарым үчүн беш жылдан өйдө мөөнөткө кесип жиберүү маселесин кароодо. Карашсын. Бирок мен үндөгөн митингге бир адам басып келип борбор шаарга беш сомдук зыян кылдыбы? Жок! Кокус мен элди митингге үндөп, ошондон эле борбор калаабызда тополоң-тоз, башаламандык болуп, имараттар талкаланган болсо, макул мени беш жылга эмес, өмүр бою түрмөдө жатууга буюрса да, андай соттун чечимине терең таазим кылат элем...

Бактыма жараша, дагы жакшы: коомдо анчалык эле бийик абройго ээ эмес адам экениме. Кудай жалгап артыман масса ээрчите турган кудуретим жок экенине шүгүр... Элге сөзүм өтпөйт экен ырас, жан киши басып келген жок борбор аянтка... болбосо 31-август күнү борбор калаабызда тополоң болуп кетпесе экен деп, абакта өзүм кыпылдап отурдум. Үй-бүлөмдүн да, өзүмдүн да тоодой бактым бар экен; эл митингге чогулган жок. Бирок ага болбой соттор дале мага коюлган айыпты жумшарткылары жок. Ырас, анчалык эле менин көзүмдү тазалаш керек болсо, сотто мага каршы көрсөтмө берер бирди-жарым адам болсочу же бир. “Мына О’Шакир колума баланча акча берип, митингге чакырган”, - дечү күбөсү жок соттор анан кантип мени беш жылдан өйдө түрмөгө кесерине акылым айраң...

***

Үйдө кандай эр бүлөмүн: ошондон кеп кылайын. Анткени бийликтин фейктери менин сөөгүмдү агартып атышыптыр соцтармактарда. Тек өз тагдырымды болгонун болгондой жашырбаган шар ооздугумду коомдо билгендер бар, билбегендер бар. Ошо билбегендер мен жөнүндө укмуштуу мифтерди жаратканын абакта отурсам да кабарым бар. Айтор, мени алар да зериктирбегенине ыракмат.

Эмесе мен жөнүндө божомол-дөдөмөлдөргө чекит коёюн адегенде. Ыраматылык биринчи келинчегимдин өлүмүнө себепкер экемин имиш. Кеп мындай: биринчи келинчегим жанда жок мөлтүрөгөн сулуу эле. Мен анда жыйырма тогуз жаштагы колоктоп жүргөн бойдокмун. А колуктум Света (Азан чакырып коюлгандагы аты - Сажира) он үч жашка улуу болсо да, мен аны жакшы көрүп калдым. Ортобузда жалын сүйүү ал экөөбүздү ойноштукка түрттү. Далай күндөр махабат кумарынан башыбыз чыкпай жүрүп, боюна бүтүп калыптыр. Бир күнү келип ыйлады: “Курсактагыны эмне кылам?” “Эмне кылмак элең, төрө. Атасы - мен, энеси – сен турасың! Алдырып салганыбыз кылмыш. Жатындагы түйүлдүктү кесир кылбайлы. Кудайдын белеги ал!” Муну укканда колдору мойнума оролуп, санаасы тынып, көздөрү жайнады...

***

Светаны мен эки кыз, бир уулу менен алдым алганда да. Улуу кызыбыз Динара турмушка чыкканда отуз эки жашта элем. Төрдө куда болуп сый көрдүм. Алдыма уча тартылды. Кийин элге тамашам катуу жакты: “Менин жашымда уча жеген ким бар? Менин жашымда небере эркелеткен ким бар?..”- деп.

Айтор, Света экөөбүздүн бактылуу жашообузга кызыгып интервью кылалы деген журналисттерге да башынан эле баш тартканым жок. Өзүмдүн чыгармачыл чөйрөмө анын баары жаңылык да эмес. Анан калса театр искусствосуна жакын болгонубуз үчүн Света экөөбүз кылтаңдап жетелешип, сылаңкороздонуп жүргөнүбүз да далайдын көзүнө чалынды, сөзүнө алынды. Ушактар жүрдү. Махабат эмне экенин түшүнбөгөндөр “тиги катыны Олжобайдын башын айландырып алыптыр. Молдого дубалатып коюптур” дешкени канча. Ооба, Света өзүнүн аялзаттык асылдыгы, сулуулугу, жароокерлиги менен менин башымды айлантканы чын. Башымды айлантканы чын үчүн он беш жыл бирге жашадык. Чырактай эки уулдуу кылды мени. Борбор калаабызда батирден батирге көчүп, далай орустун сасыган үйлөрүн жууп-тазалап, көчмөндүк турмуштан эзилдик...

Турмушка ал да бышык, мен да бышык болуп, бизнес да кылдык. А баса, “РухЭш” сайтында “Чыйп-чыйп жөжөлөрүм”деген аңгемем бар. Анда чычкактаган жөжөлөрдүн көчүгүн марганцовкалап жууп, бизнести кантип баштаганым жөнүндө турмушума бооруңар эзилет...

***

Кийин Ысык-Көлдүн Тамчы айылында жети жыл кафе иштетип ирдендик, тирлендик. Колго акча токтоло баштады анан.

Бирок Светанын маңдайга жазган өмүрү кыска экен, рак оорусу жабышып тындырды аны. Таянган тоом сол этти ошондо. Өмүрүмдө атамды, апамды, айрым бир туугандарымды жерге бердим, бирок түбөлүк жарыңды жерге бергенден өткөн азадар дарт оор болот экен. Светанын өлүмү мени мөгдөтүп кетти! Чиедей эки баламды жетелеген жесил болгонум аз келгенсип, эки баламдын бирөө өзүнүн гендерлик иденттүүлүгүн менден жашырып келгени канча мүшкүлгө салбады мени...

Бирок тагдырдын башка салган сыноолорун, соккуларын көтөрбөскө арга барбы?.. Светанын керээзин аткардым: “Эки баланы кор кылба”, - деп көз жашы каканактап жатты өлүм алдында. Ошол сөзүн жерге калтырбадым. Эки уулума өгөй мамиле кылбас Назгүлдү таптым. Кудай Таала жаздыгымда жаман кылбады. Биринчи түгөйүм да, экинчи түгөйүм да менин азоо жиндилигиме чыдаган түгөйлөрдөн болушту.

***

Ким бирөөлөр мечитте сыйынат, башкасы чиркөөдө сыйынат. А мен башынан эле үй-бүлө деген ыйык жайга сыйынган кишимин.

Мен үчүн Кудай алдында өз үй-бүлөм үчүн ибадат кылуудан өткөн милдет жок!

***

Ушул жерден бийликтин фейктерине берер соболум бар. Кыргызстанда рак оорусуна кабылган адамды сактап калар медицина барбы? Рак оорусун мамлекеттик деңгээлде чече албай келатсак, мен кантип өзүмдүн өмүрлүк жанымды сактап калуум мүмкүн эле?! Светанын рак оорусунан каза болгонун бийликтин фейктери кандай максатта колдонгулары бар? Мени коомго киши өлтүргөн канкор көрсөтүү саясатыбы бул? Менин көзүмдү тазалоо үчүн жаратылган мифпи?! Дегеле бул бийлик менин үй-бүлөлүк турмушума эмне мынча сасыган мурундарын тыккысы бар?! Жадакалса, трансжигит уулумдун тагдыры эмне мынча бийликтин фейктерине уйку бербей калды?!

***

Менин үй-бүлөлүк баалуулуктарымды мамлекеттик машине да тебелей албайт. Ага кудурети да жетпейт. Себеби мен башынан эле үй-бүлөлүк сепилимди Асман менен Жердин ортосуна тиреп кургамын.

24.09.23

***

Таңкы саат 4:00. Мындайда баары жымжырт сонун иштейсиң. А күндүзү бака-шака. Ушу абакта олтуруп да убакытка сараң болорумду ойлогон эмесмин. Анын үстүнө чыгармачылыктын күүсүнөн өткөн кубаттуу кудурет болбосо керек адамга. Ага бир кирип алгандан кийин эргүүнүн кумары уктатпаганы сонун экен. Мен күндө таң эрте туруп өзүмдүн ыракаттуу чыгармачылыгымды тынымсыз улаганды адатка айланттым. Уктаганга күндүзү деле убактым кенен.

***

Таң жарыгы аткандан баштап темир торлуу терезенин кырына туруп жазганга өтүүм. Дайыма отуруп иштегенге караганда туруп иштегеним ыңгайлуу. Бир жагынан камеранын күңүрт жарыгында көз жакшы көрбөйт. А терезенин кырынан тамгалар бадырайып көрүнөт.

***

Кечээ “Толубай сынчынын арбагы” аттуу мистикалык поэма баштадым. Толубай менен өлкөнүн жети дубанын кыдырып жүрөбүз азыр. Моралдык кризистен башы чыкпаган элибиздин бүгүнкү жашоосу чагылдырылат анда. Биздин реалдуу турмушту мистикалык кубулуш аркылуу көркөм туюнтмалар менен чагылдыруу кызык болчудай...

Аттиң, бугүн биздин коомдо Толубай сынчыдай принципке туруктуу абийирдүү азчылык чөйрө болгондо, сабатсыздар мынча маскаралабайт эле бизди.

Зулум төбөлдүн алдында чырактай эки көзүнөн ажырап каларын сопсонун билип турса да өз акыйкатынан тайбаган Толубай сынчынын арбагын козгогонум да ошондон...

***

Элибизде “Толубайдай сынчы бол, Токтогулдай ырчы бол!” деген нуска эмнеге ооздон түшкүс кеп болуп келгени кызык. Бирок Толубайдай сынчы болууга кыргыз коомунда устатым Салижан Жигитовдой бир адам чыкпаганы кейиштүү.

Баары эле бийликке жуукурланат. Аттуу-баштуулардын элге сөзү өтүмдүү бирөөсүн да таппайбыз. Аксакалдар институту бар эле илгери, бирок алар Толубайды кой, өздөрүн көрсөтө алдыбы? Эч болбосо Салижан акебиздей кара кылды как жарган кебин айтууга жарабай келет.

Ошентсе да бүгүнкү жарандык коомубуздун канаты жетилип келатканынан үмүт чоң. Эч болбосо элибиз ошол жарандык коомдун канатын сындырбай өстүрүп алса кана!

***

Европада иштеп жүргөн уулум Алик өткөндө мага салам айттырыптыр. Анан да “Атам эмнеге мага айткан сөзүнө турбады?” дептир. Ооба, балам Европага кетип атканда мен үчүн санаа чекпесин үчүн бийликке ачуу сын айтпайм деген элем. Бирок мен тилди тишке катып жашаганга көнбөпмүн.

Өткөн жылы да эки уулум эки жагымдан кысташкан. Себеби экөө тең чет өлкөгө кетер болуп камынып калышкан. Мен аларды бала күнүнөн кайсы бир авторитеттин алдында баш ийбөөгө үйрөткөнүм үчүн алар да мага өз ойлорун шар айтат. Алар эс тарткандан эле “үйдө эне-атаны да эч качан авторитет санабагыла. Биздин үй-бүлөдө ар кимдин өз чындыгы гана авторитетке ээ” дегеним үчүн экөө тең тайманбас болуп өсүштү. Ошондон улам былтыр эки уулум эки жактан чыкты:

- Ата, Сиз менен сүйлөшөр кеп бар. Отуруңузчу.

Экөөнө кулак түрүп отурсам, алар мени таптакыр эле дудук кылып салгылары бар.

- Жок, - дедим, - элдин баары эле ач кулактан тынч кулак деп жата берсе, биз кандай өлкө түптөйбүз?.. – деген болдум. Айтор, балдарыма айткан-дегенимди сөзмө-сөз эстеп кайталоого мүмкүн эмес деңизчи, бирок менин принцибим мындай болгон: ооба, ар кимдин үй-бүлөсү өз жакыны үчүн тынчсызданат, санаа чегет. Бирок мен үй-бүлөмө эбактан бери какшап жүрүп, ар биринин кулагы бышып калган мага. “Бийлик мени камаса камайт, андан асман жерге түшүп кетпейт” дечүмүн.

Чынында мен коомдук процесстерге четте карап турганды башынан сүйбөйм. Кыргыз интеллигенциясына окшоп четке чыгып алып, бурчтан шыкаалап байкоо салууну каалабайм. Эгер өз оюмду коомго ачык айткым келсе, үйдө отурганым же абакта отурганымдын мага эч айырмасы жок. Эң башкысы, көкүрөктөгү рухий эркиндикте кеп... Аны ким канчалык түшүнөт, ал көп сөз. А мен үчүн рухий эркиндиктен өткөн ыракаттуу жашоо жок.

***

Элибизге да, үй-бүлөмө да кайышпас, майышпас болуп үйрөнүүнү каалайм. “Бул жашоо акылдууларга - комедия, акылсыздарга - трагедия” деген учкул ойду котордум эле бир кезде. Автору эсимде жок.

***

Идиш жуум атсам 4-5 адам өтүп бараткан экен. Алдыдагысы ЖК депутаттарынын бири, менимче, спорт чөйрөсүнөн болсо керек...

- Кандайсыздар, жакшысыздарбы? – деп биздин камерага жакын келип колун сунду.

- Сонун! – дедим жайдаңдап.

- Эмне болуп бу жактасыз?

- Жөн жүрбөсөм келем да, - дедим куйкам курушуп, себеби ал депутат деле азыркы бийликтин короосуна таш ыргыткандарды кыртышы сүйбөгөнүн бир-эки жолу көргөм.

- Эмне статья менен келдиңиз эле?

- Тилим кычышкан үчүн келгемин, - десем жанындагылар да, камерадагылар да “дуу” күлүп жиберишти. Анан бирөөсү менин ким экенимди шыбырады окшойт, жөнөп кетти.

25.09.23

***

Өз балдарыма “үйдө эне-атаны эч качан авторитет тутпагыла!” деп келгенимди, албетте, көбү терс мүнөздө кабыл алары турган иш. Себеби, ушул күнгө чейин авторитардык педагогика системасы иштейт. Бала бакча, мектеп жашынан тарбиячыга, мугалимге баш ийүү жеткинчектердин мээсине кадалып калган! Ата-энелер да кулактарына куя берип, наристелерди биз эрте жашынан кул мүнөздүккө, баш ийүүгө үйрөтөбүз. Үйдөн какшайбыз “бала деген баладай болуш керек” деп!

Ошентип тыюу менен өскөн балдар өз оюн айта албай өскөн үчүн биз бүгүнкү эки жүздүү, кошоматчы, өз оюн ачык туюнта албаган жер карама коом калыптанган. Эне-ата, мугалимге кенедей кезинен өз пикирин айта албай өскөн канча муундун өкүлү бар?! Аларды бийлик каалагандай маалыматтык манипуляция менен башкарып келди. Элибиз ак-караны ажыратуу жөндөмүнө ээ эмес. Мамлекеттик телеканалдардын жалган маалыматына ишенген баёолук, энөөлүк бар. Аң-сезими пропагандачыл идеологияга уугуп калган элибиз кудум эле жаш баладай ишенчээк болгону үчүн канча бийлик эгелерине, саясатчыларга алданды?

***

Кыргыз коомунда эне-аталар өз уул-кыздарыбызга жеткен жадаткыр экенибизди түшүнбөйбүз. Өзүбүздүкүн гана таңуулайбыз. Өзүмчүлбүз. “Балам мени угуп чоңойсо жаман болбойт” деп ойлойбуз. Атаңдын гана башы деген киши жок. Балдарыбыз үчүн өзүбүздү авторитет көрсөтүп келгенибиздин натыйжасы - бүгүнкү өнүкпөгөн абалыбыз!

***

Ар бирибиз бала күнүбүздөн өз пикирибизди айта албай үйрөнгөн авторитар ата-энелерибизге, авторитардык педагогикага жетсин убалыбыз!

***

Эгер бул кебимдин тузу жетпей жатса, ыр менен да туюнтайын мынча болду. Себеби, эркиндиктин башаты үй-бүлөдөн экенин ар бир пенде аңдамайын, биз ар дайым залимдердин, жексурлардын жемибиз.

***

Уул, кызына кийгилишсе ата-эне,

Баш ийүүгө үйрөтүүчү ката де.

Үй-бүлөдө болгон кезде эркиндик –

Баш көтөрөт калпты жеңер эр чындык.

***

Эркиндиктин башаты да булагы –

Мээрим, сүйүү, үй-бүлөсү, турагы.

Жеме укпай өскөн болсо тукумуң –

Жексурларга баш ийеби, угабы?

***

Жаткан кезде жатын менен бешикте,

Тукумуңа сүйүү арна. Кечикпе!

Үй-бүлөңө сыйын дайым, таазим эт,

Кудайга сен сыйынгандай мечитте.

***

Кызбы, уулбу – өстүр эрке бөпөлөп,

Кылган ишин алкап, мактап, көкөлөт!

Эне-атадан өрнөк алган ал жаран –

Эртең элин, өлкөсүн да көтөрөт!

XS
SM
MD
LG