Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:00

Коомдук ишмерлер Олжобай Шакир боюнча бийликке кайрылды


Олжобай Шакир сот залында (адвокаты Бакытбек Автандил тарткан сүрөт).
Олжобай Шакир сот залында (адвокаты Бакытбек Автандил тарткан сүрөт).

Жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин камалышына байланыштуу коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар менен журналисттер кыргыз бийлигине кайрылуу жолдоду. 100дөн ашык адам кол койгон кайрылууда “РухЭш” сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакирдин камалышы чоң катачылык болгону жана аны эркиндикке чыгаруу талабы жазылган.

“Бийликти басып алууга чакырган” деген айып чындыкка такыр коошпойт. Тескерисинче, ал “улам бир төңкөрүштү кайталай бергенден оңолуп кетпейбиз, бүлгүнчүл күчтөрдүн бийликти басып алышына жол койбойлу” деп эскертип келген”, - деп айтылат кайрылууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Олжобай Шакирди 23-августта кармаган. 24-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 23-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Атайын кызмат Олжобай Шакирге (Эгембердиевге) Кылмыш жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш иши козголгонун 25-августта билдирген. Маалыматта шектүү “Facebook, TikTok жана YouTube социалдык тармактарында чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдү жайгаштырып, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка чакырган билдирүүлөрдү жайгаштырып келгени, бул боюнча эксперттик корутунду да чыкканы” айтылат.

Олжобай Шакир бийликтин дарегине ачуу сын-пикир айтып келет. Соңку күндөрү Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга башкарууга берилишин сындап, ага каршы чыккан. Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди маекке чакырган. 31-августта нааразылык акциясын өткөрүү демилгесин көтөрүп жаткан.

Ал соңку кездерде журналисттик иликтөөлөрдү жасаган Temirov Live командасы менен да кызматташып жүргөн.

Олжобай Шакир 2017-жылдары “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы сайтты негиздеген. Сайт “Улут үлгүсү” жана “Улут абийири” сыйлыктарын уюштуруп, алар коомчулукта кадыр-баркка ээ, коомчулуктун көйгөйүн көтөрүп келген ишмерлерге берилип келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG