Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жазуучу, журналист Олжобай Шакир "массалык башаламандыкка чакырууга айыпталып жатканын" билдирди. 24-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 23-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган.
Жазуучунун камалышын чыгармачыл чөйрөнүн айрым өкүлдөрү айыптап чыкты. Муну сөз эркиндигине карата кысымдын күчөгөнү катары баалап жаткандар да жок эмес. Эки айга камалган Олжобай Шакирдин бейнеси жана чыгармачылыгы тууралуу кеп кылабыз.
"Миң Олжобай бар экенин унутпашыбыз керек"
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү манасчы Самат Көчөрбаев калемгерге тагылган айыптар негизсиз деген ойдо. Ал мындай жол менен эртең башка маданият өкүлү да жеке пикири үчүн жоопкерчиликке тартылып калат деп чочулайт:
“Негизи эле камап коркуткан жолду өткөн тарыхыбызда бир нече жолу басып өткөнбүз. Камаган не болуп калыптыр, четинен аткан учурлар да бар. Бирок кыргыздын табиятына тиешелүү ички духун, мекенчилдик сезимин мындай жол менен токтотуу мүмкүн эмес. Тескерисинче ал чыңалууга алып келет. Азыр ошондой чыңалуунун кадамдары чоң-чоң шилтенип бараткандай. Эч ким революцияны каалабайт, бирок жеке пикирин ачык билдирип чыккандар түшүнгөн адамга ошол нерсенин алдын алалы деген коңгуроо да.
Өзүм билемдикке жол бербейли, эл менен эсептешели, эл байлыгы элдин өзүндө болсун деп конституциялык укугун пайдаланып, төрт пансионат башкаларга кетпесин десе, ал мекенчилдик эмеспи? Андай болсо мыйзамдуу жайын өкмөт элге көрсөтүп койсун да. Ошондо Олжобайга окшогондор түшүнмөк. Анан антпей сүйлөгөн эле кишини камай беришеби? Маселен, мен манасчымын, мен да чыгармачыл адаммын. Ошол эле Олжобай Шакир ойлогон ойду мен да ойлоп, төрт пансионат жөнүндө айтып чыгып, же болбосо сөз эркиндиги кысымга алынууда, келгиле тынчтык митинг кылалы деп койсом, анда мен деле ушул тагдырга бет келип калам да. Митинг бул – тынч жыйналып пикир билдирүү деген эле сөз. Үнүбүздү жогору жакка жеткирели деген сөзү төңкөрүш жасоого чакырык катары кабыл алынып жатканына түшүнбөй турам. Олжобай Шакир же жалгыз төңкөрүш жасап сала турган кишиби? Жеке пикиримде Олжобай камаса, андай ойлонгон он Олжобай, жүз Олжобай, миң Олжобай бар экенин унутпашыбыз керек”.
Олжобай Шакир камакка алынганга чейин Фейсбуктагы баракчасы аркылуу бийликтин дарегине ачуу сын-пикирлерди айтып келген. Соңку күндөрү Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга башкарууга берүүгө каршы чыккан. Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди ачык маекке чакырып жүргөн. 31-августта борбор калаада нааразылык акциясын өткөрүү демилгесин көтөрүп жаткан.
"Өлкөгө аброй алып келбейт"
Кыргыз Республикасынын эл акыны Азамат Болгонбаев Олжобай Шакир "Айтыш" коомдук фондунда иштеп, бул өнөрдүн жайылышына аз да болсо салымы бар экенин айтат.
"2000-жылдары Кыргызстанда коомдук уюмдар жаңыдан түзүлүп жаткан учур эле. Садыр Шер-Нияздын демилгеси менен "Айтыш" фонду 2001-жылы түзүлдү. Анан заман табалына ылайык ар бир уюмдун медиа багыты болушу керек экен. Олжобай Шакир ошол учурда фонддун басма сөз катчысы болуп 7-8 жылдай иштеди. Айтыштын ар бир жаңылыгын, жасаган иштерин жайылтып, ЖМКлар менен тыгыз кызматташты. Акындар тууралуу маалыматтарды чыгарып, сайт түзүүнү да демилгелеген. Азыр да бардык материалдарды архив кылып сактап жүрсө керек. "Айтыш" коомдук фондунун алгачкы "Ак таңдай" аттуу китеби чыкканда да өзү редактор болгон. Айтор медиабагытта кандай иш жүргүзүлүшү керек болсо, ошонун баарын Олжокем жолго салган. Өзү да көп чыгармаларын фонддо иштеп жүргөндө жазды. Айтыш өнөрүнүн өнүгүүсүнө салым кошкон адамдардын бири десем туура болот.
Табияты башкача киши. Рамкага сыйбай, бир ойго батпай, мейкиндиктерди аралап жүрөт. Сынды да күйгүзө айтат. Эми албетте, ага тагылган айыптардын мыйзамдуулук жагын ошол тармактагы адамдар карайт. Бирок ишеним өлбөйт экен. Колдон келишинче акыйкат чечим чыгышына ишенгиң келет экен. Анын камалышы баары бир моралдык жактан биздин өлкөгө аброй алып келбейт”.
Чыгармачыл чөйрөдө жазуучу, акын, публицист катары таанымал Олжобай Шакир 2017-жылдары “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы жеке сайтты негиздеген. Сайт "Улут үлгүсү" жана "Улут абийири" сыйлыктарын уюштуруп, коомчулукта кадыр-баркка ээ, коомчулуктун көйгөйүн көтөрүп келген ишмерлерге берилип келет.
Мындан сырткары калемгер борбордо китеп жарманкелерин да уюштуруп жүрөт. Быйыл февраль айында борбордогу Novotel мейманканасында “Сөздөн ишке” аталышында китеп форум өткөрүп, “Адам укугу – учурдагы кыргыз адабияты”, “Адабий сындын сапатка таасири”, “Кыргыз качан сапаттуу китеп окуйт?”, “Котормо өнөрү – маданият көпүрөсү”, “Адабияттын креативдүү экономикадагы орду” деп аталган талкууларды уюштурган.
52 жаштагы Олжобай Шакир соңку кездери журналисттик иликтөөлөрдү жасаган Temirov Live командасы менен да тыгыз кызматташып жүргөн. Бул топто төкмө акын Болот Назаров да иштеп жүрүп, камакка алынган чакта да социалдык тармактардан бийликке карата ачуу сын-пикир жазганы менен белгилүү.
"Кээде аша чабат, бирок чыккынчы эмес"
Филология илимдеринин докутору, илимпоз Үмүт Култаева Олжобай Шакирдин айланасындагы окуяларды тууралуу буларды кеп кылды:
“Олжобайды өз позициясы, башкаларга окшобогон көз карашы бар чыгармачыл инсан катары жакшы тааныйм. Албетте мен анын камалышын туура көргөн жокмун. Социалдык түйүндөргө да бул боюнча бир нече постторду жаздым. Анткени аны мындай жол менен сындырууга болбойт. Тескерисинче, аны менен кандайдыр бир диалогго баруу туура деп ойлойм. Анткени жарандык коомдон чыккан адамдар өз кызыкчылыгы үчүн эле сүйлөп чыкпайт, алардын кебинде элдин да белгилүү пикири бар. Демек, эл менен бийликтин ортосунда диалог болсо гана ийгиликке жетүү мүмкүн. Тилекке каршы, кийинки кезде камоолор көп болуп кетти. Мындан натыйжа чыкпайт деген ойдомун. Албетте, Олжобайдын да кээде аша чаап кеткен учурлары бар. Бирок ал мекенге чыккынчылык кыла турган адам эмес деп ойлойм. "РухЭш" сайты менен руханий дүйнөнү өстүрүү үчүн жакшы иштерди жасады".
Шакир жазуучу жана акын катары "Үшкүрүк", "Өзүм менен өзүм" аттуу поэтикалык жыйнактардын; повесть, аңгемелерден турган "Эски тегирмендин орду" жыйнагынын жана тарыхый темада жазылган "Куюн доор" романынын автору. 2021-жылы ЛГБТ чөйрөсүнүн өкүлдөрү кабылган оор тагдырды чагылдырган “Адам+” аттуу повестин чыгарган.
Мындан сырткары котормо менен да алектенип, "Күмүш сырга", "Алтын сырга" деп аталган дүйнө ойчулдарынын афоризмдер жыйнагын кыргызчалаган.
"Эч ким козгобогон темага кайрылды"
Анын жазуучулуктагы жаңычылдыгын белгилүү адабиятчы Эсенбай Нурушев белгилеп өттү:
“Олжобайдын чыгармачылыгы жөнүндө жакшы пикиримди айта алам. Бир топ прозалык чыгармалары бар, ыр да жазат. “Куюн доор” аттуу романы көлөмү жагынан бир аз узун болуп калганы менен үч доордун жашоосун берүүгө аракет кылган. Кийинки учурда жазган “Адам+” деген китебинде өз баласынын тагдырын чагылдырды. Тактап айтканда, азыркы учурда эч ким козгобогон трансгендерлердин жашоосун адабиятта козгоду. Аны биздин эл жашырып келген. Ачык айткандарды “Батыштын адамдары” деп жүрүшпөйбү. А Олжобай муну өз баласынын тагдырынан алып жазып жатпайбы. Калемгерлигинен сырткары жаш кезинде опера жана балет театрында ырчы болуп да иштеди. Төгүп ырдап ийген да жайы бар. Кийинки учурда бийликке сын айта коюп жүрөт. Менимче анын күнөөсү жок. Чыгармачыл кишинин ушундай тентектиги боло берет. Алар көргөн чындыкты айтып турбаса болбойт”.
Олжобай Шакирди опера ырчысы катары көпчүлүк билбегени менен, ал эгемендүүлүк жылдардын башында Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрынын эки жылдык студиясында окуган. Биринчи курсту бүткөндө театрдагы академиялык хорго кабыл алынып, бир канча жыл иштеген. Кийинчерээк чыгармачыл чөйрө, анын ичинде театр да көңүл чордонунан сырт калган өткөөл чакта журналистикага ооп кеткен.
Публицист 2019-жылы опера жана балет театрында "Дүк-дүк жүрөк" деген адабий-музыкалык поэзия кечесин өткөргөндө музыкага болгон да сагынычы ар дайым жашай турганын айтып, көрүүчүлөргө ырдап берген жайы бар.
Замандаштары Олжобай Шакир тууралуу кеп болгондо анын алабарман, бетке чабар, кежир мүнөзү бар экенин айтып келишет. Фейсбукта калемдештери, мурдагы кесиптештери же дин өкүлдөрү менен да кер-мур айтышып, анысы социалдык тармактарда талкуу жараткан учурлар бар. Мындан 4-5 жыл илгери ал өзүнө карата радикал адамдардан коркутуулар болгонун да айтып чыккан.
Анткен менен аны калемдештери адабиятка күйгөн адам катары сыпатташат.
Шакирдин камалышына байланыштуу Кыргызстандын медиа коомчулугунун жана жарандык коомдун өкүлдөрү кыргыз бийлигине кайрылуу жолдоду. Ага козголгон кылмыш иши негизсиз болгонун, Кыргызстандын Баш мыйзамында жана Адам укуктары боюнча жалпы декларацияда өз пикирин эркин айтууга жана тынч жыйындарга чогулуу эркиндиги кепилденгени белгиленген.
Билдирүүлөрү үчүн сурак
Соңку кездери өз оюн эркин билдирген активисттер суракка чакырылып, айрымдарына аймак аралык кастыкты козутуу өңдүү беренелер боюнча иш козголуп жатканы маалым.
Ушул апта башында эле социалдык түйүндөр аркылуу коомдук маселелер боюнча өз оюн ачык билдирип жүргөн Төлөн уулу Бектемир эки күн катары менен суракка чакырылган.
Борбор калаанын ички иштер башкармалыгы бул маалыматты 21-августта "Азаттыкка" ырастап, ал Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесине (Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) ылайык козголгон кылмыш ишинин алкагында жеткирилгенин билдирген.
Ушул эле 330-берененин негизинде иш козголгон жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун иши 22-августта прокуратурага өттү. Ал 30-июнда кабарсыз болуп жатканы айтылып, эртеси түнкү саат 11ге чейин Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгына сурак берип чыкканы маалым болгон.
21-августта Кемин шаардык кеңешинин депутаты Наталья Дубинина УКМКнын Чүй облустук бөлүмүнө суракка чакырылып, ошол эле күнү кечки саат 19дар чамасында адвокаты менен суракка кирген. Түнкү саат 11лерге чейин суралган эл өкүлү депутаттык карьерасында алгачкы жолу суракка алынганын, акыркы кездерде сөз эркиндигине карата чабуул болуп жатканын “Азаттыкка” кеп кылган.
Эл аралык уюмдар жана жергиликтүү укук коргоочулар акыркы жылдарда Кыргызстанда адам укуктарынын, сөз эркиндигинин абалы начарлап, өз пикирин ачык айткан оппозиция өкүлдөрүнө, активисттерге бир катар кылмыш иштери козголуп жатканын билдирип, тынчсыздануусун жарыялашкан. Алар бул жааттагы ар түрдүү көрсөткүчтөр боюнча өлкөнүн абалы барган сайын солгундап баратканын белгилешүүдө.