Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:49

Олжобай Шакирдин кармалышынын мыйзамдуулугу карала баштады


Олжобай Шакиров Бишкек шаардык сотунда. 13-сентябрь, 2023-жыл.
Олжобай Шакиров Бишкек шаардык сотунда. 13-сентябрь, 2023-жыл.

Бишкек шаардык соту 13-сентябрда жазуучу, публицист, тергөө абагына камалган Олжобай Шакирдин кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча анын адвокаттарынын даттануусун карап баштады. Бул тууралуу сот жараянына катышып жаткан “Азаттыктын” кабарчысы маалымдады.

Жазуучунун адвокаты сотту сүрөт-видеого тартууга уруксат сурап, ал өтүнүч канааттандырылды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Олжобай Шакирди 23-августта кармаган. 24-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 23-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Адвокаттар жазуучунун кармалышы жана камакка алынышын мыйзамсыз деп эсептеп, Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан.

Атайын кызмат Олжобай Шакирге (Эгембердиевге) Кылмыш жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш иши козголгонун 25-августта билдирген. Маалыматта шектүү “Facebook, TikTok жана YouTube социалдык тармактарында чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдү жайгаштырып, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка чакырган билдирүүлөрдү жайгаштырып келгени, бул боюнча эксперттик корутунду да чыкканы” айтылат.

Олжобай Шакир бийликтин дарегине ачуу сын-пикир айтып келет. Соңку күндөрү Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга башкарууга берилишин сындап, ага каршы чыккан. Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди маекке чакырган. 31-августта нааразылык акциясын өткөрүү демилгесин көтөрүп жаткан.

Олжобай Шакир 2017-жылдары “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы сайтты негиздеген. Сайт “Улут үлгүсү” жана “Улут абийири” сыйлыктарын уюштуруп, алар коомчулукта кадыр-баркка ээ, коомчулуктун көйгөйүн көтөрүп келген ишмерлерге берилип келет. (TSh\ErN)

XS
SM
MD
LG