Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:45

Тажик чек арачы менен милиционердин сөөгү жерге берилди


Чек арачы Иззатулло Латифовдун сөөгү өзү туулуп-өскөн айылда жерге берилди.
Чек арачы Иззатулло Латифовдун сөөгү өзү туулуп-өскөн айылда жерге берилди.

Тажикстандын Өзбекстанга чектеш аймагындагы чек ара бекетке куралдуу кол салууда ажал тапкан чек арачы менен милиция кызматкеринин сөөгү жерге берилди.

Тажик бийлиги «Ишкобод» заставасына коюлган чабуулга «Ислам мамлекети» террордук уюмунун тиешеси бар деп билдирген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 20 адамдан турган куралдуу топ 3-ноябрда Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Кундуз провинциясынын Калаи-Зол аймагы аркылуу мыйзамсыз өтүп келип, 6-ноябрда түңкү үчтө чек ара бекетине кол салганын кабарлаган. Куралдуу кармашта 15 согушкер жок кылынып, дагы бешөө колго түшүрүлдү.

Айрым маалыматтарда согушкерлердин арасында чет өлкөлүктөр, ошондой эле бир аял болгон. Бирок азырынча өлгөн жана кармалган жоочулардын тек-жайы боюнча башка маалымат жок.

Ал арада Тажикстандын бийлиги Ооганстан менен чектешкен Кубодиен районундагы айылдардын тургундарына сак болууну эскертти.

XS
SM
MD
LG