Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:46

Барак Обама Чикаго үчүн мыяткерлик кылууда


Сочи-2014. 2016-?
Сочи-2014. 2016-?

2-октябрда Эларалык олимпиада комитети-IOC 2016-жылкы жайкы олимпиада оюндары өткөрүлчү шаардын ысмын атайт.

Комитеттин чечүүчү жыйынына катышып, Чикаго шаарын колдоо үчүн АКШ президенти Барак Обама аялы Мишель экөө Даниянын байтакты Копенгагенге учуп келишти. Чикагодон башка да Мадрид, Рио-де-Женейро жана Токио олимпиада оюндарын өткөрүүгө талапкер. Мыяткерлердин арасында ошондой эле Испаниянын падышасы жана премьер-министри, Бразилиянын президенти жана Япониянын премьер-министрлери бар.

Президент Барак Обама 2-октябрда Эл аралык олимпиада комитетинин жыйынында сүйлөп, уюм мүчөлөрүн өз шаары Чикаго үчүн
АКШ президенти Барак Обама Эларалык олимпиада комитетинин Копенгагендеги жыйынында сөз сүйлөөдө. 2-октябрь.
добуш берүүгө чакырды:

- Мен сиздерди Чикагону тандоого үндөйм. Мен сиздерди Американы тандоого чакырам. Сиздер мени угуп, баарыбыз чогуу болсок: Чикаго жана Америка дүйнөнү сыймыктандырат деп убада кылам.

Обамага чейин АКШнын бир да президенти Эл аралык олимпиада комитетинин жыйынына келип, Кошмо Штаттар үчүн мыяткерлик кылган эмес.

Көпчүлүк байкоочулар да Мадрид, Токио, Рио-де-Женейрого салыштырганда Чикагонун инфраструктурасы жакшы өнүккөнүн, ошон үчүн 2016-жылкы Жайкы олимпиада өткөрүү укугу Чикагого берилиши мүмкүн экенин айтышат.

Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин төрагасы Марат Саралинов да: “Менимче, Чикаго утуп кетет го. Анткени, Чикагонун жүз ачарына президент Обама катышып жатпайбы...”, дейт.

Барак Обама дүйнөлүк мелдеш өтчү стадион анын үй-бүлөсү бир жылдары жашаган үйгө чукул жерде экенине да токтолуп кетти:

- Мелдеш өтчү жай Мишел жана эки кызым жашаган үйдөн бир нече кадам эле. Дүйнөнү бизге коңшу жайга куш келипсиздер дейбиз.

АКШнын канайымы Мишель Обама Ак Үйдүн короосунда 5-класстын окуучулары менен. 16-июнь 2009-ж.
АКШнын канайымы Мишел Обама да жаңы курулчу Олимпиадалык стадион анын балалыгы өткөн жерге коңшулаш турганын айтып, Чикаго үчүн добуш берүүнү сурады:

- Атамдын тизесинде отуруп алып, Ольга Корбуттун, Надя Команечинин, Карл Левистин жана башкалардын сөз жеткис чебер аткаруучулугун көргөнүм али эсимде турат. Көптөгөн жаш балдардай эле алар мени шыктандырышкан. Мен да талбай мээнет кылсам, улуу нерсеге жетише алам деп кыялдангам. Бирок эч качан Олимпиаданын оту мен жашаган жерге танапташ жайда жагылат деп ойлогон эмесмин.

Кээ бир талдоочулар Чикаго тандалбай калса, президент Обама чоң шакаба жейт жана ички-тышкы сынчылардын чырагына май тамат дешет.

Бразилиянын президенти Луиш Инасио Лула да Сильва кезек Рио-де-Женейрого берилиш керек, себеби буга чейин Түштүк Америкада Олимпида оюндары өткөрүлбөгөн деген жүйөнү бетке кармоодо. Олимпиада оюндары Рио-де-Женейронун жарды бөлүгүн өнүктүрүүгө, жаштардын келечекке болгон ишенимин бекемдөөгө көмөтөшөт, дейт Лула да Сильва.

Байкоочулар Токио менен Мадридде жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү жокко эсе деп санашат. 1964-жылы Жайкы Олимпиада Токиодо, кийин да эки ирет Кышкы спорттук оюндар япон шаарларында өткөн. Ушундан улам, Эл аралык олимпиада комитетинин төрагасы Жак Роггдун Копенгагенге чоң үмүт менен келген Япониянын өкмөт башчысы Юкио Хатояманы колдоору күмөн.

1992-жылы Жайкы оюндар Барселонада өткөн. Андан тышкары 2012-жылкы Жайкы Олимпиада Лондондо, 2014-жылы Кышкы оюндар Сочиде болот. Ошондон улам, серепчилер Испаниянын падышасы жана премьер-министри Копенгагенден куру кол кайтышышы талашсыз дешет.

XS
SM
MD
LG