Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Кызыл-Кыяда төрт баланы сабаган 12 өспүрүм кармалды


Баткен облустук милициясы тараткан сүрөт.
Баткен облустук милициясы тараткан сүрөт.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдагандай, 23-ноябрь түнү Кызыл-Кыя шаарында топтошкон өспүрүмдөр башка төрт баланы тосуп, эч себепсиз сабаган видео социалдык тармактарга тараган.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (бейбаштык) негизинде сотко чейинки тергөө иштери башталып, денесинен жараат алган балдардын ата-энелеринен арыздар алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө балдарга негизсиз кол көтөргөндөр аныкталып, учурда Кызыл-Кыя шаарынын 12 тургуну (жашы жете элек) такталып, тергөө иштери башталды.

"Кармалган балдар ата-энелеринин катышуусунда суракка алынып, ыкчам иликтөө иштери уланууда", - деп билдирди облустук милиция.

Кыргызстанда мектептеги балдардын мушташы буга чейин да катталган. Быйыл мартта Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда 9-класстын окуучулары мушташып, 15 жаштагы улан каза тапкан. Окуяга тиешеси бар деген негиз менен 10-класстын төрт окуучусу кармалган.

Беш жыл мурун ЮНИСЕФ уюму кыргызстандык окуучулардын 83% мектепте курбуларынын зомбулугуна кабылганын айтышканы тууралуу баяндама чыгарган. Ички иштер министрлиги жыл өткөн сайын мындай көрүнүш кыскарганын билдиргени менен, окуялар дагы эле катталып келет. (JsA)

Шерине

XS
SM
MD
LG