Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:10

Кыргызстанда жыл башынан бери жол кырсыгынан 640 адам каза болду


Бишкекте болгон жол кырсыктарынын бири. Архив.
Бишкекте болгон жол кырсыктарынын бири. Архив.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы жыл башынан бери өлкөдө 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, андан 640 адам каза болгонун билдирди. Дагы 9 миңге жакын киши жаракат алды.

Мекеме жол кырсыктарын алдын алуу үчүн мас болуп рулга отургандарга, каттуу ылдамдыкта машине айдагандарга түшүндүрүү иштерин күчөтүү максатында “Бахус” аталышындагы рейддик иш-чара өтүп жатканын кабарлады.

Акыркы айларда эле үрөй учурган бир катар автокырсыктар болду. 23-октябрда Талас шаарындагы №4 мектептин жанында автоунаа каршы тилкеге чыгып, жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен. Андан 31 жаштагы келин жана анын кызы менен уулу мүрт кеткен.

Кыргызстанда 2023-жылы 6 945 жол кырсыгы болуп, андан 783 адам каза болгон. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп. 2022-жылы 7 040 жол кырсыгынан 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG