Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:21

G7 тышкы иштер министрлери Украинага колдоосун билдиришти


G7 тышкы иштер министрлери. 2024-жылдын 26-ноябры. Италия.
G7 тышкы иштер министрлери. 2024-жылдын 26-ноябры. Италия.

Дүйнөнүн өнөр жай тармагынын өнүгүүсү жагынан алдыңкы жети өлкөсү кирген "Чоң жетинин" (G7) тышкы иштер министрлери 26-ноябрда Италияда өткөн кезектеги жыйынында Украинага колдоосун билдиришти. Саммиттин жыйынтык билдирүүсүндө алар Орусияны "жоопкерчиликсиз жана коркутуучу өзөктүк риторикасы" үчүн айыпташты.

Министрлер Түндүк Кореянын Орусияга колдоо көрсөтүп жатышы согуштун кооптуу кеңейишинен кабар берерин, орус бийлиги бул өлкөдөн баллистикалык ракета жана башка курал-жарак сатып алып жатышы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин резолюцияларынын бузулушу болуп эсептелерин белгилешти.

Улуу Британия, Канада, Франция, Германия, Италия, Жапония жана АКШ өлкөлөрүнүн башкы дипломаттарынын билдирүүсүндө "Орусиянын агрессивдүү согушуна каршылыгыбыз бекем. Биз Украинанын шаарларына жана маанилүү жарандык инфраструктурасына жасалып жаткан ырайымсыз чабуулдарды жана ошонун айынан карапайым калк өтө оор жоготууга кабылып жатканын кескин айыптайбыз" деп айтылды.

Жыйынга Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига жана Европа Биримдигинин башкы дипломаты Жозеп Боррел да катышты. Алар камактагы орусиялык активдердин кирешесин колдонуу менен Украинага 50 миллиард долларлык насыялык пакетти бөлүү жараяны жыл аягына чейин башталарына үмүтүн билдиришти.

"Чоң жети" министрлери Орусияга Украинага каршы ачкан согушу үчүн жарыяланган санкциялардан кыйгап өтүүсүнө жардам берген топторго каршы күрөшүүнү убада кылып, Кытайды Түндүк Кореянын аскерлери согушка тартылып жаткан жагдайга каршы пикирин билдирүүгө чакырышты.

Украина Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына 2022-жылдын февралында кабылгандан бери дээрлик күн сайын куралдын ар кандай турү менен бутага алынууда. Жакында орус президенти Владимир Путин Орусия Украинага гипер ылдамдыкта орто аралыкка атылуучу ракета менен атканын расмий жарыялаган. Муну ал Украина Батыш берген алыскы аралыкка атылуучу ракетаны АКШдан уруксат алгандан кийин Орусиянын аймагына учурганына жооп деп атаган.

Украин президенти Владимир Зеленский Орусия орто радиустагы баллистикалык жаңы ракетасын Украинага каршы колдонгонун Путиндин соңку кездеги кырдаалдын курчушуна алып келүүчү экинчи кадамы деп атаган. Биринчи кадамы Түндүк Кореянын аскерлерин согушка салып жатканы болгонун белгилеген Зеленский Путиндин жаңы ракета тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу "согуштун масштабын жана ырайымсыздыгын ачык жана олуттуу түрдө күчөтүү" жүрүп, Орусия Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Уставын абийирсиздик менен бузуп жатканын айткан. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG