9-ноябрда Кант шаарында тынымсыз жааган карга карабай футбол боюнча Кыргызстандын быйылкы чемпионатынын жеңүүчүсүн аныктоочу чечүүчү беттешүү өткөрүлдү.
Мелдештин биринчи бөлүгүндө Нарындын “Дордой-Динамо” командасы 3-4 ирет эсепти ачууга ыңгайлуу учурду колдон чыгарып жиберишти. Канттын “Абдыш-Ата” командасын дарбазачысы бир нече ирет сактап калды. Биринчи таймда эсеп ачылган жок.
Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын машыктыруучусу Ниязбек Алиев оюнга күбө болуп, “Дордой” командасы дене тарбия жагынан күчтүү болгону менен чеберчилик жагы чабал экенин “Азаттыкка” айтып берди.
Беттешүүнүн экинчи бөлүгүндө эки команда тең эсепти ачууга аракет кылып, удаа-удаа чабуулга өтүп жатышты. Канттык футболчулар оюндун акыркы мүнөттөрүндө чабуулду күчөтүп, жасалма кыртыштагы футбол аянтынын тайгалактыгына карабай аракет кылышты.
Натыйдада канттык чабуулчу Антон Земляных берген топту өнөгү Чолпонбек Эсенгул уулу “Дордойдун” дарбазасына таамай тээп киргизүү менен “Абдыш-Ата” командасынын жеңишин камсыз кылды.
Өлкөнүн футбол федерациясын 16 жыл жетектеген мамлекеттик ишмер, экс-премьер-министр Амангелди Муралиев тынымсыз жааган кар, суукка кайыл болуп, чечүүчү оюнга күйөрман болду. Анын пикиринде мындай катаал шарттагы беттешүүлөрдө гана чеберчилик жогорулап, футболчулардын таланты көрүнөт.
Канттын «Абдыш-Ата» футбол клубунун президенти, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Советбек Сакыбаев командасы ишенимди актап, бул оюнда жакшы ойногонун, быйыл Кыргызстандын футбол чемпионатында жеңишке жетүүгө аракет кылышарын “Азаттыкка” билдирди:
- «Абдыш-Ата» командасы чечүүчү беттешүүдө негизги атаандашы «Дордой» командасын утуп, жакшы оюн көрсөттү. “Дордой-Динамо” командасы бекеринен өлкөнүн беш жолку чемпиону болгон эмес да. Күчтүү атаандаш. Бул ирет аларды биз утуп алдык. Эмки “алтын оюнда” дагы утуп алуу менен быйыл чемпион болуу максатыбыз.
Жогорку Лиганын экинчи этабында ойногон 4 командадан Кыргызстандын беш жолку чемпиону Нарындын «Дордой-Динамо» командасы алдыда бараткан эле. Алар финалдык экинчи этапта 11 упай топтоого жетишкен. Эгерде алар Канттын "Абдыш-Ата" командасы менен бул беттешүүдө тең чыкса, анда “дордойчулар” алтынчы ирет чемпиондугун сактап калмак.
Экинчи орунда келаткан Канттын «Абдыш-Ата» командасы 8 упайга ээ болсо, 9-ноябрдагы жеңиши менен “Дордой” командасына теңелип, экөөнүн упайлары бирдей болуп калды.
“Дордой” спорт клубунун жетекчиси Шаршен Касеновдун айтымында чечүүчү оюнда «Абдыш-Ата» «Дордойду» утуп алгандыктан, экөөнүн упайлары тең болуп, чемпиондук үчүн жакынкы аралыкта кайрадан “алтын оюн” беттешүүсү өткөрүлөт.
Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов жылдан жылга кыргыз футболунун деңгээли төмөндөп баратканын сынга алып жүрөт. Анын пикиринде өкмөттүк деңгээлде футболго көңүл бурулбагандыктан командалардын каражаты жетишпей марадан чыгып калууда.
Кыргызстандын футбол чемпионатында Жогорку Лигада мурда 12 –14 команда ат салышып келсе , быйыл 9 команда гана ойноду. Кыргыз футболунун башаты болуп келген «Алга» , «Алай -Гүлчө» , «Семетей» , «Спартак», «Ротор», «Достук» командалардын аты да, заты да жоголду. Мурда завод-фабрикалар кармап келген «Химик», «Инструментальшик», «Сельмашевец» , «Шахтер», «Нефтчи» командаларынын кендири эбак кесилген.
12 жыл мурда таскагы катуу чыгып, эки жолу Кыргызстандын чемпиондугун жеңип алган «Кант-Ойл» дагы тарап, мыкты оюнчулары Орусия жана Казакстанда ойноп жүрүштү. Алардан кийин лидер болгон «АиК» командасы да алыска узабады. 3 жыл катары менен Кыргызстандын чемпиону болгон Бишкектин «Динамосу» Өмүрбек Кутуев Ички иштер министрлигинен кеткенден кийин баш көтөрө албады. Бишкектеги абадан коргонуу аскер бөлүгүнүн «СКА ПВО» командасы Кыргызстандын чемпиондугун үчүнчү ирет жеңип алганы менен тарап кетишти.