Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:38

Баткен: Чек арадагы булактан талаш чыгууда


Чечме айылындагы кыргыз-өзбек чек ара бекети
Чечме айылындагы кыргыз-өзбек чек ара бекети

Баткендин Өзбекстан менен чектешкен Чечме айылынын тургундары өз булагына жете албай, кошуналардын кысмагына кабылууда.

Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнө караштуу Өзбекстан менен чектешип турган Чечме айылынын тургундары айыл четиндеги суу башталчу булакты корукка алалы дешип, булак четине кароолкана салуу үчүн демилге көтөрүшкөн. Бирок курулуш башталаары менен Өзбекстандын жергиликтүү бийлиги куралчан аскерлер менен келип курулушту токтотуп , "кошуналар бул жер чечилбеген аймак, ошондуктан курулуш жүргүзбөгүлө" деп айтышкан.

Бул жерге там салып жаткан Атамали Каримовдун айтымында, картада Кыргызстанга тиешелүү аймакка өзбек тарап ээлик кылып курулушту токтотуп коюшкан, бирок кошуналар өздөрү бак-дарак тигип жер иштетип жатышыптыр:

-Ушул булакты өзбек атуулдары пайдаланып албасын деп элибиз менден кароолкана куруп, ушул жерди карап берүүнү өтүнүшкөн. Мен курулуш баштасам кошуна өзбек райондун акиминин орун басары, күч кызматтары келип "курулуш курба" дешип токтотуп коюшту. Бул жер өзү биздики болсо анан биздин бийликтен мага эч ким жардам бербей жатышат. Ушинтип өз жерибизге ээлик кыла албай калуудабыз.

Ал эми ушул эле айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун төрагасы Келдибек Эргешовдун айтымында, бул булак турган жер илгертен эле кыргыз тараптын аймагы болуп келген:

- Бул жер эч кандай талаш болуш керек эмес. Азыр талашта турган жер биздики эле болчу. Анан эмнеге өзбек тарап келип токтотуп жатышат билбейм.

Айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Айдар Жумабаев картасынан бери көрсөтүп, "бул аймак Кыргызстанга тиешелүү" дейт, бирок өзбек тарап өзүнүн картасын алып келгенде эки өлкөнүн чиймеси дал келбей талаш болуп жатканын айтат:

-Биздин эле Кыргызстандын аймагында турат. Картабызда да бизде турат. Бирок өзбек тарап картасын алып келсе башкача болуп турат экен. Карталар башка-башка болуп жатат да.

Ал эми Бирлик айыл өкмөтүнүн орун басары Абдибахап Жакыпов айыл өкмөтү маяна төлөп кароол койо албагандыктан өзбек тарап ээлеп алып жаткандыгын, ошондуктан чек ара маселеси чечилбей талаш аймак болуп калгандыгын айтат:

- Өзбектер да таза сууну ушул жерден алышат да. Ошондуктан алар кароол коюшкан. Биздин айыл өкмөттүн ага кароол койгонго кудурети жетпейт. Бул жерди өзбектер өздөштүрүп алганы бизге чейин болгон. Ошол чек ара маселеси чыкканда бул жер чечилбеген аймак болуп калып кеткен. Ошондон бери чечилбей келет.

XS
SM
MD
LG