Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:00

Күйүүчү май жыл башынан бери 3-4 сомго, автогаз 6-7 сомго кымбаттады


Күйүүчү май ташыган машине. Иллюстрациялык сүрөт.
Күйүүчү май ташыган машине. Иллюстрациялык сүрөт.

Күйүүчү майдын жана автогаздын баасы быйыл январь айынан бери орто эсеп менен 3-4 сомго көтөрүлдү. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги 27-ноябрда билдиргендей, күйүүчү майдын баасы көтөрүлгөнү Кыргызстанда автоунаалардын отунун саткан негизги беш компаниянын ичинен ШНОС ("Бишкекпетролеум") жана "Альфа Ойл" ("Redpetroleum").ишканасында байкалган. Ал эми автогаздын баасын "Партнер нефть" компаниясы көбүрөөк кымбаттаткан.

Агенттиктин маалыматында, январь айында Аи-92 үлгүсүндөгү бензин ШНОС ишканасынын май бекеттеринде 1 литри 62 сом, 90 тыйын болсо, 22-ноябрда 66 сом, 90 тыйындан сатылды.

Ушул эле үлгүдөгү күйүүчү май январда Redpetroleum май бекеттерине литри 62,8 сом болсо, 22-ноябрда 66,8 сомдон сатылды.

Автогаз январь айында "Партнер нефть" компаниясынын май бекеттеринде 29.9 сом болсо, 22-ноябрда 36.9 сомдон сатылды.

Кыргызстандагы күйүүчү майдын баасынын кымбаттыгы боюнча "Газпром нефть Азия" алдыда. Учурда бул компанияга караштуу май бекеттерде Аи-92 үлгүсүндөгү бензин 67.4 сом турат. Эң арзаны "Партнер нефть" компаниясынын май бекеттеринде 66 сом 40 тыйындан сатылып жатат.

Автогаздын баасы дээрлик бардык компанияларда 36,9 сом.

Кыргызстанда акыркы жумаларда автогаз таңкыстыгы кайрадан байкалууда. Көпчүлүк май бекеттерде газ жоктугунан, айрым май бекеттерге узун кезектер түзүлүп, айдоочулар сааттап кезек күткөнүн соцтармактарга жазышкан.

"Кыргыз нефтетрейдерлер" ассоциациясы автогаз тартыштыгына Орусияда газ ташыган вагон-цистерналардын жетишсиздиги жана Кыргызстанда көгүлтүр от менен жүрүүчү автоунаалардын саны эселеп көбөйгөнү себеп экенин билдирген. Газ тартыштыгы жакынкы күндөрү жоюларын маалымдаган.

1-октябрдан тарта Кыргызстанда күйүүчү майды милдеттүү маркалоо ыкмасы киргизилип, ага байланыштуу ар бир литр күйүүчү майга кеминде 37 тыйын кошулган. Ошондой эле кыргыз өкмөтүнүн сунушу менен жаңы жылдан - 1-январдан тарта жолго төлөнүүчү салык - 1 сом да күйүүчү майдын жана газдын баасына кошулат.

Кыргызстанда 1 млн 400 миңге жакын унаа катталган. Анын 1,1 миллиону – жеңил машинелер. Өкмөт автоунаалардын саны жыл сайын өсүп, жолдорду коопсуз абалда кармоого чыгым да өсүп жатканын айтып, көбөйүп жаткан чыгымды айдоочулар төлөшү керек деп эсептейт.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG