Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:31

Түрк президенти Кыргызстанды Ооган тынчтыгына салым кошууга үндөдү


Кыргызстанда эки күн расмий сапарда болгон Түркия президенти мекенине кайтаар алдында Жогорку Кеңеште кайрылуу жасады. Президент Гүл алакалардын башкы багыттарына, Борбор Азия коопсуздугуна, Ооганстандагы кырдаалга токтолду.

Түркия президенти Абдуллах Гүлдүн билдиргенине караганда Кыргызстан пикир келишпестиктер арбын аймакта жашап жатат. Ошондуктан өзгөчө террордун жана уюшулган кылмышкердиктин жайылтылбашы үчүн аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү зарыл дейт:

- Ооганстанда эл аралык коомчулуктун ынтымагын, стабилдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуучу аракеттерге Түркия активдүү көмөк көрсөтүп келет. Кыргызстан да дал ушундай салым кошушун тилейбиз, - деген президент Гүлдүн баамында мындай жардам Орто Азия аймагында коопсуздуктун жана стабилдүүлүктүн сакталышына жардам берет.

Жергиликтүү талдоочулардын кыйласы Ханабад окуясынан кийин Борбор Азияда тынчтыкты сактоонун чараларын күчөтүү учурда болуп көрбөгөндөй актуалдуу болуп турат деп жатышат. Террорчул аракеттер күчөп турган ушундай кырдаалда коалициялык күчтөрдүн чыгарылышы Кыргызстандын коопсуздугуна балта чапкандай иш болду деп билдирди коомдук, саясий ишмер Мирослав Ниязов:

- Америкалык базанын турганы бизге пайдалуу эле. Өзүбүздүн коопсуздугубузга пайда келтирген мекеме болуп атат.

Анткен менен Түркия президентинин кыргыздандык өз кесиптеши менен жолугушуусунда бул маселени талкуулагандыгы тууралуу маалымат таратылган жок. Тараптар кабыл алган декларацияга болсо эл аралык коомчулуктун Ооганстанга колдоо көрсөтүү программаларына биргелешип катышуу тууралуу жалпы жобо киргизилген.

Ошол эле мезгилде Кыргызстандын саясий чөйрөсүндө Абдуллах Гүлдүн аймактагы коопсуздукту, анын ичинде Ооганстан проблемасын көтөрүп жатышынын төркүнүн Кыргызстандан чыгуу алдында турган АКШнын аскерий базасы менен байланыштыргандар да болууда. Мындай божомолдор чындыкка жакын экендигин “Азаттыкка” мурдагы тышкы иштер министри, депутат Роза Отунбаева билдирди:

- Мүмкүн. Анткени Түркия НАТОнун толук мүчөсү. АКШнын жакын жан жолдошу. Азыр Барак Обама ишке ашырып аткан саясатында Ооганстан күн тартибинде болуп атат. Ага тегеректеги мамлекеттер кол кабыш көсөтүшү керек. Ошол мааниде Кыргызстан HUP деп коет, кириш мамлекет болуп эсептелет. Ошондуктан мен ойлойм, Ооганстанга Кыргызстандын мааниси абдан зор.

Роза Отунбаева Түркия президентинин Кыргызстанга жасаган сапарында алдыга койгон негзги максаттарынын бири да дал ушул болушу керек, анткени, Ооганстандагы коопсуздук маселесине Түркия НАТОнун алкагында жан үрөгөн негизги өлкөлөрдүн бири дейт:

- Биз баарыбыз түшүнүп атабыз, Ооганстан тынчыбаса баарыбыздын ахыбалыбыз начар болот. Ошондуктан Түркия президенти Жогорку Кеңештин депутаттарынын да көңүлүн ошого бурду.

Түркия президентинин Кыргыз парламентине кайрылуусундагы аймак коопсуздугу жөнүндөгү билдирүүсүн АКШ базасы менен байлоого азырынча кандайдыр бир негиз жоктугун “Ак жол” фракциясынын мүчөсү, депутат Кубанычбек Жолдошев “Азаттыкка” билдирди:

- Муну ачык айткан жок. Биринчиден элдин ичинде тынчтык болсун деп айтты. Ошол тынчтыкты сактоодо Ооганстан да турат да. Эми авиабаза боюнча бизде макулдашуу болгон. Биз ошол макулдашуунун ратификациясын жойгонбуз. Бирок тынчтык апкеле турган башка маселе болсо биз аны колдошко даярбыз.

Президент Курманбек Бакиев Би-Би-Сиге берген интервьюсунда Ооганстанды турукташтыруу максаты менен жайгашкан америкалык базаны Кыргызстанга башка шарттар аркылуу жайгаштыруу жагын кароо мүмкүнчүлүгү барын билдирген.

Кийинки кездери америкалык база боюнча жаңы сүйлөшүүлөр тууралуу божомолдорду расмий булактар байма-бай төгүндөп, парламенттин чечимине ылайык антитеррордук күчтөр Кыргызстан аймагынан чыгарылат деп ишендиришүүдө. Ошол эле учурда НАТОго мүчө Түркия мамлекет башчысынын сапарынан кийин Кыргызстан бийлиги чындыгында эле акыркы жагдайларды эске алып, АКШ менен антитеррордук күчтөр боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра башташы мүмкүн деген жоромолдор айтыла баштады.

Президент Гүлдүн сапары учурунда Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы аймак коопсуздугу боюнча “Бишкек демилгеси” деген тегерек үстөл өткөрдү. Март айында президент Бакиев Ооган проблемасынын саясий, экономикалык, гуманитардык өңүттөрүн комплекстүү чечүү үчүн Бишкекти сүйлөшүүлөр аянты кылуу демилгесин көтөрүп чыккан. Кыргызстан Ооган маселеси боюнча конференция өткөрүүнү сунуштоодо.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG