Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:56

Грузин оппозициясы митинг жаңы форматта уланып жатканын билдирди


Тбилиси. 2024-жылдын 18-ноябры.
Тбилиси. 2024-жылдын 18-ноябры.

Грузияда парламенттик шайлоону кайра өткөрүү талабын койгон жарандардын акциясы уланууда. 18-ноябрга караган түндү борбор калаа Тбилисиде митингчилер атайын чатырларда жана жагылган оттун тегерегинде өткөрүштү. Бул тууралуу "Азаттыктын" грузин кызматы жазды.

Оппозиция өкүлдөрүнүн бири, "Өзгөрүүлөр үчүн коалиция" кыймылынын лидери Ника Гварамия күн-түн дебей демонстрацияга чыккандарга жарандык позициясы үчүн ыраазычылыгын билдирип, "алдыда узак жана талыкпаган күрөш" турганын айтты.

"Биримдик - Улуттук кыймыл" уюмунун лидерлеринин бири Георгий Вашадзе эл мынчалык көп чогуларына көпчүлүк ишенбегенин, бирок акция "протесттин жаңы форматына" өткөнүн жана "жакшы уюштурулганын" белгиледи.

26-октябрда бийликти орусиячыл олигарх Бидзина Иванишвилинин “Грузин кыялы” партиясы башкарып турган Грузияда парламенттик шайлоо өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы аталган партия добуштардын 53,92%, ал эми оппозицияга 38% тийгенин жарыялаган.

Грузия президенти Саломе Зурабишвили "Грузин кыялы" партиясы өлкөдөгү бардык мамлекеттик институттарды "дээрлик басып алганын" айтып, республиканы евроатлантикалык интеграция жолуна кайтарыш үчүн жаңы шайлоо өткөрүү керек экенин билдирген. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG