Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:23

Баткендик жаштарды шайлоо түйшүккө салды


Өлкөдө президенттик шайлоо жарыяланганы жаштар үчүн кыйла түйшүктү жаратканын баткендик студенттер айтышууда. Анткени алар жайкы эс алуунун ордуна желек көтөрүп К. Бакиевди тосуп алууга камынышууда.

Жайдын ысык аптабында баткендик студенттер эс алуунун ордуна дагы бир ай үйлөрүнө кетпейт шекилдүү. Анткени студенттерге ата-энесине кетүү үчүн уруксат президенттик шайлоодон кийин гана берилет. Абалды айтам деп экзамендерди тапшыра албай калам деп кооптонгон баткендик студент атын атоодон баш тартып буларга токтолду:

-Мен азыр студентмин. Шайлоо жакындаган сайын студенттердин көпчүлүгү эле Курманбек Бакиевди шайлай турган болуп жатат. Анткени зачеттер, экзамендерди ала албай калышыбыз мүмкүн. Азыр аянтарда “Ак жол”менен К.Бакиевдин плакаттарын илип иштеп жатышат. Биз эс алуунун ордуна плакат көтөрүп Бакиевди күтүп алышыбыз керек.

"Ата мекен" партиясынын Баткен облустук төрагасы Бакир Имаров бир күндүк шайлоо же кимдир бирөөнүн кызматы деп жүрүп келечегибизди туура эмес багытта тарбиялап жатабыз дейт.

-Жаштардыбиз азыртадан ушинтип керек учурда пайдаланып, анан таштап койобуз. Мына азыр керек экен, жаштар үчүн өзгөчө көңүл буруп стадиондо көңүл ачуучу иш чараларды уюштуруп берип жатышат. Эртең шайлоо өткөндөн кийин эч ким карабай койот. Биз жаштарды эмитен ушинтип тарбиялап жатсак, эртен билимге ээ болуп, коомдо иштеп калышса барган жеринде ушу азыркыдай ыплас технология менен иштөөгө аракет кылышат. Бир күндүк бюлеттенин пайдаланыш үчүн, же бирөөнүн кызматы үчүн пайдаланабыз деп коомдун келечеги үчүн терс иш жасап, туура эмес багыт берип жатабыз жаштарыбызга.

Облустук акимчиликтин маалымат катчысы Мамажан Бердишов болсо бул өнөктүктүн маниси чоң, мындай иш чарадан эч ким четте калбоосу керек деген ойдо. Ал эми студенттердин каникулу шайлоого тиешеси жок ал болгону кышкы каникулдун мөөнөтү көп болгондуктан дейт:

-Кышында студенттер көбүрөөк убакыт эс алышкан. Жылуулуктун айынан. Ошол мезгилдеги окуу программаларына жетишүү үчүн график менен окуп жатышат. КР жарандары өз укугунан пайдаланып КР президентин шайлап жатабыз. Ушундай чоң саясий иш чарадан жаштарыбыз четте калбашы үчүн, алар татыктуу талапкерди тандап өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн, салым кошо ала тургандарды тандоосу үчүн иш чарага катышып жатышат. Мунун саясийй дагы, тарбиялык дагы мааниси жаштарга да чоңдорго да мааниси чоң.

Шайлоо - бул өнөктүк көпчүлүк эле өлкөлөрдө чоң өзгөрүүлөрдү жарата алышы мүмкүн. Ал эми бизде студенттер чогулуп катышса эле өзгөрүү болушу күмөн. Анткени оппозициянын айтымында шайлоо сөзсүз административдик ресурсту колдонуу менен өтөт.

XS
SM
MD
LG