Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:52

Иракта эртелеп добуш берүү башталды


Ирак -- Коопсуздук күчтөрүндө иштеген кызматкерлер эртелеп добуш бере башташты. Жекшемби күнү алар жалпы өлкөдө шайлоонун коопсуздугун камсыз кылышат.
Ирак -- Коопсуздук күчтөрүндө иштеген кызматкерлер эртелеп добуш бере башташты. Жекшемби күнү алар жалпы өлкөдө шайлоонун коопсуздугун камсыз кылышат.

Алдыдагы жекшембиде – 7-мартта Иракта парламенттик шайлоо болот. Мыйзамда каралган укуктардан пайдаланып, коопсуздук кызматтарында иштегендер эртелеп добуш бере башташты. Алардын саны 800 миң адамга жетиши мүмкүн.

Багдадда жаңы эле добуш берип чыккан ирак офицери шайлоо жакшы болгонун, эч ким эч кимге кысым жасабаганын, ар ким өзү каалаган партияга бүллүтөн таштаганын айтып жайдаңдады. Күрт офицери да муну ырастап, баары ойдогудай өтүп жатканын, кезмет күткөндөр тартип сактап, коопсуздук да жакшы камсыз кылынганын белгиледи.

Ирак мыйзамында шайлоочулардын айрым катмарына эртелеп добуш бергенге жол койгон эреже каралган. Чет элдерде жашаган ирактыктар бүгүнтөн,5-марттан тартып добуш бере башташат.

Ошентсе да "Азаттыктын" Ирактагы кабарчылары билдиришкендей, элдин шайлоо алдындагы маанайы бир кылка эмес. Арасында алдыдагы жекшембини майрамдай санагандар да бар. Алардын бири ирактыктар бул күндү эбактан бери күтүп жатышканын айтып: "Эл үчүн өз өкүлдөрүн шайлоо чоң кубаныч, биз элди, жалпы өлкөнү куткара ала тургандарга, биздин өлкөгө кызмат кылганга кимдин жөндөмү жетет деп эсептесек, ошолорго добуш бергибиз келет",-деп билдирди.

Сүннүлөр басымдуулук кылган Рамади, Анбар аймактарында шайлоочулар, кыязы, өлкөгө кимдер кызмат кыларын азыртан эле аныктап коюшкан шекилди. "Азаттыктын" кабарчысы Ал-Тай Сундус маалымдагандай, аталган эки аймакта тең азыркы премьер-министр Нури ал-Маликинин ар кайсы жерлерге илинген сүрөттөрүн тытып, булгап, мазактаган учурлар жолугат. Өткөн шайлоодо бул жерде добуш бергенге борбуйлуу калктын 40 процентке жетпеген бөлүгү гана катышкан. Бул жолу деле алардын активдүүлүгү жогору болоруна ишенич жок.

Ал эми Киркуктан парламентке он төрт мандат бөлүнгөн, ага талапкер болгондор саны 500гө жетти. Шайлоочулардын теңинен көбүн күрттөр түзөт, алар болсо адатта өз улутунан чыккандарга тартат. Аймактагы арап, түркмөн, башка майда улуттук тайпалардын өкүлдөрү Киркукту "күрттөштүрүү" аракети күч алып баратканына нааразы. Бул жерде иштеген кабарчы Нехад ал-Баяти коопсуздук абалына Ирактын полиция күчтөрү менен америкалык аскер бөлүктөрү өзгөчө көз сала баштаганын билдирди.

Эрбилде да күрттөр басымдуулук кылат деп кабарлайт Абдул Хамид Зебари. Негизинен күрт фракцияларынын позициясы күчтүү. Алдыдагы шайлоо күрттөрдүн ролун күчөтөт деген ишеним кеңири жайылган, ошол себептен жергиликтүү калктын көпчүлүгү добуш бергенге ынтызар.

Эн-Нажафта болсо өңчөй шийиттер жашайт. Көпчүлүк үгүт-насыят иштери да премьер ал-Малики менен улуттук коалициялар үчүн жүрүп жатканын "Азаттыктын" кабарчысы Айсар-Йасири ырастады. Бул жерде шайлоочулардын көбү жекшемби күнү добуш бергенге барат өңдөнөт, бирок көңүлү жоктор да аз эмес.

Багдаддын чыгыш ыптасындагы Садр-ситиде премьер ал-Маликинин коалициясы популярдуу экенин, жекшемби күнү добуш берүүгө бул жерде көп киши келет деп болжолдоп жатышканын Лейла Ахмед кабарлады.

Жекшемби күнү шайлоонун коопсуздугун армиянын, полициянын жана коопсуздук күчтөрүнүн 680 миңдей кызматкери камсыз кылат.

Парламенттеги 335 орунга 165 саясий партиядан жана 12 шайлоо блогунан алты миңден ашуун киши талапкер болууда. Жаңы парламентте дайындала турган келерки өкмөткө эл аралык коалициянын контингентин өлкөдөн чыгаруу боюнча АКШ менен жетишилген келишимдин аткарылышын контролдоо милдети жүктөлөт.

XS
SM
MD
LG