Ливиялык адаватчылар 9-апрелде өлкө батышындагы Мисрата шаарындагы салгылашууда 30 адамын жоготту. Козголоңчулардын Абдисалам деген өкүлүнүн кабарлашынча, Каддафиге ишенимдүү күчтөр ишемби күнү шаарга үч тараптан чабуул жасап, бирок атка чегиндирилген.
Ливиянын лидери Муаммар Каддафиге ишенимдүү аскерлер 9-апрелде козголоңчуларды чыгыштагы Аждабия шаарын көздөй сүрүп салганы кабарланган.
Британиянын коргоо министрлигинин ишемби күнү билдиришинче, британ учактары Мисрата жана Аждабиянын атрабында Каддафиге караштуу күчтөрдүн жети танкасын жок кылган.
Британиянын аскерий учактары НАТОнун жетеги астындагы операцияга катышууда. Операция БУУнун Коопсуздук кеңешинин “Ливиянын аба мейкиндигин учактарга жабык зона” деген чечимин камсыздоого багытталган.