Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:33

"Үмүтүбүз өчүүдө". Ирандагы ооган качкындарын чектеген жаңы саясат


Ооганстан менен Ирандын чек арасында турган оогандыктар.
Ооганстан менен Ирандын чек арасында турган оогандыктар.

Иранда 21-марттан тартып иммиграциялык мыйзамдар катаалдаганы бул өлкөдө жашаган ооган качкындарынын абалы оорлошу мүмкүн болууда.

Иранга коңшу Ооганстандан барган миллиондогон ооган жаранынын келечеги бүдөмүк абалга кептелип турат. Анткени расмий Тегеран мыйзамсыз иммиграцияга каршы чараларын катаалдатып, бир катар чектөөлөрдү киргизүүдө. Иран бийлигинин мындай саясатынын натыйжасында алар медицина, билим берүү, турак жай менен камсыздоо жана башка мекемелердин кызматын көрүү укугунан ажырап калышы ыктымал.

Арсар абалда калган көптөгөн оогандыктар же мындай катаал шартка өткөн Иранда калып, эптеп жан багуу же коопсуздугуна кепилдик жок мекенине кайтуу деген оор тандоо алдында турушат.

Иранда жашаган ооган жараны Рашид Тегерандын жаңы саясатынын кесепети эмитен эле билинип жатканын айтууда.

Рашид жүрөгү оорулуу улгайган апасын Ирандагы доктурлар дарылоодон баш тартып койгондон кийин жакында Ооганстанга кайтууга мажбур болгон.

«Мага оогандык жарандар бул жерден эч кандай медициналык тейлөөгө алынбашы керек, Ооганстанга кайтууңар зарыл деп айтышты», — деди Рашид Тегерандагы мамлекеттик ооруканалардын бириндеги жетекчи кызматкердин айтканын эстеп.

Миңдеген оогандыктар жумуш издеп коңшу Иранга агылат.
Миңдеген оогандыктар жумуш издеп коңшу Иранга агылат.

«Апамдын абалы кескин начарлай баштагандыктан өз өлкөбүзгө кайтууга мажбур болдук», — деп айтып берди Рашид «Азаттыктын» ооган кызматына. Ал аты-жөнүн толук атабоону суранды.

Иранда жашап жаткан дагы бир ооганстандык Эхсан Зиянын эки өспүрүм кызы бар. Ал борбор калаа Тегерандан анча алыс эмес жердеги Караж шаарында жашайт. Эми Ирандагы иммиграциялык мыйзамдар өзгөргөндөн кийин ал кыздары окуусун уланта албай калабы деп кабатыр.

«Үмүтүбүздүн баары өчүүдө. Бул жерге келсек да кыздарым билим алуу укугунан ажырап отурат», — деди ал «Азади» радиосуна.

Зия Иранга үч жыл мурда, 2021-жылы Ооганстанда бийлик кайрадан "Талибандын" колуна өтүп, алар өспүрүм кыздардын мектепке баруусуна тыюу салып койгондон кийин көчүп барган. Колунда Иранда жашоого мыйзамдуу визасы турганына карабастан Зия бюрократиялык тоскоолдуктардын жана өзгөрүп жаткан иммиграциялык саясаттын айынан кыздарын мектепке киргизе албай калды.

Жаңы саясаттын таасири кандай болот?

Март айынын башында Ирандын Ички иштер министрлигинин Чет элдиктер жана чет элдик иммигранттар иши боюнча борбору (CAFIA) жаңы эреже киргенден кийин деле негизги мамлекеттик кызматтарга укуктуу боло ала турган оогандыктардын алты категориясы тууралуу жарыялаган. Алардын катарында качкын деп расмий каттоого алынгандар, анык жумуш визасы же уруксат кагазы барлар, Батыш колдогон, талибдер кулаткан мурдагы ооган өкмөтүндө иштегендер жана мектеп курагындагы балдары бар, виза алуу үчүн арыз берген үй-бүлөлөр.

"Талибандын" өкүлү ооган-иран чек арасында документ текшерүүдө.
"Талибандын" өкүлү ооган-иран чек арасында документ текшерүүдө.

Соңку эки жылда Тегеран документи жок же туура эмес деп эсептеген иммигранттарга каршы саясаты алкагында 2 миллиондон ашык ооганстандыкты депортациялады.

Ирандын расмийлери соңку чечимин ооган жарандарынын өз өлкөсүнөн кетүүсүнө анчалык олуттуу себеби жок деген пикири менен түшүндүрүүдө.

CAFIA борборунун башчысы Надер Ярахмади ISNA маалымат агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып "салыштырмалуу туруктуулуктан жана азыркы ооган өкмөтүнүн убада кылган саясатынан улам Ооганстанга кайтууга эч кандай тоскоолдук жок" экенин айтты.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар боюнча агенттигинин соңку маалыматына караганда, Иранда 4 миллиондой ооган жараны жашайт, алардын 2 миллиондон ашыгы уруксат документи жок мигранттар. Ирандын расмий кызмат адамдары жана маалымат каражаттары берген маалымат БУУнун эсебинен кыйла айырмаланып турат, алардын айтымында, Иранда 8 миллион ооганстандык жашайт. Ирандын калкы 2023-жылы 90 миллион деп эсептелген.

"Талибан" менен мамиленин курчуп кетүү коркунучу

Ирандагы мыйзамсыз миграцияны чектөө аракети бул өлкөдөгү коомчулук арасында ооган жарандарына каршы маанай күчөгөн кезге туш келүүдө. Себеби кылмыш кылгандар ичинде ооган жарандары соңку кезде көп каттала баштады, алардын жеке коопсуздугу жана жумуш менен камсыз болуусу жагынан да маселе жаралууда. Эл арасында оогандыктарга каршы мамиле барган сайын күчөп, алар ирандык полициянын жана чек арадагы коопсуздук кызматтарынын түрдүү зордук-зомбулугунун курмандыгы да болуп калууда.

«Эгер мигранттардын негизги кызматтар менен камсыз болуусу чектелсе эмгек рыногунда көйгөй жаралып, көптөгөн адамдардын көмүскө экономикага кетишине түрткү болот», — деп эсептейт кеңсеси Брюсселде жайгашкан Эл аралык кризистик топтун Ооганстан боюнча серепчиси Грэм Смит.

Биринчи кезекте айыл чарба жана курулуш тармагына сокку болушу ыктымал, анткени Ирандагы оогандык жумуш күчү дал ушул багытта иштеген мекеме-ишканаларда эмгектенген адамдардын басымдуу бөлүгүн түзүшөт. Демек, эгер мыйзамсыз мигранттарды өлкөдөн чыгара баштаса биринчи катарда дал ошол жумушчулар турушу керек болот.

Смиттин пикиринде, Тегерандын соңку аракеттери Иран менен Ооганстандын ортосунда чыңалууну күчөтүшү ыктымал.

Буга чейин коңшу Пакистандын бийлиги да оогандык качкындарга карата саясатын катаалдаткан.

«Талибдер жооп катары, мисалы, сууну чогуу пайдалануу жагынан чектөө киргизип коюушу ыктымал», — дейт Смит.

Серепчилер Тегерандын азыркы саясаты экономикалык да, геосаясий да жактан терс кесепеттерге алып келиши мүмкүндүгүн эскертип жатышат. Себеби эл аралык мамилелеринде изоляцияда жана ошондой эле каттал санкциялар алдында жашап жаткан Иранга соода алакасын кеңейтүү, чек арасында коопсуздукту камсыз кылуу жана аймакка интеграция болгон экономиканы куруу үчүн Ооганстандын өкмөтүн башкарып турган "Талибан" менен мамилесин туруктуу абалда кармаганы туура болот.

«Бул Ирандагы ооган жарандарына гана кыйынчылык жаратпастан, Тегерандын өзү үчүн да кыйратуучу саясат болот», - деди Смит.

Шерине

XS
SM
MD
LG