Орусиянын эгемен Украинага каршы баскынчыл согушту улантып жаткан бийликтери өздөрүн “жалпы Батышка, бери дегенде англосакстарга каршы күрөшкөн” Муромдук жаңы Илья баатырга теңешет. Эми алардын жактоочулары Аяз Атаны да үгүт аскерине кошууда. Кыргызстанда болсо жыл санагынын шаңдуу салттарына таандык Жаңы жыл майрамын чанган пикирлер 2025-жылдын ирегесинде да жаңырды. Салтка айланган жаңы жылдык майрамды аруу сактоо жана аны ар үй-бүлөдө балдар үчүн шаңдуу өткөрүү зарыл. Тарыхчынын блогу.
Орусиялык Аяз Ата чет өлкөлүк Санта Клаустун өлүмүнө маашырланганда
Орусияда жеткинчектердин аң-сезимин ууландырган жана Аяз Атанын бейнеси катыштырылган үгүт тасмасы 2024-жылдын декабрынын акыркы аптасында эркин таркатылууда.
Анда ободо балдарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктоо үчүн кооз чанага түшүп алып, жадырап учуп келе жаткан жана англисче сүйлөгөн Санта Клаус көрсөтүлгөн.
Санта Клаустун чанасындагы белекке алынган балан-байдыбандардын биринде НАТОнун энтамгасы бадырайып тартылган.
Бул тасмадан “аба мейкиндигин уруксатсыз бузуп кирген чакырылбаган конокту” орусиялык абадан коргонуу системасында иштеген жоокер жигит кантип "эрдик кылып" кыйратканына да күбө болобуз. Бул жоокердин ролун орусиялык жаш кино өнөрпозу Дмитрий Мельников аткарган экен.
Санта Клаустун таамай соккунун айынан чана-панасы менен кошо жардырылышы атактуу Кызыл аянттын үстүндөгү ободо жүзөгө ашырылганы шумдук!
Тасма. Орусиянын аба мейкиндигине “адашып кирип алган” Санта Клаустун ойрондолушу жана ага Аяз Атанын кубанышы жөнүндөгү кыска видео. Орусча. 27.12.2024.
Ал эми Маскөөдө жайгашкан жана орус тилинде сүйлөгөн Аяз Ата бул окуяга өзгөчө маашырланып, "бардыгын" Жаңы жыл менен куттуктагандыгы жана "Туура кыласың! Чет өлкөлүк эч нерсенин асманыбызда жүрүшүнүн кереги жок!" ("Правильно! Не нужно ничего иностранного в нашем небе!") деп орусиялык абадан коргонуу күчтөрүнүн жоокерине ыраазы боло айтканы да тасмада чагылдырылган.
Андан соң тасмада түнкү капкара асман көрсөтүлөт да, анда "Жаңы жылыңыздар менен, орусиялыктар!" деген куттук сөз пайда болот.
Орусиялык эркин журналисттер болсо дал ушул "үгүттүк тасманын чыгарылышы азербайжандык жүргүнчү учактын орусиялык абадан коргонуу күчтөрү тарабынан аткыланышынын кайгылуу окуясы менен дал келди", деп бул арамза иш-аракеттерге өз нааразылыгын билдиришти.
(Караңыз: Yoshkin Krot. Ёшкин Крот. 27.12.2024).
Санта Клаусту опузалаган чех тасмасы
Батышта Санта Клаусту “кара юмор” аралаш сыпаттаган көркөм тасмалар деле арбын. Бирок алар жек көрүүчүлүккө эмес, тентектер менен чалагайымдарды келекелөөгө багытталган.
Чехтердин айырмалуу бир видео клиби эске түштү. Аны көрүп эки анжы маанайда калганымды жашыра албайм.
“Санта Клаус бул жакта белектерди таркатып жатат” (“Tady naděluje dárky Ježíšek”) деп аталган чех тилиндеги азил тасмасы 2021-жылы 22-декабрда интернетте жарыяланган.
Анда бугу чегилген чанада ыракаттанып келе жаткан айтылуу Санта Клаустун ободон жерге түшүрүлүп, суракка алынганы көрсөтүлөт. Жерге кулап түшкөн Санта Клаусту чех танктары каардуу замбиректерин соройтуп тороп калышат. Тийешелүү сурак бүткөн соң, бечара Санта Клаус кайра өлкөдөн коё берилгендиги баяндалат.
Тасма. “Санта Клаус бул жакта белектерди таркатып жатат”. Чех тилинде. 22.12.2021.
Айтор, талаш-тартштуу маанай жараткан чех тасмасынын акырында (01:33 мүнөтүндө) жазылган кыска текстте:
“Бул видеону тартуу учурунда бир дагы бугу же Санта Клаус жабыр тарткан эмес.
Кыска сүйлөшүүдөн кийин арабакечтер чанага чегилчү бугуну кайтарып беришкен.
Мамлекеттик заттык байлык башкармалыгы тарабынан Санта Клауска Аяз атадан калган мурасты – бир чананы тартуулашты.
Атайын аскер күчтөрүнүн көмөкчү кошууну чананын мамлекеттик чек арага аман-эсен жетип алышын камсыз кылды.
Санта Клаус Ыйсанын туулган күнү майрамына арналган сапарын андан ары улантты”, – деген азил көрөрмандарга сунушталган.
Көрөрмандардын бири бул тасманын этегине саал байкалган мыскыл менен: “Деги, чехтер гана Санта Клауска каршы бүт аскерин аттандыра алат; бирок башка жагынан [тасма] эң сонун”, – деген пикирин чехче жазган экен. Албетте, көпчүлүгү бул тасманын азилине маашырланышыптыр.
Тасманын жалпы сүжетин мамлекеттик коопсуздукту, аймактык бүтүндүктү жана жалпы эгемендикти сактагандарга алкыш катары карасак да болот. Мага негедир тасмада мигранттарга каршы купуя ишенбестик маанай да сезилеби, деген ой кетти.
Санта Клаустун бейнеси – Анатолия менен Скандинавиянын ширендиси
Негизи, жаш балдарга белек-бечкек таркаткан жаракөр Санта Клаус тууралуу жомок АКШда же Улуу Британияда эмес, Скандинавияда жаралган. Финдер болсо аны Лапландиядан чыккан деп санашат. Бугуга чегилген чана – бул кышы узак чөлкөм үчүн демейдеги көрүнүш.
Ал эми тарыхта майрамдын ирегесинде жашырынып келип, балдарга белек таштап кетчү салтты баштаган киши кышы ызгаардуу Скандинавияда же Лапландияда эмес, таптакыр ысык жакта – Жер Ортолук деңизинин түштүк-чыгышындагы көөнө Ликия аймагында жашаган дешет.
Ортодокс христиандардын өлкөсү болгон Византиядагы Ликия аймагында берешен жана кайрымдуу иштери менен айырмаланган динчил Николай деген киши б.з. IV кылымда жашаган (аны кийин ыйык деп жарыялашкан).
Албетте, эпископ Ыйык Николайдын (270–343) эч кандай атка же бугуга чегилген чанасы болгон эмес. Бул диниятчы жашаган Мыра шаары азыркы тапта Түркиянын Анталия аймагындагы Демре (мурдагы Кале) шаары болуп саналат. “Мыра” аталышы байыркы этруск тилинде “Маура” – “Кудай эненин жергеси” деген сөздөн келт ип чыккан, деген жоромол бар.
Айтор, азыркы Демре шаары кыш айларында дагы эң суук болду дегенде 16 даража (градус) жылуу болуп турат, анан каяктан ал жакта кышкы чана болсун!
Орто кылымдарда мыралык Ыйык Николай тууралуу христиандык уламыш Батыш Европага да көчкөн.
Византиялык (анатолиялык) уламыштын ар кыл варианттары Нидерланддарда (“Синтерклаас” жомогу) жана андан соң бир катар скандинавиялык элдерде ар кыл аталыштарда кеңири таркаган.
Синтерклаастын бир көнүмүш адаты болгон: ал чоң дептер ала жүрчү да, ага жаш балдардын кимиси жылы бою жакшы иш кылганын же катачылыкка жол койгонун каттап койчу (албетте, майрамда белек таркатууда бул жагдай эске алынат эмеспи).
Эгерде Нидерланддарда Синтерклаас ак аргымакка минип алса, ал эми Скандинавиянын ак кардуу чөлкөмдөрүндө Ыйык Клаус (Санта Клаус) бугуга чегилген чанага түшүп жер кезген айкөл киши катары сыпатталган.
Христиан дини Түндүк Европага (анын ичинде Скандинавияга, Нидерланддарга, Белгияга жана Түндүк Германияга ж.б.) таркала электеги доордо Ак аргымакчан айкөл Синтерклаастын жергиликтүү прототиптери да арбын болгон.
Алардын бири – нормандардын (кийинки викингдердин) Один деген кудайы болчу. Чоң сакалчан Один өзү Слейпнир деген сегиз буттуу аргымак минчү. Албетте, бул уламыштар көөнө нормандардагы христиандыкка чейинки шаманчылык заманынан бери сакталып калган.
Орто кылымдарда түрк калктары өздөрүнүн теңирчиликке жана шаманчылыкка байланыштуу көптөгөн уламыштарын ислам динине шайкеш кылып сактап калгандай эле, Батыш Европанын түндүк элдери да өз уламыштарындагы эски кейипкерлердин сапаттарын бара-бара христиандык кейипкерлерге жалгаштырышкан.
Санта Клаус (Ыйык Николай) жөнүндөгү ишеним, ошентип, ар кыл маданий жана диний кыртыштардын ширендиси катары өнүп чыккан.
Ал эми Санта Клаусту “НАТОнун тыңчысы катары жериген” орусиялык видео тасманын бизге азырынча беймаалым сценаристине келсек, албетте, ал тарыхты анчейин билбестигин көрсөткөн. Санта Клаустун башатындагы кейипкер, б.а. мыралык динчил Николай – жалаң гана католиктер менен протестанттар тарабынан аздектелбестен, көпчүлүк орустардай эле ортодокс (православ) христиандар да урматтаган ыйык динчил болгон.
Аны орус христиандары өз эне тилинде “Чудотворец” (“Сыйкыр жаратуучу”), “Угодник” (“[Кудайга] жаккан [такыба]”) жана “Святитель” (“Ыйык төбөл [диниятчы]”) деген эпитеттер менен даңазалашат.
Демек, ошондо жогорудагы тасмада путиндик Аяз Ата чанасына бугу чегип алып, зуулдап келе жаткан Ыйык Николайдын өлүмүнө маашырлаган болуп чыгып жатабы?
Санта Клаус Ала-Тоодо
XXI кылымдын нөлүнчү жылдарынын этегинде Ала-Тоодо да Санта Клаус менен байланыштуу кызыктуу окуя болуп өткөн.
2007-жылы 13-декабрда ал кездеги Кыргызстандын Маданият министрлиги жана туризм боюнча мамлекеттик агенттик 2008-жылы чокулардын бирине “Санта Клаус” атын берип, Санта Клаустардын эл аралык жыйынын, балатыларды кооздоо жана белектерди жеткирүү боюнча чемпионатты өткөрүүнү болжоп жатканын шардана кылган.
Бул иш-чаралардын максаты – “Кыргызстан Санта Клаустардын мекени” экенин дүйнөгө жар салуу аркылуу Ала-Тоодогу кышкы туризмге дүйнө жүзүндөгү конокторду көбүрөөк тартуу болгон.
Министрлик үчүн финляндиялык СВЕКО фирмасынын Швед өлкөсүндөгү адистери “эгерде Санта Клаус Кыргызстандын ак кар жамынган бийик тоолорунда жашачу болсо, анда ал дүйнө өлкөлөрүндөгү бардык балдарга белектерин тегиз жеткирүүгө жетишээр эле” деген кыялкеч жоромолу негиз болгон.
Сүрөт баян. Кыргызстан - Санта Клаустун мекени. 31.12.2007
Кыргызстандын туризм министрлигинин кышкы туризмди жандандыруу үчүн "Санта Клаустун мекени – Кыргызстан тоолору" деп чыкканын учурунда шылдыңга алган жердештерибиз деле болду.
Бирок мен аларга кошулбас элем. Маселе – жомоктогу Санта Клаустун өзүндө эмес.
Башкы көйгөй – жайкы туризмге караганда кышкы туризм төмөнкү мааниде кала берип жаткан түшүнүктөн оолактоодо болчу. Азыркы тапта да кышкы туризмди чыңдоо үчүн скандинавиялык өлкөлөр бири-бири менен атаандашып, Санта Клаустун мекени катары “жуурканды” ар кими өз аймагына тартууга умтулуп келишет.
Дал ушул Санта Клаус өнөктүгү Кыргызстандагы туризм өнөр жайы үчүн жайкы “Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын” үч жолкусун (2014–2018) уюштуруунун алдындагы машыгуу баскычындай эле болуп калды.
Жаңы жыл тосуу – диний майрам эмес
Адатта, келгин куштар ар жазда келип, ар күздө кайра жылуу жактарга учуп кетишет. Ал эми президенттик шайлоо өнөктүгү маалында пайда боло калып, ал өзү үчүн майнапсыз өткөн соң, жарандык коом үчүн кайрадан бир нече жылдар бою “өчүп” калган “жылдыз саясатчыларыбыз” да жок эмес.
Анны сыңарындай, ошондой “келгин куштардын” кайсы бир өкүлдөрү жыл сайын декабрда пайда болушат да, “31-декабрдан 1-январга караган түнү Жаңы жылды майрам катары белгилөө – бул каапырлардын майрамдарын кубаттоого тете жаңылыш турум”, деп саймедирлеп айткан үгүт кептерин интернеттин ар кыл аянтчаларында үстөккө-босток жазып жана айтып калышат.
Бул жаңы жылдык салтанатка каршы динчилдик үгүт – таптакыр жаңылыштык деп санайм.
Анткени Жаңы жыл тосуу – бул планетадагы бардык элдердин балдарынын сүйүктүү календардык майрамы. Чыгыш Жаңы жылы, Нооруз, татарлардын “Сабантуй”, монголдук “Наадам”, сахалардын “Ысыах” (“Ыhыах”) майрамдары, түшүм майрамы, ж.б. сыяктуу эле анын эч бир азыркы динге тийешеси жок.
Ыйсанын туулган күнүнө байланыштуу христиандык диний майрам бар. Аны алардын бир даары жыл сайын 25-декабрда белгилешсе, калганы 7-январда белгилешет. Демек, азыркы эл аралык жылсанактагы 31-декабрдын түнү жана 1-январдын таңында белгиленип жаткан Жаңы жыл майрамынын бул динге эч алакасы жок.
Дал ушул жагдайды баамдап, Советтер Биримдигинде да Жаңы жыл майрамын шаттана тосуу урааны 1935-жылы көтөрүлүп, 1937-жылдан тартып ал коомдук жайларда, мектептерде жана үй-бүлөлөрдө ачык жана шаңдуу белгилене баштаган.
Советтик Кыргызстан дагы 1937-жылдан тартып бул майрамды айдыңдык (секулярдык; орусча “светский”) мамлекеттик түзүлүштүн орчун майрамы катары салтанаттуу белгилей баштаган жана эгемен Кыргызстан дагы аны белгилеп келет.
Кыргыз жеткинчектери үчүн Аяз Атанын ролун аткаруучулар ак сакалы жайкалган, төбөсүнө кебез чегелеген тебетей кийген айкөл чоң ата катары кызмат кыла баштады. Аяз Атанын айынан өз динин жериген эч ким жок. Аяз Ата жаш балдарыбызды эне тилде ырдоого жана ынтымакка чакырууда.
Кээде Аяз Атанын ролун аткарып калган да учурларым болду. Анын ролун аткаргандардын педагогдук ички максаты – жомоктогу аруу кейипкерлерди колдонуу аркылуу жеткинчектердин балалык чагын бактылуу баёо кезең катары уюштурууга огожо болуу.
Албетте, азыркы тапта эрезеге жеткен эч ким Аяз Ата, Санта Клаус же башкаларына аларды өлкө президенти же БУУнун Башкы катчысы колтуктап коштоп келсе деле ныпымга да ишенбейт. Бирок акыл-эстүү кишилер Аяз Атанын (Санта Клаустун), Аяз кыздын же башкасынын ролун аткарып жаткандарга педагогдук жана өнөрпоздук ийгилик гана каалашат жана майрамдык шаанини алар менен чогуу ажарына чыгарышат, деп санайм.
Жаңы жылга карата тилек
Демек, Жаңы жыл тосуу – үй-бүлөнүн жана жамааттардын алкагындагы кезектеги жыл санактык (календардык) салтанаттуу окуя. Бул майрамга сараңдык кылбайлы, бала менен бала болуп, майрамды жалпы ынтымак үчүн чогуу белгилейли.
Келе жаткан 2025-жыл, Жылан жылы жамы журт үчүн куттуу болсун!
Айтыла жүрчү Жаңы жылдык тилектен үзүндү келтирүү менен сөзүмдү аяктайын: айдан – аман, жылдан – эсен, кыштан – күүлүү-демдүү чыгалы!
Үйүбүздө эле эмес, жүрөгүбүздө да жарыгыбыз өчпөсүн, очогубуздан жылуулук оту кетпесин, көөдөнүбүздө ишеним руху өчпөсүн, эл ынтымагы бөксөрбөсүн, ар жарандын телегейи тегиз болсун, бектерибиздин пейили оң болсун, сотторубуз акыйкатчыл болсун, басма сөзүбүз мындан ары да эркин болсун, демократияга умтулган жумуриятыбыздын өркөнү өсө берсин, тарыхый коңшуларыбыз менен достугубуз чыңдалсын, аларга демократиячыл жарыгыбыз тийсин, төгөрөктүн төрт бурчунда тынчтык болсун!
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.
Шерине