Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин айтымында, документтин максаты - кыргыз салттарына жана маданий өзгөчөлүктөрүнө ылайык фамилияны тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү. Мында улуттук салтты, тарыхый мурасты жана түпкүлүктү чагылдырган фамилиялардын жазылышынын жаңы варианттарын кошуу сунушталып жатат.
Бул мыйзам долбоорун Жогоку Кеңештин депутаттары Мирлан Самыйкожо, Аманкан Кенжебаев жана спикер Нурланбек Шакиев демилгелеген.
"Азыркы мыйзам боюнча жарандар, мисалы, Бактыбек Үсөн болуп чоң атасынын атына дароо каттала албайт. Ушул мыйзам күчүнө кирсе, каттала алат. Мисалы, бир үйдүн беш баласы болсо, бир баласын чоң атасынын атында алып жүргүсү келсе, Бактыбек Үсөн кылып койсо болот. Экинчи вариантта фамилияга "теги" сөзү кошуп жазылат. Бактыбектеги Үсөн Жакшылык уулу, Бактыбектеги Нургүл Жакшылык кызы болот. Ал эми үчүнчү вариантта Бактыбектеги Үсөн Жакшылыктын, Бактыбектеги Нургүл Жакшылыктан. Мындайды каалаган да ата-энелер болуп жатат азыр. Биз алардын каалоосун орундатып, мыйзамды ылайыкташтырып берсек жакшы болот эле", - дейт Мирлан Самыйкожо.
Эл өкүлүнүн айтымында, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда жарандардын фамилиясын жазууда жалпы үч вариант бар.
Биринчи вариантта жарандын аты-жөнү чоң атасынын аты боюнча жазылганда чоң атасынын атына мүчө уланбай жазылып, анан өз ысымы жазылат.
Мисалы: Бактыбек Үсөн, Бактыбек Нургүл.
Ошондой эле ата-энесинин каалоосу менен өз ысымынан кийин атасынын аты жазылып, андан кийин эркек жынысындагы балдар үчүн “уулу” деген сөз жана аял жынысындагы балдар үчүн “кызы” деген сөз жазылат.
Мисалы: Бактыбек Үсөн Жакшылык уулу же Бактыбек Нургүл Жакшылык кызы десе да болот.
Экинчи вариантта болсо чоң атасынын атына “теги” деген сөз ажыратылбай чогуу жазылып, андан кийин өз аты жана ата-энесинин каалоосу менен атасынын аты, анан эркек жынысындагы балдар үчүн “уулу” деген сөз жана аял жынысындагы балдар үчүн “кызы” деген сөз жазылат.
Мисалы: Бактыбектеги Үсөн же Бактыбектеги Үсөн Жакшылык уулу, Бактыбектеги Нургүл же Бактыбектеги Нургүл Жакшылык кызы болот.
Ал эми үчүнчү вариантта чоң атасынын атына “теги” деген сөз ажыратылбай чогуу жазылып, андан киийн өз аты жазылат жана ата-энесинин каалоосу менен атасынын аты, анан эркек жынысындагы балдар үчүн илик жөндөмөсүнүн мүчөсү (-дын/тын, дин/тин, дүн/түн ж.б.) жана аял жынысындагы балдар үчүн чыгыш жөндөмөсүнүн мүчөсү (-дан/тан, ден/тен, дөн/төн ж.б.) атасынын атына уланып чогуу жазылат.
Мында эркек жынысындагылар Бактыбектеги Үсөн Жакшылыктын, ал эми аял жынысындагылар Бактыбектеги Нургүл Жакшылыктан дегендей үлгү менен жазылат.
Ал эми депутаттын айтымында, буга чейинки көпчүлүк жазылып жүргөн -ов, -ова мүчөлөрү жалганган фамилиялар кааласа, ошол бойдон кала берет. Маселен, Үсөнов Болот Маратович, Үсөн уулу Болот, Асанова Гүлнур Маратовна, Асан кызы Гүлнур деген сыяктуу аты-жөндү коюуда эч кандай өзгөртүү жана чектөө жок.
Жыйында мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири спикер Нурланбек Шакиев жаңы жылдан кийин Нурлан Тургунбекович эмес, Нурлан Тургунбек уулу болорун айтты.
"Чет жакка чыкканда маселе жаралбайт"
Депутат Исхак Масалиевдин "мыйзам күчүнө киргенден кийин паспорттон башка документтерди да алмаштыруу милдет болобу?" деген соболуна Самыйкожо башка документтер алмаштырылбасын айтты:
"Мен башымдан өткөн нерсени айтайын. Азыр деле ошондой болот. Мен башында Турдумамбетов Мирлан Самыйкожоевич болчумун. Андан кийин Самыйкожо уулу Мирлан болгом. Ошондо метирке алмашуу керек болгондо бир кагаз күбөлүк берилет экен. Ошол күбөлүк фамилиясын алмаштырган ар бир жарандан бардык документинде тиркелип жүрөт. Ошондой экен”.
Юстиция минитсринин орун басары Орозбек Сыдыков да жарандардын аты-фамилиясы өзгөргөн чакта ал башка өлкөгө чыкса да документ жагынан эч кандай көйгөй болбойт деп ишендирүүдө:
"Бизде расмий мамлекеттик органдардан чыккан документтерди биз ГААГА конвенциясы боюнча легалдуу кылып жиберебиз. Ошондо биз бул жердеги документтердин келип чыгуусун тастыктайбыз. Мисалы, бирөөнүн дипломунда аты-жөнү башка болуп калган болсо, биз анын баарын карап тастыктап беребиз. Бул ошол эле адам, аты-жөнү өзгөрүлгөн деп. А бүгүнкү күндө эч кандай фамилиясынан өзгөрүү болбогон учурда деле жарандар Кореяга кетеби же Америкага кетеби, баланча жылы бул окуу жайды бүткөн деп тастыктап беребиз. Бул жаатта көйгөй болбойт".
"Бирдиктүү фамилия болушу керек"
Жыйында депутат Марат Мураталиев демилгечилердин жаран каалаган вариантта фамилия алса болот дегенин сындады:
"Эл аралык нормаларга бул туура келиши керек. Анан, Мирлан мырза, сиз каалаган вариантын алгыла деп айтып жатпайсызбы. Бир эле вариант кылып койбойлубу? Мисалы, үчөөбүз бир жакка учсак, бирөөбүз уулу, бирөөбүз теги дагы бирөөбүз башка болуп турсак, кандай болот? Эми ушул мыйзамды алып чыккандан кийин буга чекит коюп, бир вариантын изилдеп чыгып, ошого токтолушубуз керек да. Анан биздин өлкөдөгү башка улуттардын өкүлдөрү да ушул бирдиктүү фамилияга өтсүн. Мисалы, Орусияга барып жарандык алсаң, алар өздөрүнүн мыйзамы менен паспорт берет. Биз да ошого өтүшүбүз керек. Керек болсо жаңы паспорт чыккандан кийин баарын кыргыз деп жазганга өтүшүбүз керек".
"Тегин" туурабы же "тегиби"?
Бул мыйзам долбоору 17-декабрда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында да каралган.
Анда “теги” жана “тегин” сөздөрүнүн мааниси боюнча бир катар талкуулар болгон.
Жыйында Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары Канат Сейдалиев президенттик администрациядан дал ушул сөз боюча ыкчам карап берүү боюнча маалымат түшкөнүн, терминологиялык комиссия онлайн жыйын өткөрүп, 9 мүчөсү "тегин", 5 мүчөсү "теги" дегенди колдогонун, 6 мүчөсү катышпаганын билдирди:
“"Тегин" деген терминди колдогондор бул таандык белгиси бардай кабыл алынганын белгилеп, бул сөз түшүнүк түпкү ата-текти билдирет деген аргументке таянышкан. Ошондой эле "тегин" болгондо фамилия сыяктуу болуп кимгедир таандык кылуу маанисинде алынганын билдиришет. Анан 11-кылымдагы Кашкаринин сөздүгүндө "тегин" деген сөз ханзаада, хандын уулу, тукуму деген мааниде кездешкенин белгилешкен”.
Бүгүнкү жыйында да ушул эле "тегин" жана "тек" сөздөрүнүн айланасында түшүндүрмө суроо, талкуу болду. Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Мирлан Самыйкожо буга мындай жооп берүүдө:
"Кыргыз тилинде “тегин” деген сөз кеңири белгилүү боло алган жок. Бул сөздүн мааниси кандайдыр бир нерсени, кимдир бирөөнү тануу дегенди билдирет. Мына Юдахиндин кыргыз тили боюнча түшүндүрмө сөздүгүндө деле “тегин” деген сөз оручса “даром” ("бекер") дегенди түшүндүрүп жатат. Ал эми "тек" дегенди билебиз. Бул ата-тек, илик, тек, жай. Кыргызда кимдин тегинисиң деп эмес, кимдин тегисиң, тегиң ким деп сурайт да. "Теги" деген сөз адам кайсы урууга таандык экенин да көрсөтүп тура".
"Фамилия менен ойнобош керек"
Белгилүү этнограф, тарых илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов мындан 35 жыл илгери тил мыйзамынын биринчи вариантын жазып жатканда да адам аты менен фамилиясы боюнча коомчулукта бир топ талкуулар, талаш-тартыштар болгонун эске салды.
Ошол кездеги жоон топ окумуштуулар, тарыхчы, тилчилер, этнографтар документте адамдын өз аты биринчи жазылат, анан атасынын аты жазылат деген пикирге келишкен. Анан бир топ талкуу менен азыркыдай эле уулу, кызы деген сөздөрдү улоого, токтолушкан. (Кыздар үчүн "айча" деген сунуш да айтылып, бирок бул колдоо тапкан эмес). Ошондо каалагандар чоң атасынын атына мүчө улабай эле фамилия катары колдонсо болот деген пикирге келишкен. Ушул эле маалда "тегин" деген сөздү да фамилиясына жалгап алгандар болгон. Маселен, ошол кезде коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев Топчубек Тургуналы Кожомбердитегин болуп жүргөн.
Кайыпов азыркы мыйзам долбоорундагы атасынын атына илик, чыгыш жөндөмөлүнүн уланганын туура көрбөй турганын айтууда. Ал адам атын, фамилиясын өзгөртүү жеңил иш эмес дейт:
“"Тегин" деген сөзгө берилген түшүндүрмө туура эмес. Ал көп маанилүү сөз. "Теги" деген сөздүн мааниси өткөн мезгилге багытталат. Ал эми, чыгыш жөндөмөсү менен илик жөндөмөсүн сунуш кылып жаткандай колдонсок, тилди бузган болобуз. Мисалы, чоң атасы Акмат, атасы Болот болгон Мурат, Максат деген эки бала бар дейли. Бирин Мурат Акматтын, экинчисин Максат Болоттун жазып алса, ит болбодубу. Же Гүлай, Нурай деген эки кызынын бири Гүлай Акматтан, бири Нурай Болоттон деп жазып алса эмне болот? Мунун баары бир караганда туура көрүнгөнү менен, талдай келгенде чоң ката болот. Дегеле фамилия, аттар менен ойноп, бөйрөктөн шыйрак чыгара бербеш керек. Мурдагысы эле абдан жакшы болчу. Мисалы, мен эмне үчүн Кайыпов деген фамилиямды которгон жокмун. Себеби менин туулгандыгы тууралуу күбөлүгүмдөн баштап дипломдорума чейин -ов. Ал жерден чоң проблема чыгат. Мен коомдо жашайм, чет өлкөгө барам. Анан Сулайман Кайып деп жазып алып мурдагы документтеримди көрсөтсөм эмне дейт? Ошондуктан фамилиялар так, кыска, түшүнүктүү, анан бир түрдүү болушу керек".
"Маңыздуу нерселерге көңүл бурсак"
Дагы бир тарых илимдеринин доктору, этнограф Аблабек Асанканов кыргызча фамилияга өтүү иденттүүлүк үчүн жакшы болгону менен, учурда депутаттар баш оорутчу мындан башка маселелер көп деген оюн айтты:
"Чет өлкөгө барабыз, ар кандай конференцияларга, жыйындарга катышабыз. Ошондо паспорт маселеси кыйынчылык туудурат. Анткени азыр болбогон нерседен кыйкым таап чет өлкөгө чыгуу да кыйындады. Мына ансыз деле мигранттар канча кыйынчылыктарга кабылууда. Маселен, Орусия миграция жөнүндө мыйзам кабыл алып, боордоштордун абалын кыйындатты. Мына ушул маселелерди көтөрсө болмок депутаттар. Негизигиси мен кыргызмын деген түшүнүк, эне тилин, тарыхын билип, улутту урматтоо адамдын аң-сезиминдеги маселе да. "Тегин" деген ат коюп алып же кыргызча кооз сүйлөп алып элге жакшылык кылбагандар толтура да. Ошондуктан биз маңыздуу нерселерге көп көңүл бурушубуз керек”.
Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстанда жарандын аты-жөнүн жазуунун бир канча вариантына жол берилет. Жаран фамилиясына чоң атасынын ысымын жана ага “тегин” мүчөсүн кошуп каттала алат. Мындан тышкары “уулу”, “кызы” болуп жазылса болот. Ошондой эле “-ов,-ев, -ова, -ева” мүчөлөрү кошулган фамилияларды тандай алат. Ал эми башка улуттагы жарандарга өзүнүн каада-салтына жараша аты-жөнүн тандоого уруксат берилет.
Шерине