Астанада 28-ноябрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) саммити өттү. Анда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, эл аралык жана аймактагы коопсуздукту сактоодо ЖККУга мүчө мамлекеттер өз ара тыгыз аракеттенүүсү керектигин айтты.
Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага каршы согушка байланыштуу маалымат берди. Бул жолку саммитке Армения катышкан жок, расмий Ереван сентябрда мүчөлүгүн убактылуу токтоторун билдирген. Уюмдун бул жолку жыйыны геосаясий кырдаал курчуп, Москва менен Киевдин айыгышкан согушу күчөп турган маалга туш келди.
Астана саммитинде көтөрүлгөн маселелер
Президент Садыр Жапаров ЖККУнун Астана саммитинде дүйнөдөгү азыркыдай шарт-жагдайда күч-аракеттерди бириктирүү коопсуздук коркунучтары менен күрөшүүдө гана эмес, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо үчүн да керек экенин белгиледи. Уюмдун алкагындагы союздаштык мамилелерди мындан ары да чыңдоо чечимин колдоду.
"Садыр Жапаров глобалдык геосаясий өзгөрүүлөрдүн фонунда тынчтыкты, эл аралык жана регионалдык коопсуздукту сактоо боюнча ЖККУга мүчө мамлекеттердин өз ара тыгыз аракеттенүүсү зарыл экенин айтты. Ал биргелешкен аракеттер менен уюмдун потенциалын бекемдөө ишинде олуттуу натыйжаларга жетишүүгө болорун баса белгиледи", - деп жазылган расмий маалыматта.
Уюмга төрагалык кылып жаткан Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУ Евразия аймагындагы тынчтыкты жана бейпилдикти камсыздаган негизги түзүм болуп калганын айтты:
"Азыркы орчундуу маселелерге байланыштуу ЖККУну бул уюмга мүчө мамлекеттердин ишенимдүү кепили катары караса болот. Биздин макулдашылган аракеттерибиз, бири-бирибизге ишенимибиз жана колдообуз эң татаал, масштабдуу маселелерди жамаат менен биргеликте чечүү мүмкүнчүлүгүн бекемдейт. ЖККУ - бул аскердик гана өнөктөштүк эмес, бул биздин мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүбүздү жана эгемендигибизди коргоодо аракеттерибизди жана ресурстарды бириктирген уникалдуу механизм", - деди Токаев.
Путиндин билдирүүсү
Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага каршы согушка байланышкан абал тууралуу маалымат берди. Анда АКШнын Киевге америкалык ATACMS ыкчам-тактикалык ракеталары менен сокку урууга уруксат бергенин айыптады. Москва орто радиустагы баллистикалык жаңы ракета менен сокку урганын, зарыл болсо мындай аракеттер улантыларын эскертти. Буга чейин украин президенти Владимир Зеленский муну кырдаалды курчутуу аракети деп атаган.
АКШнын өз ракеталары менен Орусиянын аймагына сокку урууга Украинага уруксат бериши соңку күндөрдөгү дүйнөлүк маанидеги окуя болуп турат. Орус бийлиги бул чечимден соң жооп берерин убада кылса, Казакстан Украинага байланыштуу соңку кырдаалды эскалация деп мүнөздөп, өлкө ичинде коопсуздук чараларын күчөтүүнү чечкен.
Мындай кырдаалда сырттан коркунуч болсо аскердик жаатта кызматташуу максатында түзүлгөн ЖККУнун ролу кандай болот, соңку кырдаалда Москва бул уюмдагы өз өнөктөштөрүн согушка тартууга аракет кылбайбы деген суроо турат.
Буга чейин ЖККУнун пайда-зыяны, таасири тууралуу талкуулар болуп келген. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш маалында сын-доомат күчөгөн. Деген менен Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Токон Мамытов азыркыдай кыйчалыш жагдайда Кыргызстандын бул уюмга мүчө болуп турганы пайдалуу деп эсептейт:
"Бул Борбор Азия мамлекеттерине керек уюм болуп турат. Мисалы, эртең Ооганстандагы кырдаал курчуп кетсе эмне болот? 1999-2000-жылдардагы окуяларды билесиңер да. Ошондо Ооганстандан коркунуч келип, ага биздин жергиликтүү жоочулар кошулуп эле, биз эки жыл өтө оор абалда калдык. Эми ошондой абалдын жаралышына жол бербеш үчүн биз азыр ушул уюмда болуп турушубуз керек. Башка аскердик уюмга азыр бизди эч ким албайт. Биз азыр НАТОго киребиз деп рефендум өткөрсөк дагы албайт. Себеби НАТОго кириш үчүн ал жерде өзүнчө өтө оор талаптар, шарттар бар. Биз эмес, ал жакка Украина кире албай жатат. Украинаны албай жатпайбы. Ошондой абалда улуттук коопсуздукту, туруктуулукту эске алсак, анда бул уюм керек".
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян быйыл июнда Армения ЖККУдан чыгарын жарыялаган. Ал Азербайжан Тоолуу Карабакты көзөмөлүнө алган кезде жана эки өлкө ортосунда чек ара сүйлөшүүлөрү оңой эмес болуп жаткан чакта бул уюмга таяна албай койгонун бир нече ирет кайталаган. Бирикмеде үстөмдүк кылган Москва, өз кезегинде, Арменияны батышчыл позициясы үчүн айыптаган.
Токон Мамытов буга байланыштуу комментарий берип жатып, Ереван менен Бакунун жаңжалына ЖККУ аралаша албасын айтты:
"Бул Армениянын жөн эле шылтоосубу деп ойлоп жатам. Себеби Армения менен Азербайжандын Карабак маселеси боюнча ЖККУ, КМШ эмес, Бириккен Улуттар Уюмунун 30 жылдын ичинде үч-төрт резолюциясы бар. Анда Армения эл аралык мыйзамдарды бузуп, эркиндик, суверендүүлүк деген маселелерди тебелеп-тепсеп, Азербайжандын жерин басып алды деп жазылган. БУУда 100дөн ашык мамлекет кол көтөрүп, ошондой талаптарды койгон. Армениянын премьер-министри ЖККУ бул жаңжалда жардам берген жок деп айтып чыкпадыбы. ЖККУнун ага жардам бергенге акысы дагы жок болчу. Себеби БУУнун резолюциясы бар. "
Буга чейин Орусия ЖККУдан аскердик жардам сурашы ыктымалбы деген суроо жаралган. Москва азырынча буга байланыштуу пикирин билдире элек. Сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев парламент жыйынында орус-украин согушунда ЖККУнун алкагында Орусияны колдоо керектигин айтып чыккан жана анын мындай сунушу кыргыз коомчулугунда сынга кабылган. Кыргызстандын "бейтарап позицияда" экенин эскерткендер болгон.
2022-жылдын башында Казакстандын бир нече шаарында бийликке алгач экономикалык талаптарды коюп чыккан акцияларды аскерлер жана полиция күч менен басып, башаламандык чыккан. Өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевдин террорчулар тууралуу билдирүүсүнөн улам бул өлкөгө ЖККУнун 2 миңден ашуун жоокери 250 аскердик техникасы менен барган. Кыргызстан Алматыга 150 жоокерин жөнөткөн.
"Ысык-суугу жок эле уюм болуп калды"
Талдоочу Орозбек Молдалиев ЖККУ таасирдүү уюмга айлана алган жок деген ойдо. Ал ошону менен Кыргызстанга пайдасы деле тийбегенин айтты:
"Биз бул уюмдун пайдасын 1999-2000-жылдары көргөн деле жокпуз да. Армения уюмдагы бардык багыттагы кызматташтыгын токтотту, бирок мүчөлүктөн биротоло чыга элек. Чыкканын расмий айтпаганы менен, формалдуу түрдө ошого барып калды. Бул уюмдун таасиринин абалын ушундан билсе болот: биз Тажикстан менен согушуп, кыйкылдашып атканда ЖККУнун кеңешмеси Дүйшөмбү шаарында болгон. Буга Орусиянын мурдагы коргоо министри Сергей Шойгу келип өзү катышкан, Коопсуздук кеңештеринин катчыларынан баары катышкан. Ошолор "койгула, токтоткула" дегенге жараган эмес. Мына, көрүп атасыңар, мисалы, НАТОну таасирдүү уюм экен деп ага мүчө болууну каалагандар кезекке туруп жатат. НАТОго, Европа Биримдигине кирем деп отуруп Украина менен Орусиянын ортосунда жаңжал чыгып кетти. Азыр эми ЖККУнун уставын өзгөртүш керек, таасирин арттырыш керек деген дагы сөздөр бар. Анан эми ушундай жыйындар, аскердик машыгуулар болот. Бирок бизге мындан башка ысык-суугу жок эле уюм болуп калды чынында. Биз ЖККУга мүчө болгондон кийин курал-жаракты Орусиядан алабыз. Убагында казак президенти Нурсултан Назарбаев "биз ушул уюмга мүчөбүз, бирок эмнеге дүйнөлүк баа менен сатып алып жатабыз, заводдон чыккан баа менен албайбыз?" деп айтканы дагы бар. Азыр эми аскер кызматкерлерин окутуп берет деп айтышат. Бирок аларды Түркияда деле окутса болот, мына УКМК өзү академия ачты. Бул уюм чынында Орусияга эле керек. Бул уюмду азыр өтө ийкемдүү жана таасирлүү уюм деп айтканга болбойт. Уюм өзүнүн ишмердигин өзгөртүшү керек, жанагындай жаңжалдардын алдын ала алган уюм болушу керек. Таасирдүү уюм болбогону үчүн убагында Өзбекстан андан чыгып кеткен".
Астананын Путинди тосуп алышы, активисттердин кармалышы
"Жогорку мартабалуу Владимир Путин мырза, Астанага кош келиңиз!"
Астананын аба майданында бир күн мурун мына ушундай жазуулар илинип, казакстандыктар аны кызуу талкууга айландырды. "Жогорку мартабалуу" деген жазуу айрым интернет колдонуучулардын ачуусун келтирди.
Көп өтпөй Казакстандын Тышкы иштер министрлиги илинген баннердеги жазуу боюнча түшүндүрмө таратып, орус президентинин сапары мамлекеттик макамга ээ болгондугуна байланыштуу Путинге "жогорку мартабалуу" деп кайрылуу протоколдун негизинде жазылганын билдирди.
Путин президенттик кызматты аркалап турганда Казакстанга 31 ирет, орус өкмөтүн жетектеп турганда үч жолу келди. Бул жагынан алганда Орусиянын лидери эң жакын союздашы Беларуска караганда да Астанага көп каттаптыр. Путин беларус жергесине 27 жолу барыптыр.
Казакстанда Путиндин келишине каршы чыккан активисттер административдик жоопко тартылганы саммит өтүп жаткан маалда белгилүү болду. Марат Жанузаков, Бауржан Балташев жана Уалихан Негметов «майда бейбаштык» үчүн айыпталып жатат. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына Марат Жанузаков аалымдады.
Анын айтымында, активисттер үйлөрүнүн жанында Казакстан жана Украинанын желектерин кармап үнсүз турушкан. Кийин аларды полицияга чакырып, кечки тогуздан түнкү үчкө чейин кармашкан. Сот 28-ноябрга белгиленди.
ЖКУ 1992-жылы эле негизделген жана Арменияны кошкондо курамында алты өлкө бар.
ЖККУнун келерки саммити 2025-жылы Кыргызстанда өтөт, уюмга эмдиги жылы расмий Бишкек төрагалык кылат. Уюмдун саммити бир жылда бир уюштурулат, адатта уюмга мүчө мамлекеттердин аскерлери биргелешкен машыгуулары болот.
Украинага урулган жапырт сокку
Астанада саммит өтүп жаткан чакта, 28-ноябрда Орусия Украинанын энергетикалык объектилерине жапырт сокку урду. Астанага келген орус президенти Владимир Путин муну украин тараптын Батыштын ракеталары менен Орусиянын аймагын бутага алып жатканына жооп деп мүнөздөдү.
Орусиянын аба соккулары тууралуу дээрлик тогуз саатка созулган эскертүү Киевдин далай тургундарын метро станцияларында баш калкалоого аргасыз кылды. Мындай эскертүүлөр бейшемби күнү Украинанын дээрлик бардык аймактарында жаңырды.
“Таңыбыз эскертүү келдиби деп телефонубузду текшерүүдөн башталат. Улуу кызымды мектепке алып барышым керек. Эскертүү келгенин көрөрүбүз менен метрого кирдик. Эмне деп ойломок элек? Ушунун баарынан тажап бүттүк”, - деди Киевдин метросунда аба чабуулдарынын аякташын күткөн жергиликтүү тургун Ольга Вайрих.
Украин бийлиги Орусия Киевден тышкары, Харьков, Одесса сыяктуу онго чукул аймактагы энергетикалык объектилерге жапырт сокку урганын, натыйжада көп жерде жарык өчүрүлгөнүн маалымдады.
Украинанын бир топ аймагында суук түшүп калган учурда болгон соккулардан жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
Соңку суткада Орусиянын аймагы да 20дан ашуун дрон чабуулуна туш болгону маалымдалды.
Мындай соккулар Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин лидерлери Астанадагы саммитке чогулган учурда болду. Анда Владимир Путин Орусия Украинага соңку эки күндөн бери “Калибр”, “Циркон” сыяктуу 100 ракеталык комплекстер, 460тан ашуун дрондор менен сокку урганын ырастады.
“Бүгүн түнү ушундай класстагы 90 ракета, 100 дронду колдонуу менен комплекстүү сокку урдук. 17 бута талкаланды. Алар аскердик объектилер, коргонуу өндүрүшүнө байланыштуу жайлар жана алардын ишин камсыздоочу системалар. Дагы бир жолу кайталайм. Бул соккулар америкалык ATACMS ракеталарынын Орусиянын аймагындагы токтобой жаткан чабуулдарына жооп иретинде урулду”, - деди Путин.
Ноябрдын ортосунда АКШ менен Улуу Британия Украинага ATACMS жана Storm Shadow ракеталык комплекси менен Орусиянын ичкери аймагына сокку урууга уруксат бергени белгилүү болгон.
Америка чыгарган ATACMS жана Британияда жасалган Storm Shadow ракеталары бутага жогорку тактык менен узак аралыктан сокку ура алат. Украина бул ракеталар менен Орусиянын чек аралаш аймактарын бутага алганы кабарланган.
Орусия жооп катары 21-ноябрда Украинанын Днепропетровск аймагына “Орешник” жаңы ракетасы менен сокку урган. Орус тарап орто аралыктагы бул ракета үндөн да тез уча аларын, өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү экенин маалымдаган.
Украинанын айланасындагы мындай соңку окуялар 27-ноябрда Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде да талкууланды
Украинанын БУУдагы туруктуу өкүлү Сергей Кислица Орусиянын соңку аракеттерин “шантаж” деп атады.
"Украина БУУнун бардык мүчөлөрүн, өзгөчө өзөктүк куралы бар өлкөлөрдү Орусиянын өзөктүк куралга байланыштуу күч менен жоопкерчиликсиз коркутуусун айыптоого чакырат. Путиндин алдыдагы кадамдары биздин реакциябыздын кубатына жана чечкиндүүлүгүнө жараша болот. Эгер анын шантажы ийгиликтүү болсо, оппоненттер алсыздыгын көрсөтсө, жаңы жана дагы катаал зомбулукка күбө болушубуз мүмкүн”, - деди Сергей Кислица.
Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын Европа, Борбор Азия жана Америка өлкөлөрү боюнча жардамчысы Мирослав Йенча Украинадагы согушта жаңы чыңалуу жаралганын эскертип, тараптарды согушту күчөтүүчү риторикадан карманууга чакырды.
Шерине