Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:14

Тоолуу Карабак: Ара жолдо калган армян качкындары


Тоолуу Карабактан качкан армяндар, 26-сентябрь 2023-жыл.
Тоолуу Карабактан качкан армяндар, 26-сентябрь 2023-жыл.

Туура бир жыл мурун Азербайжан Тоолуу Карабакты толук өз көзөмөлүнө алган. Жүз миңден ашуун этностук армян Арменияга жер которууга аргасыз болгон. Алардын көбү бир жылдан кийин деле арсар абалда күн кечиришүүдө. Карабакка болсо Азербайжандын жарандары отурукташа баштады.

Татевик Хачатрян бир жыл мурун Тоолуу Карабактагы там-ташына кайыл болуп жер которууга аргасыз болсо, Васила Мамедова 30 жыл мурун таштап кеткен үйүн кайтарып алууга үмүттөнүүдө.

2023-жылдын 19-сентябрында Азербайжан 1990-жылдары армян күчтөрүнө алдырып жиберген Тоолуу Карабакты кайра кайтаруу үчүн "антитеррордук операция" баштаган. 24 сааттын ичинде армяндардын Карабактагы де-факто жетекчилиги багынып, көп өтпөй аймактын калкынын дээрлик бардыгы, башкача айтканда, этностук армяндар качууга аргасыз болушкан. Алардын арасында журналист Хачатрян, анын күйөөсү жана кичинекей уулу болгон.

Бул Советтер Cоюзу тарагандан бери Карабактагы бир этностук топ толугу менен жер которууга аргасыз болгон экинчи учур эле. 1990-жылдары эки тараптын ортосундагы биринчи согушта армян күчтөрү жеңишке жетип, этностук азербайжандар Карабактан качып чыгышкан. Алардын арасында карапайым калк эң катуу кыргынга учураган Хожалы айылынын тургуну Мамедова жана анын үй-бүлөсү да бар эле.

Тоолуу Карабактан унаасы менен качкандар. Корнидзор айылы
Тоолуу Карабактан унаасы менен качкандар. Корнидзор айылы

Бир жылдан кийин Азербайжан өз карамагына өткөн аймактарды калыбына келтирүүгө жана калкты отурукташтырууга аракет кылууда. 1990-жылдардан бери Бакудан түндүктү көздөй 30 чакырымдай алыстыктагы Пиршаги деген конушта жашап келген Мамедова былтыркы чабуулдан кийин өкмөт каржылаган атайын сапардын алкагында Хожалыга барып келген.

"Мен Хожалыны ал жерде өлтүрүлгөн адамдардын арбагы асманда учуп жүргөн, арбактар шаары катары элестетчүмүн. Кайсы жерди казсаңыз элдин сөөктөрү чыгат, - дейт Василя Мамедова. - Бирок Хожалы шаарына бул ирет барганымда башкача таасир алдым. Анткени бир жыл ичинде көп жаңы имараттар курулуптур. Баары өзгөрүптүр".

Мамедова эмдиги жылы көчүп келем деген үмүттө турат.

Васила Мамедова
Васила Мамедова

Ал арада бир жыл мурда Тоолуу Карабактан Арменияга качкан этностук армяндар өз турмушун кайра калыбына келтирүүгө аракет кылууда. Хачатрян жана анын алты кишиден турган үй-бүлөсү Еревандын четинде, совет мезгилинен бери оңдоп-түзөөдөн өтпөгөн батирде жашайт. Ал армян өкмөтү качкындарды унутта калтырууга аракет кылып жатат деген ойдо.

"Ушул кайгылуу окуялардан кийин Арменияда бир күн да аза күтүү жарыяланган жок. Арцахты эскерүү же майрамдоо күнү да жок. Арцах Республикасынын тарыхына таандык бардык барактарды жабууга аракет жасалып жаткандай, - дейт Татевик Хачатрян (Тоолуу Карабакты армяндар Арцах деп аташат).

Тоолуу Карабакты калыбына келтирүү аракети

Кезинде Тоолуу Карабак автономиялуу облусу Советтик Азербайжандын карамагында турган. Бирок анын калкынын болжол менен 75% этностук армяндар болгон. Советтер Союзу ураганда бул аймак үчүн талаш башталып, Армения колдогон жикчилдер көзөмөлдү колго алууга жетишкен. Алар ошондой эле Тоолуу Карабактан тышкары Азербайжандын коңшулаш жети районуна көзөмөлүн орнотуп, 600 миңден ашык жергиликтүү калкты качууга аргасыз кылышкан.

Чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттерден майнап чыккан эмес. Армения менен Азербайжандын ортосундагы экинчи ири согуш 2020-жылдын күзүндө башталып, алты аптага созулган. Натыйжада Армения аймактын бир бөлүгүнөн жана анын тегерегиндеги жети райондон кол жууган. Тараптар жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү башташкан. Бирок 2023-жылы бул сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө ичи чыкпаган Азербайжан чабуулга өткөн. Бир күндүк аскердик операциянын жүрүшүндө Тоолуу Карабактын жетекчилиги толугу менен багынган. Жүз миңден ашуун этностук армяндар Арменияга жер которушкан.

Карабактан тышкары мурда армян күчтөрү көзөмөлдөп келген жети районду реконструкциялоо иши 2020-жылы эле башталган. Бирок 1990-жылдардан бери бул райондордогу шаар менен айылдар негизинен талкаланып, аймактын көп бөлүгүнө мина коюлгандыктан бул жараян создуккан. Ага салыштырмалуу Азербайжан 2023-жылы кайтарып алган Тоолуу Карабактын айылдары менен шаарларындагы инфраструктурага анчалык чоң зыян келген эмес. Андыктан Баку үчүн бир жыл ичинде Тоолуу Карабакты кайра калыбына келтирүү оңоюраак болду.

Жумушчулар жаңы Карабак университетинин ачылышына даярдыктардын алкагында мурдагы Арцах мамлекеттик университетинин имараттарындагы армян жазууларын алып салышкан. (Совет бийлигинин тушунда бул окуу жай Степанакерт мамлекеттик педагогикалык институту болгон). Ал эми мурдагы жикчил бийлик курган парламенттин имараты жана ардагерлер залы сыяктуу имараттар буздурулган.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев март айында Нооруз майрамын белгилөө үчүн аймакка барып, эки имараттын талкаланышын кубаттаган. "Бул жерде эми жикчилдердин изи жок, - деген Алиев. - Нооруз оту акыркы тазалоо иштерин жүргүзүп жатат".

Башка жайлар болсо жашыруун бузулду. Аймактагы маданий мурастарды документтештирген "Кавказ мурастарын коргоо" уюму изилдеп чыккан спутник сүрөттөрүнө ылайык, Суша шаарында (армянча Шуши) 19-кылымга таандык армян чиркөөсү талкаланган. Уюмдун айтымында, армяндардын башка мурастары да жок кылынган. Атап айтканда, Азербайжандын дымактуу жол куруу долбоорлоруна тоскоол болгон жайлар да түрттүрүлгөн.

Курулуш тез жүрүп жатканы менен Тоолуу Карабакка калк жай отурукташып жатат. Июлдун соңуна карата расмий маалыматтарга ылайык, Азербайжан 2020-жылдан бери кайтарып алган аймактарга сегиз миңге жакын мурдагы тургун кайтып келген. Расмий Бакунун маалыматы боюнча, алардын дээрлик бардыгы убагында Тоолуу Карабактан көчүп кетишкен. Дагы үч миңге жакын адам аймактын борбору Ханкендиге (армяндар Степанакерт дешет), анын ичинде Ханкенди университетинде иштөө үчүн көчүп барышты. Бул жогорку окуу жайда 1100 студент билим алат.

Васила Мамедова
Васила Мамедова

Васила Мамедованын кичи мекени Хожалы шаары 2023-жылы Азербайжанга өткөн, мурда азерилер жашаган саналуу аймактардын бири болгон. Июнда бул шаарга 50 үй-бүлө көчүп барган. Бийлик өкүлдөрү жыл аягына чейин 228 үй-бүлө туруктуу жашай баштарын айтып жатат.

Буга чейин шаарды калыбына келтирүү жараянында тургундардын каалоо-тилектери эске алынбаганы жана коррупциялык аракеттер орун алганы тууралуу маалыматтар чыккан. Алиев май айында Хожалыга жаңы көп кабаттуу турак жай комплексин элге көрсөтүү үчүн барган. Бирок Мамедова мурдагы айыл турмушуна кайткысы келет.

Анын уулу 2023-жылдын сентябрындагы чабуулдан көп өтпөй Хожалыга барып, алардын үйүнүн пайдубалы али урабай турганын көрүп келген. Бирок бир нече айдан кийин үй-бүлө кайра келгенде алардын үйү турган жер курулуш аянтчасына айланып, саналуу гана жаңгак дарактары калган.

"Мен буга ыраазы болгон жокмун жана өкмөттөн жер тамыбызды кайтарып берүүнү сурандым, - дейт ал. - Бирок бизге шаар өкмөттүн планы боюнча кайра курулуп жатканын жана алар бизге Хожалынын башка бөлүгүнөн ушундай эле аянттагы жер тилкесин бөлүп беришерин айтышты".

"Бийлик куруп жаткан нерсе кооз, бирок бизге бир тоок да кармоого болбойт", - дейт Василя Мамедова. - Биз Москвада жашаган жокпуз, Хожалыда, айылда жашачубуз".

Ал азыр турган Пиршагидеги короосун көрсөтүп: "Көрдүңөрбү, менин бул жерде канча тоогум бар, жумуртка сатып албайм. Тоокту союп жейбиз. Биз ал жерде да ушундай болушун каалайбыз, бирок буга шарт жок", - деп кошумчалады.

Качкындардын жашоосу

Былтыркы чабуулдан кийин 100 миңден ашуун армян Арменияга кире качкан. Качкындар Армениянын жалпы калкынын болжол менен 4% түзгөн. Алар тууган-туушкандарынын үйүнө, ижарага алынган батирлерге же качкындар үчүн жайларга жайгашышкан.

Бирок арадан бир жыл өтсө да, карабактык качкындардын кийинки тагдыры бүдөмүк. Өкмөт келерки жылдын башынан тарта качкындарга берген ижара субсидияларын кыскарта турганын жарыялады. Өкмөт качкындарга турак жай сатып алууга жардам берүү үчүн бир жолку төлөмдөрдү берүү программасын да ишке киргизген болчу. Бирок ал укук коргоо уюмдарынын сынына кабылган.

Татевик Хачатрян
Татевик Хачатрян

Тоолуу Карабак маселеси боюнча видео подкаст алып барган Хачатрян анын үй-бүлөсү бул программанын үчүнчү фазасына гана туура келерин, 2027-жылга чейин акча ала албай турганын айтат.

"Эл [өкмөткө] ишенимин таптакыр жоготту, акыры абал ушундай экенин кабыл алышты, - деди ал. - Ошондой эле адамдар миграцияга кетүүгө аргасыз болот. Анткени Тихорецкте [Орусияда] үйдү ижарага алуу Арменияга караганда арзаныраак болот".

Карабактан келген качкындар социалдык басымга да туш болууда. Жергиликтүүлөр арасында качкындар ансыз да ресурстары аз өлкөгө жүк болуп жатат деген ойлор жок эмес.

"Арцахтыктарга карата ачык-айкын дискриминация бар, - дейт Хачатрян. - Буга маалымат каражаттары, өкмөттүн "биз Арцахтын элине тигини-муну берип жатабыз" деген пропагандасы таасир этүүдө, бирок алар бизге эч нерсе бере элек".

10 миңдей карабактык качкын Армениядан чыкты, алардын көбү Орусияга кеткен. Бирок Хачатрян колдон келишинче Арменияда калууга аракеттенет. "Бул биздин мекенибиз", - дейт ал.

Качкындар жана башка көптөгөн армяндар өкмөттүн карабактык армяндардын өз үйлөрүнө кайтып кетүү укуктарын илгерилетүүгө кызыкдар эместигине нааразы.

Кошмо Штаттардын, Европанын жана Орусиянын расмий өкүлдөрү жаңжалды жөнгө салуу боюнча билдирүүлөрүндө армян калкынын Тоолуу Карабакка кайтып келүү укуктары бар экенин эскертишкен. Бирок Ереван өз билдирүүлөрүндө бул маселе ички саясий оппозициянын гана күн тартибинде экенин билдирген.

"Тоолуу Карабактын элин кайра кайтып келүү мүмкүнчүлүгүнө ынандырууга аракет кылгандардын баары Армениянын мойнуна жаңы саясий илмек байлаган, чыңалууну жаратууга аракет кылган авантюристтер", - деди бийликтеги "Жарандык келишим" партиясынын депутаты Артур Ованисян "Азаттыктын" армян кызматына берген маегинде.

"Армян өкмөтүнүн Карабактагы армяндардын кайтып келүү укугунан баш тартуусу Азербайжанды Тоолуу Карабакты, анын ичинде Ханкенди сыяктуу мурда армяндар отурукташкан аймактарды толугу менен отурукташтырууга өбөлгө түздү", - дейт Тоолуу Карабактын мурдагы де-факто өкмөтүнүн акыйкатчысы Гегам Степанян.

"Алар бул теманы толугу менен жаап салышты, эгер алар муну кылбаганда, бүгүн [азербайжандар] Степанакертте мынчалык тездик менен отурукташмак эмес жана Степанакерттин тургундарынын үйлөрүн басып алышмак эмес", - деди Степанян Armenia Today сайтына берген маегинде.

Белгисиз келечек

Армения өкмөтү бул теманы жабууга аракет кылганы менен качкындардын арасында талкуу токтой элек. Алгачкы күндөрү алардын айрымдары Армениядагы шарттар оор бойдон калса, Азербайжан бийлигине баш ийген Тоолуу Карабакка кайтып барууга аракет кылышарын айтышкан. Учурда мындай темада кеп кылгандар аз.

"Ушундай шартта Арцахта жашоого даярмын деп айта турган бир дагы армянды билбейм", - дейт Хачатрян.

Бирок узак мөөнөттүү келечекте ал жана башка армяндар саясий жана аскердик кырдаал кайрадан өзгөрөт деген пикирде.

"Келечектен эмнени күтөөрүбүздү, кандай геосаясий өзгөрүүлөр болушу мүмкүн экенин эч кимибиз билбейбиз. Балким, баары өзгөрүп, бүгүн мүмкүн эместей көрүнгөн нерсе эртең ишке ашып калаттыр, - дейт Хачатрян. - Балким бир күнү Арцах кайра армяндардыкы болуп калат. Жок дегенде ушуну кыялданып, балама айтып атам".

Ал эми Азербайжан мындай маанайды реваншисттик деп эсептейт жана армяндардын Тоолуу Карабакты кайра кайтарып алуу үмүтүн басууга аракет кылууда. Буга Арменияны Конституциясын өзгөртүүгө мажбурлоо аракеттери да кирет.

2023-жылдын сентябрына чейин Алиев "Тоолуу Карабакта жашаган армян жарандары калышы керек" деп айтканы менен, ал азыр жикчил жетекчиликтен башка армян калкы жөнүндө сөз кылуудан карманат.

Ошондой эле Тоолуу Карабакка кайтып барган азербайжандыктар арасында да мурдагы армян коңшуларынын кайтып келишине кызыкдар болгондору да аз.

Васила Мамедова
Васила Мамедова

Мамедова биринчи согушка чейин армяндар менен азербайжандардын ортосунда көптөгөн достук байланыштар болгонун айтат.

"Бирок азыр жок", - дейт ал.

Васила Мамедованын күйөөсү Рамил биринчи согушта, 1992-жылы каза болгон.

"Төрт балам атасыз калды, мен үй-жайсыз калдым, - дейт ал. - Алар менен кантип дос болом? Балким, убакыт бул маселени чечеттир. Билбейм. Бирок менин жүрөгүмдөгү так айыкпайт".

Авторлор: Ева Багдасариан, Жошуа Кучера, "Азаттыктын" Азербайжан кызматы
Которгон: Эльвира Будайчиева
XS
SM
MD
LG