Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:51

Молдова өкмөтүнө каршы басымды күчөткөн газ маселеси


Молдова.
Молдова.

1-январдан тартып Орусиянын жаратылыш газынын Украина аркылуу Батышка транзити токтошу бүтүндөй бир доордун аякташы болуп калды. Мындай шартта Молдова боюнча бир суроо жаралып турат.

Молдовадагы жагдай

Транзиттин токтошу Москва үчүн өзүнчө бир сокку, анткени Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачуу чечими Кремлдин Европанын көпчүлүк бөлүгүнө таасир этүү үчүн энергетика ресурстарын басым каражаты катары колдонуу мүмкүнчүлүгүн дээрлик жокко чыгарды.

Бирок Молдовада жагдай башкача. Талдоочулардын жана расмийлердин пикиринде, Орусия Украинанын жана Европа Биримдигине мүчө Румыниянын ортосунда жайгашкан, Кремль өз таасирин жана көзөмөлүн кайрадан күчөткүсү келип жаткан чакан мамлекет Молдованын батышчыл бийлигин алсыратуу максатында ага газ берүүнү чектеп жатат.

Ондогон жылдардан бери орус газына байланган, аны менен үйлөрүн жылытып, завод-фабрикаларын иштетип келген Молдова коңшусу Украина 2022-жылы Орусиянын кол салуусуна кабылгандан бери Европанын башка да көптөгөн өлкөлөрү сыяктуу өзүнүн энергия алуу булактарын кайра карап чыгуу саясатын жүргүзө баштаган. Андыктан Украина орус газын өз аймагы аркылуу транзит менен өткөрүүдөн баш тартып, Орусиянын мамлекеттик "Газпром" ишканасы менен келишимин токтоткондон улам жаралган таңкыстык азыркы тапта Молдовага анчалык оорчулук алып келген жок.

Ал эми Молдованын аймагындагы орусиячыл жикчил аймак, Днестр суусунун сол жана чыгыш жээгиндеги Приднестровьеде абал кыйла оорураак болууда. Аймак 1992-жылдан бери расмий Кишиневго баш ийбейт. 20 жылдан бери ал жерде Орусиянын 1,5 миңдей аскери кызмат өтөйт.

450 миңдей калкы бар Приднестровьенин тургундары газдын жоктугунан үйүн электр жабдыктары менен жылытууга мажбур болуп, үшүп калбоо аракетин көрүп жаткан чагы. Айрым расмий кызматкерлердин билдиришинче, бир нече ишканада өндүрүш процесси токтоп турат.

Нааразылык жаратуу аракети

Орусия мындай абал Молдова өкмөтү менен аталган аймактын бийлиги жана карапайым калкы ортосундагы мамиленин курчушуна алып келерине, ошол эле учурда жалпы өлкө аймагында баанын жогорулашына байланыштуу нааразылык чыгарына үмүттөнүп жаткан болушу ыктымал.

Молдованын Приднестровьеден тышкары аймагы электр энергиясынын 80 пайызын аталган жикчил аймакта жайгашкан, Орусиянын газы менен иштеген Курчуган электр станциясынан алчу. Азыр бул станция жарым-жартылай режимде тыштан ташылып келген көмүр менен иштеп жатат. Расмий Кишинев быйыл Румыниядан электр энергиясын импорттоо көлөмүн көбөйтүүнү көздөөдө.

Орусия эгер кааласа Молдовага газ жөнөтүүнү токтотпой деле кое алмак. Себеби анда газды Кара деңиздеги "Түрк агымы" кууру аркылуу жөнөтүү мүмкүнчүлүгү бар. "Газпром" 1-январдан тартып газды жаба турганы белгилүү болгондо молдовалык жетекчилер орус тарап "Түрк агымын" эмне себептен колдонгусу келбей жатканы таң каларлык экенин айтышкан.

"Орусия Украинага, Европага жана Молдовага басым кылууну кадимки оюнга айландырып алганы маалым эле. Бирок ал Приднестровьеге таштандыга жасалгандай мамиле кылып жатканы баарыбызды таң калдырууда. 30 жылдан бери орустарга ишеним артып келе жаткан бул аймакка карата азыркы кылганын эл эсинен чыгарбайт. Ал жактагылар азыр үшүп жатышат", — дейт Молдовада көп жыл иштеген дипломат, АКШнын бул республикадагы мурдагы элчиси Уильям Хилл.

Талдоочулардын пикиринде, азыркыдай маанай Приднестровьенин мамилесин Орусияга каршы жакка буруп, "тескери эффект" жаратышы да ыктымал.

Бирок Москва негизги күнөөкөр катары Молдованын бийлигин көрсөтүүгө болгон аракетин жасап жатат. Приднестровье бийлиги да ошого макул болуп, Кишиневдун генератор, гуманитардык жардам жана негизги медициналык каражаттар сыяктуу сунуштаган колдоосунан баш тартууда.

"Орусиянын мамлекеттик пропагандасы Молдованы жана анын бийлигин айыптаган, бул өлкөдө апокалипсис жаралышы ыктымалдыгы тууралуу билдирүүлөрүн газ транзитин токтотордон бир нече апта мурда эле тарата баштаган", — деп белгиледи "Европа саясий анализ борбору" уюмунун илимий кызматкери Мария Голубева.

Анын айтымында, мындай өңүттөгү үгүт иштери 1-январга жакындаганда күчөдү.

Орусия Молдовадагы абал үчүн Батышты күнөөлөп жатат. 2-январда орус Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова "орусиялык газдын токтотулушу үчүн жоопкерчилик толугу менен Кошмо Штаттарда, Киевдин "куурчак" режиминде жана Украинанын европалык колдоочуларында" экенин айтты.

Газ көйгөйү Молдовада саясий абал ансыз да чыңалып турган чакта жаралды. Батышчыл позициядагы президент Майя Санду былтыр ноябрда президенттик шайлоодо орусиячыл атаандашын жеңип, кийинки мөөнөткө шайланган. Ал Москва шайлоо жараянына "агрессивдүү түрдө кийлигишкенин" айтып чыккан. Евроинтеграцияны улантуу зарылдыгы тууралуу референдумда "ооба" деген жооп чет жакта жашаган молдовалыктардын добушу менен гана колдоо тапкан. Быйыл күзүндө бул өлкөдө парламенттк шайлоо өткөнү жатат.

Орусия өз максаттарын дал ошол парламенттик шайлоого байлап жатканын "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна курган маегинде Эл аралык мамилелер боюнча европалык кеңештин илимий кызматкери, GlobalFocus Center уюмунун директору Оана Попеску-Замфир белгиледи.

Адистин айтымында, Молдова газды европалык базардан алдын ала сатып ал алат, бирок анын наркы "Газпромго" төлөгөн баадан бир топ кымбат болот.

"Ошондуктан, менимче, орусиялык стратегиянын максаты - Молдованы бюджетиндеги каражатын жалпы экономикалык өнүгүүгө жумшагандын ордуна энергетикага коротууга мажбурлоо. Себеби ошондо шайлоо жакындаган сайын инфляция жогору болот, баалар жогорулайт", — деп кошумчалады ал.

Батыштын жетиштүү жардамы болбосо, адистин пикиринде, "бул тыкыр иштей турган стратегия".

Макаланын авторлору Steve Gutterman жана Mike Eckel

Шерине

XS
SM
MD
LG