Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:27

Bloomberg: Орусиянын газ транзити токтогондон кийин Евробиримдиктин запасы азаюуда


Орусия Украина аркылуу өткөн газ транзитин токтоткондон кийин Евробиримдикте көгүлтүр отундун запасы азайып жатканын Bloomberg жазып чыкты. Басылма мындай шартта Орусиянын энергетикалык ресурстарын колдонуп келген Борбордук Европанын бир катар өлкөлөрү газды башка жактан издөөгө аргасыз болушарын жазды.

Мунун алдында Financial Times Евробиримдик кыштын суук учурунда жана деңиз импортунун кыскарышына байланыштуу үч жыл мурдагы энергетикалык кризис маалынан бери биринчи жолу кампадагы газын тездик менен коротуп жатканын жазган.

Gas Infrastructure Europe тараткан маалыматка караганда, сентябрдын соңунан декабрдын ортосуна чейин Евробиримдиктин газ запасы болжол менен 19% кыскарган. Бир жыл мурунку ушул мөөнөттө запастын азайышы 10% жеткен эмес.

1-январдан тартып “Газпром” Украина аркылуу өтчү газ транзитин токтотту. Буга Украинанын "Нафтогаз" компаниясы менен беш жылдык келишимдин мөөнөтү аяктап, украин тарап кызматташууну узартпаганы себеп болгон. Мындай кадам улуттук коопсуздук максатында жасалганы украин тараптын билдирүүсүндө айтылат.

Орус президенти Владимир Путин Киевдин транзиттен баш тартканы Европа өлкөлөрүн арзан орус газынан куру калтырарын билдирген.

Орусиядан башталган газ түтүгү Украина аркылуу өтүп, бул келишимди узартууну украин тараптан талап кылган Словакиянын аймагына кирет. Словакиянын өкмөт башчысы Роберт Фицо газ транзититин токтошунан улам Евробиримдик жылына 60-70 миллиард евро чыгым тартарын айтты.

Словакия менен Австрия – орус газынын негизги импорттоочулары. Эксперттердин айтымында, эки өлкөнүн жер астындагы кампаларында эки-үч айга жете турган газ запасы бар. Бул өлкөлөргө Италиядан жана Германиядан кирген агым да кыскарышы мүмкүн экенин РБК басылмасы жазды.

Газ транзитинин токтошу эң көп Молдовага көйгөй жаратышы мүмкүн экенин аналитиктер белгилешүүдө. Ошол эле маалда Кишинев өлкөдө орус газы менен иштеген мамлекеттик райондук электр станцияларында өндүрүш азая баштаганда анын ордуна Румыниянын электр энергиясын ала баштады.

Молдовалык Energocom мамлекеттик компаниясы январда Румыния Молдованын электр энергияга болгон муктаждыгынын 62% чейин камсыздап бере турганын билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG