Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:58

Приднестровьеде газ жоктугунан ишканалардын иши дээрлик токтоду


Молдова.
Молдова.

Молдованын курамындагы жикчил Приднестровьеде газ жоктугунан дээрлик бардык өндүрүштүк ишканалардын иши токтоп калды. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, азык-түлүк ишканалары гана иштеп жатат.

Газ жеткирүү маселесин чечпесе, ишканалар ишин кайра баштоо мүмкүнчүлүгүн жоготуп алары айтылды.

Энергетикалык кризис Чыгыш Европага Украина аркылуу өткөн орус газынын транзити токтогондон кийин жаралды. Карызы көбөйүп кетти деген негизде Орусия Молдовага газ жеткирүүдөн баш тарткан.

"Би-Би-Си" радиосунун орус кызматы Приднестровьедеги “Тираспольтрансгаз” компаниясына таянып жаңы жылдын биринчи күнүндө дээрлик 75 миң үй газсыз калганын жазды. Бийликтин маалыматына ылайык, аймактагы 150 бала бакча жана 130 мектеп жылуулуксуз калган.

Приднестровье – Молдованын чыгыш жагындагы, көпчүлүк калкын орус тилдүүлөр түзгөн Кишинёвго баш ийбеген аймак. (KbA)

Шерине

XS
SM
MD
LG