Ушул эле күнү Лас-Вегастагы Trump International мейманканасынын алдында Тесланын Cybertruck автоуунасы жарылып, бир киши набыт болду. Полиция кандуу эки окуянын ортосунда байланыш бар-жогун иликтеп жатат.
Жаңы Орлеанда 1-январдын таңында болгон каргашада жараат алгандардын саны 35ке жетти. Калаанын борбордук бөлүгүндөгү Бурбон-стрит туристтик районунда жаңы жыл тосуу үчүн чогулгандарды машине тебелеп, кийин айдоочу сыртка чыга калып айланадагыларды аткылаган. Кылмышка шектүү ошол жердеги полиция менен атышууда окко учту.
"Күч коргоо органдарынын эки кызматкери жараат алып, жергиликтүү ооруканага жеткирилди. Шектүү 42 жаштагы Шамсуд-Дин-Жаббар - Техаста жашаган АКШнын жараны экени аныкталды. Ал "Форд" үлгүсүндөгү машинени ижарага алып айдап жүргөн болушу мүмкүн. Учурда ал кантип машинени алганын тактап жатабыз. Автоунаанын артынан “Ислам мамлекети” террордук тобунун желеги табылган. Учурда ФБР шектүүнүн террордук уюм менен потенциалдуу байланыштарын иликтеп жатат", - деди Федералдык иликтөө бюросунун өкүлү Алетеа Дункан. Ал полиция шектүүгө жардам бергендер бар деп санарын да кошумчалады.
Кылмышка шектүү ким болгон?
Шамсуд-Дин-Жаббар Техас штатындагы Бомонт шаарында туулуп-өскөн.
2007-2017-жылдары АКШ армиясында маалымат технологиялары батыгындагы адис катары кызмат өтөгөн.
2009-2010-жылдары Ооганстанда иш сапарында болгон.
Ал Жоржия штатындагы университетте билим алган. Жаббардын тааныштары аны токтоо адам деп мүнөздөшөт. Ал буга чейин бир нече жолу мыйзам бузганы маалым болду. 2002-жылы уурулук кылса, 2005-жылы документсиз машине айдап жүргөн маалда кармалган. Ал эми 2015-жылы мас болуп алып машине айдап мыйзам бузган.
Президент Жо Байден набыт болгондордун жакындарына көңүл айтты:
"Бул адам калаага карасанатайлык менен чабуул койсо дагы Жаңы Орлеандын демин эч качан өчүрө албайт. Шаар эч качан жеңилбейт, дайым жаркырап күйүп турат. Биз тарыхта андайга бир нече жолу күбө болгонбуз жана жакында кайрадан жаркырап турганын көрөбүз".
Байден Жаңы Орлеандагы теракттан бир нече саат өтпөй Лас-Вегаста болгон жардырууну комментарийлеп, эки окуянын ортосунда байланыш бар-жогун иликтөөнү тапшырды.
Лас-Вегаста жарылган Tesla Cybertruck
1-январда 64 кабаттуу Trump International Hotel мейманкасынын алдында Tesla Cybertruck электромобили жарылып, бир кишинин өмүрү кыйылды. Жети киши жараат алды. Машиненин айдоочусу ошол жерде көз жумган. Жарылуунун себеби азырынча аныктала элек. Федералдык иликтөө бюросу азырынча мунун башка окуяларга байланышы жок деп санайт.
Tesla Cybertruck эртең мененки саат сегиз жарымдарда мейманкананын эшигинин алдына токтогон. Алгач түтүн чыгып, андан соң машине жарылган. Маалыматка караганда, ичинде бензин куюлган челектер, фейерверктер, газ баллондор болгон.
Полициянын версияларынын бирине ылайык, күйүүчү май куюлган челектер детонаторго туташкан болушу мүмкүн. Кийин аны айдоочу ишке ашырган болушу ыктымал.
Шериф Кевин Макмахилл машине Колорадодо ижарага алынганын айтты. CNN телеканалы укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянып, машине бир саат мурда Trump International Hotel мейманканасын бир айланып өткөнүн маалымдады.
"Тесла" компаниясынын кожоюну жана негиздөөчүсү Илон Маск компания окуяны өз алдынча иликтей баштаганын билдирди. Ал бул кандуу окуяны терактка салыштырды.
Жаңы Орлеандагы терактты уюштурган Жаббар да, Лас-Вегаста жарылган машиненин айдоочусу дагы машинелерди Turo сайтынан ижарага алышкан.
Шерине