Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:25

АКШдагы президенттик шайлоодо оогандык жаран теракт жасоону көздөгөн


Качан тартылганы белгисиз бул видеодо "ИМ-Хорасан" тобунун негиздөөчү Хафиз Саид (ортодо) турганын көрүүгө болот. Ооган-пакистан чек арасы. 2015-жыл.
Качан тартылганы белгисиз бул видеодо "ИМ-Хорасан" тобунун негиздөөчү Хафиз Саид (ортодо) турганын көрүүгө болот. Ооган-пакистан чек арасы. 2015-жыл.

АКШнын Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) 5-ноябрда өтө турган президенттик шайлоодо "террордук чабуул" уюштурууну пландаган ооган жараны камакка алганын кабарлады. Бул аракет "Ислам мамлекети-Хорасан" террордук уюмунун Батыш үчүн коркунучу күчөп баратканын айгинелейт.

Кошмо Штаттардын Юстиция министрлиги 8-октябрда билдиргендей, Ооганстандын 27 жаштагы Насир Ахмад Тавхеди аттуу жараны "Ислам мамлекети-Хорасан" тобунун атынан АКШда террордук чабуул уюштурууну пландаган.

Өзүн "Ислам мамлекети- Хорасан" деп атаган, негизинен суннилерден турган экстремисттик топ соңку жылдары Орусия, Иран жана Тажикстанда да бир катар террордук чабуулдарды жасаган.

"Крокус Сити Холл" борбору кандуу кол салуудан кийин.
"Крокус Сити Холл" борбору кандуу кол салуудан кийин.

Ооганстандагы жана Пакистандагы согушкерлердин иш-аракетине байкоо салган швециялык изилдөөчү Абдул Сайед "Ислам мамлекети-Хорасан" аймак үчүн да, Батыш үчүн да коркунуч туудурарын” айтты.

"Ислам мамлекети-Хорасан" тобу Ооганстан менен эле чектелбейт. Ал глобалдык программа менен иштейт, аймактык жана эл аралык деңгээлде иштеген түйүнү бар", - деп кошумчалады Сайед.

Мизи кайтарылбаган күч

"Хорасан" 2014-жылы Ирак менен Сириянын ири аймактарын басып алган "Ислам мамлекети" (ИМ) экстремисттик тобунун эң активдүү жана кубаттуу канаты деп эсептелет. "Ислам мамлекети" экстремисттик тобун Жакынкы Чыгышта негизинен АКШ баштаган коалиция талкалаган.

"ИМ-Хорасан" экстремисттик уюму Ооганстанда 2014-жылдын аягында түптөлгөн жана "ИМ" тобунун Түштүк жана Борбор Азия боюнча таасирин кеңири жайылтуу максатында өлкөнүн чакан аймактарын ээлеп алган.

Бирок көп өтпөй ал ооган аскерлеринин жана эл аралык күчтөрдүн, ошондой эле атаандаш "Талибан" кыймылынын соккусуна кабылган.

Адистердин айтымында, 2021-жылы Ооганстандан америкалык аскерлер чыгарылып, Батыш колдогон ооган өкмөтү кулагандан кийин "Ислам мамлекети-Хорасандын" коркунучу күч алган.

Бийликти басып алган талибдер аталган радикал топко каршы ырайымсыз согуш жүргүзүп, анын негизги командирлерин жана жүздөгөн согушкерлерин өлтүрүп же туткунга алган. Деген менен "ИМ-Хорасан" ырайымсыз согуш стратегиясын кабыл алып, туруктуу күч бойдон калууда.

Топтун катары чет элдик, айрыкча Борбор Азиядагы мурдагы советтик өлкөлөрдөн барган согушкерлер менен толукталууда.

Хорасан - Ооганстандын, Пакистандын, Ирандын жана Борбор Азиянын айрым бөлүктөрүн камтыган тарыхый аймак деп эсептелет.

Жаңы согушкерлердин көбөйүшү дал ушул Хорасан деген атка конгон аймакта халифат же шариятка негизделген мамлекет курууну көздөгөн "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна Ооганстандагы чабуулдарын улантууга жана кандуу калабаларды уюштурууга мүмкүндүк берет.

Март айында "ИМ-Хорасандын" согушкерлери Москвадагы "Крокус Сити Холл" соода борборун басып алып, 140ка жакын адамды өлтүргөн. Бул окуя аталган экстремисттик топтун аймактагы коркунучун дагы бир жолу күн тартибине чыгарды.

Нааразылыкты пайдалануу

Эксперттер "ИМ-Хорасан" сыяктуу экстремисттик топтор Израил Газа тилкесинде кыйратуучу согушту баштагандан берки мусулмандар арасындагы нааразылыкты пайдаланууга аракет кылып атканын белгилешет.

Газадагы согуш туура бир жыл мурда АКШ менен Евробиримдик террордук деп жарыялаган ХАМАС радикал тобу Израилге кол салып, 1197 киши өлтүрүлүп, дагы 251и барымтага алып кеткенден кийин башталган.

Соңку апталарда Израилдин АКШ террордук уюм деп санаган "Хезболла" тобу (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) менен кармашы күчөдү.

Интернеттеги экстремизмге мониторинг жүргүзгөн, Бирикккен Улуттар Уюму колдогон Tech Against Terrorism долбоорунун талдоочусу Лукас Веббердин айтымында, "ИМ-Хорасан" тобу Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдан кийин Батышка каршы чабуулдарды жасоого үндөп келет.

"Топ күчтүү көп тилдүү пропаганда аппаратына ээ, - деди Веббер "Азаттыктын" ооган кызматы – "Азади" радиосуна берген маегинде. - Алар колдоо табуу жана зордук-зомбулукка жоочуларды мобилизациялоо үчүн ар кандай диаспораларга кайрылышат".

Веббердин айтымында, экстремисттик уюм жана ага жалданган күчтөр Европаны бутага алууда.

"Азыр биз Түндүк Америкада жана АКШда активдүүлүктүн жогорулаганын байкай баштадык", - дейт ал.

Макаланын авторлору Фруд Бежан жана Жакфар Ахмади.

XS
SM
MD
LG